Account
Государственная пограничная служба КР

Государственная пограничная служба КР

Официальный телеграм-канал ГПС КР. Главные события и новости

Username
@pogrankg
Category
News and media
Country
KyrgyzstanKyrgyzstan
Subscribers2,780+2 in 2 days
Avg views per post, 7d—last 7 days
ERR—

Subscribers, 30 days

Nov 23 – Nov 25+2 (+0.1%)

Show as table
DateSubscribers
Nov 23, 20262,778
Nov 24, 20262,782
Nov 25, 20262,780

Latest posts

#2341Text

Баткен облусунда кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесин инженердик жактан жабдуу иштери аяктады Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы Баткен облусундагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесин инженердик жактан жабдуу боюнча ири масштабдуу иштерди аяктады. 2025–2026-жылдары Баткен жана Лейлек райондорунда жалпы узундугу 327,7 чакырымдан ашык чек ара тосмолору орнотулуп, 338,5 чакырым талаа жолдору салынды. 2025-жылы Баткен жана Лейлек райондорунда 149,6 чакырымга жакын чек ара тосмолору орнотулган. Ал эми 2026-жылдын 2-мартынан 16-сентябрына чейин дагы 178,1 чакырым тосмо орнотулду. Ошону менен катар чек ара тилкелерине жетүүнү, өздүк курамдын жана техниканын эркин жүрүшүн камсыз кылуу үчүн талаа жолдорун салуу иштери жүргүзүлдү. 2025-жылы 171,2 чакырым, 2026-жылы дагы 167,4 чакырым жол салынды. Натыйжада алардын жалпы узундугу 338,5 чакырымды түздү. Мамлекеттик чек араны инженердик жактан жабдууда тосмолордун ар кандай түрлөрү колдонулду. Алардын конструкциялары жердин рельефине, табигый шарттарына жана мамлекеттик чек ара сызыгынын өтүү өзгөчөлүктөрүнө жараша тандалды. Иштер түздүктөрдө гана эмес, тоолуу, бийик тоолуу жана жетүүгө кыйын аймактарда да жүргүзүлдү. Айрым тилкелерде тик капталдар, татаал рельеф, курулуш материалдарын жана техниканы жеткирүүдөгү кыйынчылыктар иштин жүрүшүн кыйла татаалдаштырды. Инженердик иштерди аткарууга Мамлекеттик чек ара кызматынын аскер кызматчылары менен бирге Коргоо министрлигинин, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Ички иштер министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын тиешелүү бөлүктөрү да катышты. Мамлекеттик органдардын өз ара тыгыз жана ырааттуу кызматташуусунун натыйжасында чек аранын эң татаал жана жетүүгө кыйын тилкелеринде да ири масштабдуу инженердик иштерди аткарууга мүмкүн болду. Курулуштун бардык этаптарында орнотулган тосмолордун сапатына жана техникалык талаптардын сакталышына туруктуу көзөмөл жүргүзүлдү. Аткарылган иштердин жыйынтыгында бул маанилүү милдетти ишке ашырууга катышкан аскер кызматчылары жана мамлекеттик органдардын кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Президенти — Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы колбашчысы Садыр Нургожоевич Жапаровдун атынан сыйланышты. Муну менен алардын жогорку кесипкөйлүгү, ак ниет кызматы жана мамлекеттик чек араны бекемдөөгө кошкон салымы бааланды. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы, генерал-майор Данияр Сатимов төмөнкүлөрдү белгиледи: «Кыргыз Республикасынын Президенти — Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы колбашчысы Садыр Нургожоевич Жапаров тарабынан Баткен облусундагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесин инженердик жактан жабдуу боюнча коюлган милдет толук көлөмдө аткарылды. Бул жетишкендиктин артында татаал шарттарда, анын ичинде тоолуу жана жетүүгө кыйын аймактарда эмгектенген аскер кызматчыларынын жана бардык тартылган мамлекеттик органдардын кызматкерлеринин эбегейсиз зор эмгеги турат. Жүздөгөн чакырымга созулган чек ара тосмолору жана салынган жолдор — бул жөн гана ири масштабдуу курулуштун жыйынтыгы эмес. Бул мамлекетибиздин коопсуздугун чыңдоого, чек араны кайтаруунун ишенимдүүлүгүн жогорулатууга жана чек арага чектеш аймактардагы калктын тынч, туруктуу жашоосу үчүн шарттарды түзүүгө кошулган маанилүү салым». Мамлекеттик чек араны инженердик жактан жабдуу менен катар Мамлекеттик чек ара кызматын ар тараптуу чыңдоо иштери да улантылууда. Акыркы жылдары курал-жарактар, аскердик жана атайын техникалар, байланыш жана байкоо жүргүзүү каражаттары жаңыртылды. Заманбап чек ара заставалары курулуп, аскер кызматчыларынын кызмат өтөөсү, ошондой эле алардын жана үй-бүлө мүчөлөрүнүн социалдык-тиричилик шарттары жакшыртылууда. Жүргүзүлүп жаткан бул иштер мамлекеттик чек араны кайтаруунун ишенимдүүлүгүн жогорулатууга, өлкөнүн коопсуздугун бекемдөөгө жана чек арага чектеш аймактарда туруктуулукту камсыз кылууга багытталган.

