Account

Posts of OSHO

newest first

#5210Link preview
Views8,730−31%vs avg
Forwards—
Reactions—
Comments—
Views growthHide views growth

Views growth

Hours after publication

Show as table
Hours after publicationViews
0 h111
2 h2,450
4 h4,510
7 h8,730
  1. After 6 hours8,730
  2. Total to date8,730
#5209Link preview

🍽 КМШ өлкөлөрү мектеп окуучуларынын тамактануусу боюнча кызматташуу стратегиясын иштеп чыгат Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине (КМШ) мүчө өлкөлөр мектеп окуучуларын тамактандыруу жаатында кызматташуу стратегиясын иштеп чыгууну макулдашты. Бул чечим Дүйшөмбү шаарында өткөн КМШга мүчө мамлекеттердин билим берүү тармагындагы кызматташтык кеңешинин жыйынында кабыл алынган. Документте мектептердеги тамактануучу жайлардын материалдык-техникалык базасын жакшыртуу, өндүрүштүк жана логистикалык инфраструктураны өнүктүрүү, ошондой эле окуучуларды ысык тамак менен камсыздоо боюнча бирдиктүү ыкмаларды иштеп чыгуу каралат. Стратегияны даярдоо иштерин КМШнын окуучуларды тамактандыруу маселелери боюнча базалык уюму болуп саналган Россиянын Тамактануу өнөр жайы институту координациялайт. @kgosho Билип жаша!

Open in Telegram
Views7,640−40%vs avg
Forwards—
Reactions—
Comments—
Views growthHide views growth

Views growth

Hours after publication

Show as table
Hours after publicationViews
0 h0
1 h1,320
3 h3,670
6 h7,640
  1. After 1 hour1,320
  2. After 6 hours7,640
  3. Total to date7,640
#5208Link preview

🏦 Улуттук банктын 2026-жылдагы бардык пайдасын бюджетке которуу сунушу колдоо тапты Кыргызстанда Улуттук банктын 2026-жылдын жыйынтыгы боюнча алган пайдасын толугу менен республикалык бюджетке которуу сунушталууда. Тиешелүү конституциялык мыйзам долбоорун Министрлер кабинети мамлекеттик чыгымдарды, анын ичинде социалдык багыттагы иштерди каржылоо максатында иштеп чыккан. Жогорку Кеңештин Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитети мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды. Сунушка ылайык, Улуттук банктын быйылкы жылдагы пайдасынын 100 пайызы бюджетке которулат. Бул жерде сөз банктын капиталы же алтын-валюта резервдери жөнүндө эмес, 2026-жылдагы таза пайдасы тууралуу болуп жатат. Улуттук банктын өкүлдөрүнүн маалыматына караганда, жөнгө салуучу мекеменин тогуз айдагы пайдасы 57 миллиард сомду түзгөн. Белгилей кетсек, Улуттук банк өткөн жылы да өзүнүн пайдасын республикалык бюджетке которгон. Каржы министрлиги мындай тажрыйба Бюджеттик кодекске каршы келбей турганын билдирген. @kgosho Билип жаша!

Open in Telegram
Views8,820−30%vs avg
Forwards—
Reactions—
Comments—
Views growthHide views growth

Views growth

Hours after publication

Show as table
Hours after publicationViews
0 h169
4 h4,850
7 h8,820
  1. After 6 hours8,820
  2. Total to date8,820
#5207Link preview

⚖️ Кыргызстанда буллинг жана кибербуллинг үчүн кылмыш жоопкерчилигин киргизүү сунушталды Жогорку Кеңештин Сот-укуктук маселелер боюнча комитети буллинг жана кибербуллинг үчүн жоопкерчиликти күчөтүүнү караган мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды. Депутат Бурул Аманова сунуштаган өзгөртүүлөргө ылайык, бир адамды системалуу түрдө кемсинтүү, коркутуу, куугунтуктоо, коомдон обочолонтуу жана психологиялык басым көрсөтүү буллинг катары каралат. Ал эми интернет, социалдык тармактар жана мессенжерлер аркылуу жасалган куугунтуктоо кибербуллинг деп аныкталат. 📌 Сунушталып жаткан жазалар: • Буллинг үчүн — 50 миңден 100 миң сомго чейин айып пул же 1 жылдан 3 жылга чейин түзөтүү жумуштары. • Эгер жабырлануучу бала болсо, аракеттер топ менен же интернет аркылуу жасалса — 100 миңден 200 миң сомго чейин айып пул же 3 жылга чейин эркинен ажыратуу. • Буллинг ден соолукка анча оор эмес же оор залал келтирсе — 3 жылдан 7 жылга чейин эркинен ажыратуу. Мындан тышкары, кылмыш курамы жок буллинг үчүн 5,5 миң сом, кибербуллинг үчүн 7,5 миң сом айып пул салуу сунушталууда. Депутаттар кылмыш жоопкерчилигине тартуу жашын 14 жашка чейин төмөндөтүүнү да сунушташууда. Ошондой эле системалуу буллингдин натыйжасында адамды өз жанын кыюуга жеткирүү же ага түрткү берүү үчүн жоопкерчилик каралууда. Белгилей кетсек, бул өзгөртүүлөр азырынча мыйзам долбоору түрүндө гана сунушталып, комитетте биринчи окууда жактырылды. @kgosho Билип жаша!

Open in Telegram
Views8,070−36%vs avg
Forwards—
Reactions—
Comments—
Views growthHide views growth

Views growth

Hours after publication

Show as table
Hours after publicationViews
0 h0
1 h1,400
7 h8,070
  1. After 1 hour1,400
  2. After 6 hours8,070
  3. Total to date8,070
#5206Photo

📚 Бишкекте «Айтматов окуулары – 2026» эл аралык форуму өттүдө 24–25-ноябрь күндөрү Кыргыз-Россия Славян университетинде (КРСУ) «Айтматов окуулары – 2026» эл аралык илимий-практикалык форуму өтүп жатат. Иш-чараны Москва мамлекеттик лингвистикалык университети менен КРСУ Россиянын Илим жана жогорку билим берүү министрлигинин колдоосу менен уюштурууда. Форумдун ачылышында Россия президентинин стратегиялык өнөктөштүк жана кызматташтык боюнча башкармалыгынын башчысынын орун басары Антон Рыбаков, Россиянын илим жана жогорку билим берүү министринин орун басары Константин Могилевский, ошондой эле Россиянын Кыргызстандагы элчилигинин жана Россотрудничествонун өкүлдөрү катышуучуларга куттуктоо сөзүн жолдошту. 🌍 Форумга Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгына кызыккан ар кайсы өлкөлөрдүн окумуштуулары, жазуучулары жана окутуучулары чогулду. Анда ата-бабалардын мурасын сактоо, муундардын уланмалуулугу жана руханий-адеп-ахлактык баалуулуктарды өнүктүрүү маселелери талкууланат. 📖 Программада пленардык жыйын, үч тематикалык секция, Бишкек шаары боюнча таанышуучу экскурсия, «Маанилердин кырлары» аттуу ачык лекция жана «Айтматовду дүйнө тилдеринде окуйбуз» эл аралык медиа сынагынын финалдык этабы каралган. Белгилей кетсек, 2028-жылы Кыргызстан менен Россия улуу жазуучулардын юбилейлерин биргелешип белгилешет. Анда Чыңгыз Айтматовдун 100 жылдыгы жана Лев Толстойдун 200 жылдыгы белгиленет. @kgosho Билип жаша!

Open in Telegram
Views7,180−43%vs avg
Forwards—
Reactions—
Comments—
Views growthHide views growth

Views growth

Hours after publication

Show as table
Hours after publicationViews
0 h0
1 h615
2 h2,540
6 h7,180
  1. After 1 hour615
  2. After 6 hours7,180
  3. Total to date7,180
#5205Link preview