Open in Telegram
Views1,190
Forwards—
Reactions5
Comments—
#2340Text

В Баткенской области завершено инженерное оборудование кыргызско-таджикского участка государственной границы   Государственная пограничная служба Кыргызской Республики завершила масштабные работы по инженерному оборудованию кыргызско-таджикского участка государственной границы в Баткенской области. В течение 2025–2026 гг. в Баткенском и Лейлекском районах установлено более 327,7 км пограничных ограждений, а также обустроено 338,5 км полевых дорог. В 2025 году установлено около 149,6 км ограждений в Баткенском и Лейлекском районах. В 2026 г. со 2 марта по 16 сентября установлено ещё 178,1 км ограждений. Одновременно проводились работы по обустройству полевых дорог, необходимых для обеспечения доступа к пограничным участкам, передвижения личного состава и техники. В 2025 г. оборудовано 171,2 км таких дорог, в 2026 году — ещё 167,4 км. Их общая протяжённость составила 338,5 км. При инженерном оборудовании государственной границы применялись различные виды ограждений. Выбор конструкций осуществлялся с учётом особенностей местности и условий прохождения линии государственной границы. Работы проводились как на равнинных территориях, так и в горных, высокогорных и труднодоступных районах. На отдельных участках строительство осложнялось крутыми склонами, сложным рельефом, трудностями доставки строительных материалов и техники. Наряду с военнослужащими Государственной пограничной службы в выполнении работ участвовали подразделения Министерства обороны, Министерства чрезвычайных ситуаций, Министерства внутренних дел и Государственной таможенной службы при Кабинете Министров Кыргызской Республики. Благодаря слаженному взаимодействию государственных органов удалось обеспечить проведение масштабных инженерных работ, в том числе на наиболее сложных и труднодоступных участках границы. На протяжении всего периода строительства осуществлялся контроль за качеством устанавливаемых ограждений и соблюдением технических требований. По итогам проведённых работ военнослужащие и сотрудники задействованных ведомств были награждены от имени Президента Кыргызской Республики — Главнокомандующего Вооружёнными Силами Кыргызской Республики С.Н. Жапарова. Таким образом были отмечены их профессионализм, добросовестная служба и вклад в укрепление государственной границы. Председатель Государственной пограничной службы Кыргызской Республики генерал-майор Данияр Сатимов подчеркнул: «Задача, поставленная Президентом Кыргызской Республики — Главнокомандующим Вооружёнными Силами Кыргызской Республики С.Н. Жапаровым по инженерному оборудованию кыргызско-таджикского участка государственной границы на территории Баткенской области, выполнена в полном объёме. За этим результатом стоит огромный труд военнослужащих и сотрудников всех задействованных государственных органов, которые работали в сложных условиях, в том числе в горной и труднодоступной местности. Сотни километров установленных ограждений и обустроенных дорог — это не просто результат масштабного строительства. Это важный вклад в укрепление безопасности государства, повышение надёжности охраны границы и создание условий для мирной и стабильной жизни населения приграничных районов». Наряду с инженерным оборудованием границы продолжается комплексное укрепление Государственной пограничной службы. За последние годы обновлены вооружение, военная и специальная техника, средства связи и наблюдения, строятся современные пограничные заставы, улучшаются условия несения службы и социально-бытового обеспечения военнослужащих и членов их семей. Проводимая работа направлена на повышение надёжности охраны государственной границы, укрепление безопасности страны и обеспечение стабильности в приграничных районах.