🇷🇺 Россияда эмгек мигранттары үчүн жаңы эрежелер киргизилет: алар кыргызстандыктарга тиешелүүбү? 2027-жылдын 1-январынан тарта Россияда патенттин негизинде иштеген чет өлкөлүк жарандардын эмгек ишмердүүлүгү тууралуу Ички иштер министрлигине (ИИМ) кабарлоо тартиби өзгөрөт. Жаңы эрежелер боюнча: • Эгер мигрант жеке адамга үй-тиричилик иштерин аткаруу үчүн иштесе, патент алган күндөн тартып эки айдын ичинде ИИМге өзү кабарлоого милдеттүү. • Эгер уюмда же жеке ишкерде иштесе, эмгек келишиминин түзүлгөнү же токтотулганы тууралуу ИИМге үч жумуш күнүнүн ичинде иш берүүчү билдирет. Мындай билдирүүлөрдү «Госуслуги» порталы аркылуу жөнөтүү сунушталууда. Эрежелерди бузган юридикалык жактарга 400 миңден 800 миң рублга чейин айып пул салынышы же ишмердүүлүгү 14 күндөн 90 күнгө чейин токтотулушу мүмкүн. Москва, Санкт-Петербург, Москва жана Ленинград облустарында айып пулдун өлчөмү 1 миллион рублга чейин жетет. 🇰🇬 Бул өзгөртүүлөр кыргызстандыктарга тиешелүүбү? Жок. Евразия экономикалык биримдиги (ЕАЭБ) жөнүндө келишимдин 97-беренесине ылайык, Кыргызстандын жарандарына Россияда иштөө үчүн патент же уруксат алуу талап кылынбайт. Ошондуктан патент менен иштеген мигранттарга карата киргизилип жаткан жаңы тартип кыргызстандыктарга жайылтылбайт. Бирок иш берүүчүлөр кыргызстандык кызматкерлер менен эмгек келишимин түзгөндө же аны токтоткондо үч жумуш күнүнүн ичинде Россиянын ИИМине кабарлоо милдетин мурдагыдай эле сактап калышат. @kgosho Билип жаша!

Open in Telegram
Views8,480−33%vs avg
Forwards—
Reactions—
Comments—
Views growthHide views growth

Views growth

Hours after publication

Show as table
Hours after publicationViews
0 h0
2 h1,920
3 h3,840
7 h8,480
  1. After 1 hour1,920
  2. After 6 hours8,480
  3. Total to date8,480
#5204Link preview

💳 Кыргызстанда 21 жашка чейинки жарандарга насыя берүүнү чектөө сунушталды Жогорку Кеңештин депутаты Уланбек Жаанбаев 21 жашка толо элек жарандарга насыя берүүнү чектөө мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштады. Бул маселе парламенттин Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында көтөрүлдү. Депутаттын маалыматына караганда, быйылкы жылдын тогуз айында керектөө насыяларынын көлөмү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 20 миллиард сомго көбөйгөн. Ал эми өлкөдө 2 миллиондон ашык адамдын насыясы бар. Уланбек Жаанбаевдин айтымында, 18–21 жаштагы жаштар бир нече банк жана микрофинансылык уюмдардан чакан насыяларды алып, карызга батып жатышат. Ал мисал катары беш-алты жерден насыя алып, банктарга 600 миң сом карыз болгон студенттин окуясын келтирди. Депутат насыяларды мобилдик тиркемелер аркылуу оңой тариздөө да бул көрүнүшкө таасир этип жатканын белгиледи. @kgosho Билип жаша!

Open in Telegram
Views5,030−60%vs avg
Forwards—
Reactions—
Comments—
Views growthHide views growth

Views growth

Hours after publication

Show as table
Hours after publicationViews
0 h0
1 h1,170
3 h3,130
4 h5,030
  1. After 1 hour1,170
  2. After 6 hours5,030
  3. Total to date5,030
#5203Link preview

📈 Президенттин Иш башкармалыгына караштуу мекемелердин кирешеси 29,9 пайызга өстү 2026-жылдын алгачкы тогуз айында Кыргызстандын Президентинин Иш башкармалыгына караштуу уюмдардын жалпы кирешеси 28 миллиард 30 миллион 708,3 миң сомду түздү. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 29,9 пайызга көп. Пландалган көрсөткүч 117,8 пайызга аткарылып, киреше белгиленген суммадан 4 миллиард 244 миллион 749,1 миң сомго ашкан. Бул маалымат Каныбек Туманбаевдин төрагалыгы алдында өткөн коллегиянын жыйынында айтылды. Анда 2026-жылдын тогуз айындагы финансылык көрсөткүчтөр каралды. Белгилей кетсек, быйыл Иш башкармалыгынын түзүмүнө дагы 10 мекеме кошулуп, карамагындагы уюмдардын жалпы саны 43кө жеткен. Жыйындын жүрүшүндө Каныбек Туманбаев санариптештирүү иштерин күчөтүүнү, заманбап технологияларды киргизүүнү жана «Түндүк» мобилдик тиркемесин мындан ары өркүндөтүүнү тапшырды. @kgosho Билип жаша!

Open in Telegram
Views4,260−66%vs avg
Forwards—
Reactions—
Comments—
Views growthHide views growth

Views growth

Hours after publication

Show as table
Hours after publicationViews
0 h359
2 h2,300
4 h4,260
  1. After 1 hour359
  2. Total to date4,260
#5202Link preview
Views7,450−41%vs avg
Forwards—
Reactions—
Comments—
Views growthHide views growth

Views growth

Hours after publication

Show as table
Hours after publicationViews
0 h0
1 h1,660
5 h5,540
6 h7,450
  1. After 1 hour1,660
  2. After 6 hours7,450
  3. Total to date7,450
#5201Video
Views14,900+18%vs avg
Forwards—
Reactions—
Comments—
Views growthHide views growth

Views growth

Hours after publication

Show as table
Hours after publicationViews
0 h0
11 h13,700
24 h14,900
  1. After 24 hours14,900
  2. Total to date14,900
#5200Link preview

🏛 Ош шаарындагы «Сулайман-Тоо» жана «Үңкүр музейи» убактылуу жабылды 2026-жылдын 23-ноябрынан тарта Ош шаарындагы «Сулайман-Тоо» жана «Үңкүр музейи» реконструкция иштерине байланыштуу убактылуу жабылды. Бул тууралуу Кыргызстандын Маданият министрлиги билдирди. Реконструкциянын биринчи этабы 21-ноябрда башталган. Комплекстин аймагына курулуш техникалары жеткирилип, подряддык уюмдар даярдык иштерине киришкен. Министрликтин маалыматына караганда, башкы имараттагы көргөзмө залы кадимки тартипте ишин улантат. ⚠️ Реконструкция тарыхый-маданий мурастарды коргоо талаптарын эске алуу менен жүргүзүлөт. ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастар тизмесине кирген Сулайман-Тоо тоосундагы бардык курулуш жана калыбына келтирүү иштери эстеликти сактоо талаптарына ылайык аткарылышы керек. Жабылган музейлердин качан кайра ачылары азырынча белгисиз. 💰 Сулайман-Тоону реконструкциялоого 12,5 миллион доллар каралган. @kgosho Билип жаша!

Open in Telegram
Views14,900+18%vs avg
Forwards—
Reactions—
Comments—
Views growthHide views growth

Views growth

Hours after publication

Show as table
Hours after publicationViews
0 h0
12 h14,600
25 h14,900
  1. After 24 hours14,900
  2. Total to date14,900
#5199Link preview

💼 Кыргызстанда инвесторлорго салык жеңилдиктерин берүү тартиби сунушталды Кыргызстанда Министрлер кабинети менен инвестициялык келишим түзгөн компанияларга салык жеңилдиктерин берүү тартибин бирдиктүү жөнгө салуу сунушталууда. Тиешелүү токтом долбоору 23-ноябрда коомдук талкууга чыгарылды. 📋 Жеңилдик алуу үчүн инвесторлор инвестициялык долбоорун, экономикалык негиздемесин, бюджеттин болжолдуу жоготууларын жана жумуш орундарын түзүү боюнча милдеттенмелерин көрсөтүшү керек. Мамлекеттик органдар долбоордун инвестициялык көлөмүн, экономикалык жана социалдык натыйжасын, экспорттук мүмкүнчүлүгүн жана бюджетке түшө турган кирешелерди баалашат. ⚠️ Инвестор келишимдеги милдеттенмелерин аткарбаса, мамлекет салык жеңилдиктерин токтотуу демилгесин көтөрө алат. Бирок жеңилдиктер автоматтык түрдө токтотулбайт, маселе белгиленген тартипте каралат. Компаниялар жыл сайын инвестициялары жана түзүлгөн жумуш орундары тууралуу отчет берип турушу керек. 📊 Улуттук инвестициялар агенттигинин маалыматына ылайык, Министрлер кабинети жалпы суммасы 2,8 миллиард долларды түзгөн 27 инвестициялык келишимге кол койгон. Мындан тышкары, агенттиктин реестринде жалпы баасы 22,8 миллиард долларлык 87 инвестициялык долбоор жана сунуш бар. @kgosho Билип жаша!