Open in Telegram
Views1,050
Forwards—
Reactions—
Comments—
#2337Text
Views1,800
Forwards—
Reactions3
Comments—
#2336Text

Ысык-Көлдө мамлекеттик чек араны кайтаруунун заманбап ыкмалары талкууланды   Бүгүн, 24-сентябрда Ысык-Көлдө Кыргыз Республикасынын, Казакстан Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын чек ара ведомстволорунун өкүлдөрүнүн аймактык жолугушуусу уланды. Жолугушуунун биринчи күнү 2026-жылдын сегиз айындагы кызматтык-аскердик иштин жыйынтыктарына жана мындан аркы кызматташууга арналса, экинчи күнү мамлекеттик чек арадагы практикалык иштерге басым жасалды. Атап айтканда, укуктук жөнгө салуу, өткөрүү пункттарында кызматты уюштуруу жана чек аранын татаал тилкелерин кайтаруу маселелери каралды. Жумушчу программанын алкагында үч тематикалык сессия өткөрүлдү. Кыргыз тарап Кытай Эл Республикасы менен мамлекеттик чек ара режими жөнүндө макулдашууну иштеп чыгуу жана макулдашуу боюнча тажрыйбасын бөлүштү. Казакстандык кесиптештер казак-кытай мамлекеттик чек арасындагы өткөрүү пункттарында кызматты уюштуруунун өзгөчөлүктөрү тууралуу маалымат беришти. Тажикстандын өкүлдөрү болсо тажик-афган мамлекеттик чек арасын кайтаруу жана чек ара режимин камсыз кылуу боюнча практикалык тажрыйбасы менен бөлүштү. Бул үч мамлекеттин чек араларында колдонулуп жаткан ар түрдүү ыкмаларды бир аянтчада талкуулоого жана практикалык тажрыйбаларды салыштырууга мүмкүнчүлүк берди. Үч тараптуу кызматташуу жолугушуулар жана тажрыйба алмашуу менен гана чектелбейт. 2026-жылдын июнь айында үч өлкөнүн чек ара ведомстволору КМШга катышуучу мамлекеттердин Чек ара аскерлеринин командирлеринин кеңешинин алкагында өткөрүлгөн «ДУСТЛИК — 2026» биргелешкен атайын чек ара операциясына катышкан. Учурда, 1-сентябрдан 15-октябрга чейин, Кыргызстандын, Казакстандын жана Тажикстандын чек арачылары өз ара аракеттенүүчү органдар менен биргеликте ШКУ мейкиндигинде өткөрүлүп жаткан «Солидарность — 2026» операциясынын иш-чараларына катышууда. Казакстан тарап менен мамлекеттик чек араны биргелешип кайтаруу иштери жүргүзүлүп келет. Кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде болсо инженердик жабдуу боюнча иштер аяктоо алдында турат. Практикалык өз ара аракеттенүүнүн мисалдарынын бири — инженердик иштерди жүргүзүүдө тажик тарап көрсөткөн көмөк. Тоолуу рельефтин татаалдыгынан улам айрым материалдарды кыргыз тараптан жеткирүү кыйын болгон. Ушуга байланыштуу инженердик тосмо үчүн каралган кыргыз тараптын мамыларынын бир бөлүгү Тажикстандын аймагы аркылуу жумуш жүрүп жаткан тилкеге жеткирилген. Бул жетүүгө кыйын болгон аймакта инженердик иштерди өз убагында улантууга шарт түздү. Мамлекеттик чек ара аркылуу өткөн адамдардын жана транспорт каражаттарынын саны чек ара кызматтарына жүктөлгөн милдеттердин масштабын да көрсөтөт. 2026-жылдын сегиз айында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы аркылуу эки багытта 26 миллиондон ашык адам жана 2,4 миллиондон ашык транспорт каражаты өткөрүлгөн. Анын ичинде кыргыз-казак мамлекеттик чек ара тилкеси аркылуу 8 075 758 адам жана 1 101 609 транспорт каражаты, ал эми кыргыз-тажик тилкеси аркылуу 389 442 адам жана 60 797 транспорт каражаты өткөн. Чек ара тилкелеринде жүргүнчүлөрдүн жана транспорттун агымы гана эмес, аныкталган укук бузуулардын мүнөзү да айырмаланат. Бул жагдай чек ара ведомстволорунун ортосунда практикалык тажрыйба алмашуунун маанисин дагы бир жолу көрсөтөт. Жолугушуунун жүрүшүндө мындан аркы кызматташуунун негизги багыттары да талкууланды. Алардын катарында укук бузуулар жана трансчек аралык кылмыштуулук жөнүндө маалымат алмашуу, мыйзамсыз миграцияга жана контрабандага каршы аракеттенүү, чек арадагы инциденттердин алдын алуу, ошондой эле мыйзамсыз иш-аракеттер болушу мүмкүн болгон багыттарда биргелешкен иш-чараларды өткөрүү бар.

Open in Telegram
Views1,430
Forwards—
Reactions2
Comments—

All posts

Connections