Open in Telegram
Views15,300+21%vs avg
Forwards—
Reactions—
Comments—
#5198Link preview

🇺🇳 ЕАЭБ менен БУУ транспорт жана энергетика тармагындагы кызматташтыкты кеңейтет БУУнун Азия жана Тынч океан боюнча экономикалык жана социалдык комиссиясынын (ЭСКАТО) транспорт министрлеринин 5-конференциясынын алкагында Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) энергетика жана инфраструктура боюнча коллегиясынын мүчөсү Арзыбек Кожошев ЭСКАТО уюмунун аткаруучу катчысы Армида Алишахбана менен жумушчу жолугушуу өткөрдү. Тараптар ЕЭК менен ЭСКАТО ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө жаңы меморандумду ишке ашыруунун алкагында кызматташуунун багыттарын аныкташты. Ошондой эле транспорт жана энергетика тармагында тажрыйба алмашууну, анын ичинде биргелешкен иш-чараларды өткөрүүнү активдештирүү боюнча макулдашышты. Жолугушууда азыркы шарттарда транспорт жана энергетика тармактарын өнүктүрүүнүн негизги маселелери да талкууланды. Арзыбек Кожошев ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин мыйзамдарын эл аралык нормаларга жана стандарттарга шайкеш келтирүүнүн маанисин белгиледи. Анын ичинде эл аралык ташууларды жеңилдетүүгө багытталган БУУнун макулдашуулары жана конвенцияларынын талаптарын эске алуу зарылдыгына көңүл бурду. @kgosho Билип жаша!

Open in Telegram
Views14,500+15%vs avg
Forwards—
Reactions—
Comments—
Views growthHide views growth

Views growth

Hours after publication

Show as table
Hours after publicationViews
0 h0
15 h14,500
24 h14,500
  1. After 24 hours14,500
  2. Total to date14,500
#5197Photo

🌍 Кыргызстанда «Географиялык диктант» акциясына 200дөн ашуун адам катышты Кыргызстанда 12-жолу өткөрүлгөн «Географиялык диктант» агартуу акциясы Бишкек, Ош, Кант, Каракол шаарларында жана Чүй облусунун Первомайский айылында уюштурулду. Иш-чарага 200дөн ашуун адам катышты. Катышуучулар Россиянын жаратылышы, шаарлары, белгилүү географ окумуштуулары, өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсү тууралуу 30 суроого жооп беришти. Акцияга Кыргызстан менен катар Россиянын жана дүйнөнүн дагы 120 өлкөсүнүн тургундары катышты. Диктантты жеринде жана онлайн жазууга мүмкүн болду. Бишкекте акция Касымалы Баялинов атындагы Республикалык балдар жана өспүрүмдөр китепканасындагы «Россия с вами» борборунда өттү. Ал эми Оштогу Орус үйүнүн аянтчасына географияга кызыккан жүздөн ашуун адам чогулду. Акциянын катышуучулары суроолор кызыктуу жана татаал болгонун белгилешти. Айрым жоопторду логиканын жардамы менен таап, кээ бирлерин суроолорго тиркелген сүрөттөр аркылуу аныкташкан. Эл аралык космос станциясынан акциянын катышуучуларына россиялык космонавттар Пётр Дубов, Анна Кикина жана Сергей Терещатников видео кайрылуу жолдошту. Диктанттын жыйынтыгын катышуучулар 2025-жылдын 21-декабрынан кийин dictant.rgo.ru сайтынан биле алышат. Акциянын уюштуруучусу — Россиянын Географиялык коому. @kgosho Билип жаша!

Open in Telegram
Views14,900+18%vs avg
Forwards—
Reactions—
Comments—
Views growthHide views growth

Views growth

Hours after publication

Show as table
Hours after publicationViews
0 h0
16 h14,900
25 h14,900
  1. After 24 hours14,900
  2. Total to date14,900
#5196Photo

🎤 Иранда ырчы Парсту Ахмадиге 74 жолу камчы чабуу жазасы берилди Ирандык белгилүү ырчы Парсту Ахмади жана анын музыкалык тобунун төрт мүчөсү коомдук адеп-ахлак нормаларын бузган деп айыпталып, ар бирине 74 жолудан камчы чабылган. Бул тууралуу BBC маалымдады. Жазага ырчынын хиджабсыз сахнага чыкканы себеп болгон. Окуя 2024-жылы Кум шаарында өткөн концертке байланыштуу. Ал концерт ырчынын YouTube каналында түз эфирде көрсөтүлүп, бийликтин көңүлүн бурган. 29 жаштагы Парсту Ахмади концертте ийиндери ачык көйнөк кийип, башын жаппай ырдаган. Иран мыйзамдары аялдардын коомдук жайларда ырдоосуна тыюу салып, хиджаб кийип, жабык кийинүүсүн талап кылат. 2026-жылдын июнь айында Кум шаарындагы кылмыш соту ырчыны жана дагы сегиз адамды «коомдук адеп-ахлакка шек келтирген» материалдарды жарыялаган деп күнөөлүү деп тапкан. Айыпталуучулар күнөөнү моюндарына алышкан эмес. Адвокаттардын маалыматына караганда, камчы чабуу эл алдында эмес, Кум шаарындагы жаза аткаруу башкармалыгынын мекемесинде жүргүзүлгөн. Мындан тышкары, соттолгондорго эки жыл бою видео жана аудио материалдарды жаздырууга, ошондой эле өлкөдөн чыгууга тыюу салынган. @kgosho Билип жаша!

Open in Telegram
Views16,100+27%vs avg
Forwards—
Reactions—
Comments—
Views growthHide views growth

Views growth

Hours after publication

Show as table
Hours after publicationViews
0 h0
17 h16,100
25 h16,100
  1. After 24 hours16,100
  2. Total to date16,100
#5195Link preview
Views14,400+14%vs avg
Forwards—
Reactions—
Comments—
Views growthHide views growth

Views growth

Hours after publication

Show as table
Hours after publicationViews
0 h0
18 h14,400
24 h14,400
  1. After 24 hours14,400
  2. Total to date14,400
#5194Link preview

🤖 Кыргызстанда мыйзам долбоорлорун текшерүүдө жасалма интеллект колдонулушу мүмкүн Кыргызстанда мыйзам долбоорлорундагы карама-каршылыктарды, юридикалык каталарды жана коррупциялык тобокелдиктерди аныктоо үчүн жасалма интеллектти (ЖИ) киргизүү сунушталууда. Бул демилге 2027–2030-жылдарга карата укуктук саясаттын концепциясынын долбоорунда камтылган. Документ коомдук талкууга чыгарылды. Сунушка ылайык, мыйзам долбоорун даярдоодон тартып кабыл алууга жана анын натыйжалуулугун баалоого чейинки бардык баскычтарды камтыган бирдиктүү санариптик система түзүлөт. Жасалма интеллект төмөнкү маселелерди аныктоого жардам берет: • мыйзамдардагы карама-каршылыктарды; • юридикалык-техникалык каталарды; • кыргыз жана орус тилдериндеги документтердин дал келбестигин; • типтүү коррупциялык тобокелдиктерди. Бирок автоматташтырылган текшерүүнүн жыйынтыгын атайын адистер ырасташы керек. Жасалма интеллект юридикалык экспертизаны жана кызмат адамдарынын жоопкерчилигин алмаштырбайт. Мындан тышкары, мыйзам долбоорун даярдоочулар үчүн «укуктук калькулятор» аттуу санариптик курал түзүү сунушталууда. Ал мамлекеттик органдын тиешелүү документти кабыл алууга укугу бар-жогун жана коомдук талкуу же кошумча экспертиза талап кылынабы — ошону аныктоого жардам берет. Ошондой эле мыйзам долбоорлорун даярдаган мамлекеттик кызматкерлер үчүн милдеттүү онлайн-курстар жана жыйынтыктоочу тестирлөө киргизүү каралууда. Эгер концепция бекитилсе, Министрлер кабинети эки айдын ичинде аны ишке ашыруу планын даярдашы керек. Жаңы концепция 2027–2030-жылдарга эсептелип, 2023–2026-жылдардагы укуктук саясат программасын алмаштырат. @kgosho Билип жаша!

Open in Telegram
Views16,200+28%vs avg
Forwards—
Reactions—
Comments—
Views growthHide views growth

Views growth

Hours after publication

Show as table
Hours after publicationViews
0 h0
19 h16,200
25 h16,200
  1. After 24 hours16,200
  2. Total to date16,200
#5193Link preview

⚖️ Кыргызстанда жарандардын кайрылууларын кароодо мыйзам бузган 254 кызматкер тартиптик жоопкерчиликке тартылды Башкы прокурор Малик Бектурганов президентке мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин жарандардын кайрылууларын кароо боюнча мыйзамдарды сакташы тууралуу текшерүүлөрдүн жыйынтыгын билдирди. Анын маалыматына караганда, быйыл жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн жүрүшүндө 478 мыйзам бузуу аныкталган. Аларды жоюу боюнча 212 сунуштама, 6 талап жана 1 эскертүү берилген. Ошондой эле 8 тартиптик жана укук бузуулар боюнча 63 өндүрүш башталган. Жыйынтыгында 254 кызматкер тартиптик жоопкерчиликке, дагы 56 кызматкер укук бузуулар үчүн жоопкерчиликке тартылган. Малик Бектургановдун айтымында, прокуратура органдары жарандардын кайрылууларын өздөрү кароо менен гана чектелбестен, башка мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин да мыйзам талаптарын аткарышын көзөмөлдөйт. Башкы прокурор президент мамлекеттик органдардын жарандардын арыз-даттанууларына болгон мамилесин түп-тамырынан өзгөртүү тапшырмасын бергенин белгиледи. Эми прокурорлор көйгөйлөрдү жеринде өз убагында чечүүгө, айрыкча көптөн бери чечилбей келе жаткан маселелерге өзгөчө көңүл бурушу керек. @kgosho Билип жаша!

Open in Telegram
Views14,700+16%vs avg
Forwards—
Reactions—
Comments—
Views growthHide views growth

Views growth

Hours after publication

Show as table
Hours after publicationViews
0 h0
20 h14,700
25 h14,700
  1. After 24 hours14,700
  2. Total to date14,700
#5192Link preview

⛽ Кыргызстанда АИ-95 бензининин тартыштыгы жаралышы мүмкүн деген кооптонуу айтылды Россиядагы мунайды кайра иштетүүчү заводдордо Украина дрондорунун соккуларынан кийин пландан тышкаркы оңдоо иштеринин жүргүзүлүшү Борбор Азия өлкөлөрүнө күйүүчү май жеткирүүнү кыскартышы мүмкүн. «Коммерсант» басылмасынын маалыматына караганда, Россиядан күйүүчү май импорттоого көз карандылыгы жогору болгон Кыргызстан менен Тажикстан тобокелдикке көбүрөөк дуушар. Бул өлкөлөрдүн импортунда россиялык күйүүчү майдын үлүшү 91 пайызга жетет. Баалар боюнча Argus агенттигинин маалыматына ылайык, кыргызстандык компаниялар ноябрь айында жеткирүү шарты менен АИ-92 бензининин бир тоннасын 1 050–1 080 доллардан сатып алышкан. Ал эми өлкөдөгү трейдерлердин бири кошумча сунушталган күйүүчү майды тоннасына 1 100–1 150 доллар деген баада сатып алуудан баш тарткан. Буга кампалардагы резервдердин жетиштүү болушу себеп болгон. @kgosho Билип жаша!

Open in Telegram
Views14,100+12%vs avg
Forwards—
Reactions—
Comments—
#5191Link preview

⚖️ Кыргызстанда аймактарда акысыз адвокаттык жардам алуу мүмкүнчүлүгү кеңейтилет Кыргызстанда мамлекет кепилдеген юридикалык жардам системасын кеңейтүү пландалууда. Аймактардын тургундары акысыз адвокаттык жардамды кылмыш иштеринен тышкары, жер талаштары жана кыймылсыз мүлк маселелери боюнча да ала алышы мүмкүн. Реформаны Президент Садыр Жапаровдун калк менен жолугушуулардын жыйынтыгында берген тапшырмасынын негизинде Юстиция министрлиги демилгелеп жатат. Өзгөртүүлөр төрт багытты камтыйт: 📌 Аймактарда координаторлор иштейт. Юридикалык жардам кызматынын кызматкерлери райондук жана облустук мамлекеттик администрациялардын имараттарына жайгаштырылат. Алар жарандарга кеңеш берип, арыздарды кабыл алып, акысыз адвокат дайындоо маселесин чечишет. 📌 Кызматкерлердин саны көбөйөт. Юридикалык жардам кызматынын штатын кеңейтип, аймактарга кошумча адистерди жөнөтүү пландалууда. 📌 Акысыз адвокаттык жардамдын чөйрөсү кеңейтилет. Жер талаштары жана кыймылсыз мүлккө байланыштуу маселелер боюнча да мамлекеттик каражаттын эсебинен адвокат берүү сунушталууда. 📌 Адвокаттардын акысы жогорулайт. Кылмыш, жарандык жана административдик иштер боюнча көрсөтүлгөн юридикалык жардам үчүн төлөмдөрдү көбөйтүү демилгеленүүдө. Юстиция министрлиги бул өзгөртүүлөр алыскы аймактардын тургундары үчүн акысыз юридикалык жардамды жеткиликтүү кылып, жарандардын укуктарын коргоонун сапатын жогорулатат деп күтөт. @kgosho Билип жаша!

Open in Telegram
Views15,000+19%vs avg
Forwards—
Reactions—
Comments—
#5190Link preview

🕌 Кыргызстанда 4,5 миңден ашык диний уюм жана объект катталган Кыргызстанда жалпы 4 миң 596 диний уюм жана диний багыттагы объект бар. Бул тууралуу Мамлекеттик дин иштери жана этностор аралык мамилелер агенттиги 24.kg басылмасына билдирген. Алардын ичинен 3 миң 883ү мечиттер. Өлкөдө ошондой эле: • 220 ислам диний окуу жайы; • 58 ислам диний уюму; • 42 ислам кайрымдуулук фонду иш алып барат. Мындан тышкары, 387 христиан диний уюму жана башка багыттагы алты уюм бар. Алардын арасында иудаизм жана буддизм боюнча бирден жамаат, ошондой эле бахаи дининин төрт жамааты катталган. Буга чейин Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы мечиттерди каттоодон өткөрүп, алардын жер тилкелерине жана имараттарына тиешелүү документтерди текшерип жатканын билдирген. Бул иштер диний объектилерди борбордук башкаруу органынын балансына өткөрүү боюнча мыйзамдык талаптарга байланыштуу жүргүзүлүүдө. @kgosho Билип жаша!

Open in Telegram
Views14,300+13%vs avg
Forwards—
Reactions—
Comments—
#5189Link preview

🇷🇺 2027-жылдан тарта Россияда кыргызстандык эмгек мигранттарына кирешесин тастыктоо талабы киргизилет 2027-жылдын 1-январынан тарта Россияда иштеген чет өлкөлүк жарандар, анын ичинде кыргызстандыктар өзүн жана багуусундагы үй-бүлө мүчөлөрүн камсыздай ала турган жетиштүү кирешеси бар экенин тастыктоого милдеттүү болот. Бул тууралуу Кыргызстандын Эмгек министрлигинин өкүлү Эркинбек Каримов «Биринчи радионун» эфиринде билдирди. Кирешенин өлчөмү Россиянын кайсы аймагында иштегенине жана кызматкердин багуусунда канча адам бар экенине жараша аныкталат. Мисалы, Москвада эмгекке жарамдуу адам үчүн жашоо минимуму 28 миң 940 рубль, ал эми бала үчүн 21 миң 903 рубль. Демек, бир баласын баккан кыргызстандык айына болжол менен 51 миң рубль, эки баласы бар болсо 73 миң рубль киреше табышы керек. ⚠️ Так сумма аймактагы жашоо минимумуна жана атайын коэффициентке жараша эсептелет. Жаңы талаптар көмүскө жумуштуулукту азайтуу максатын көздөйт. Ошондуктан мигранттарга эмгек келишимдерин туура тариздеп, анда чыныгы айлык акысы көрсөтүлгөнүн текшерүү сунушталууда. Жаңы эрежелер Россиянын 2026-жылдын 26-июлунда кабыл алынган №241-ФЗ федералдык мыйзамында каралган. Кирешелер тууралуу маалыматтар салык жана миграция органдарынын ортосундагы маалымат алмашуу аркылуу текшерилет. Кыргызстан ЕАЭБге мүчө болгонуна карабастан, талаптар өлкө жарандарына да тиешелүү. Кыргызстандыктар Россияда патентсиз иштөө укугун сактап калат. Бирок кирешеси жетишсиз деп табылса, эмгек келишими токтотулуп, өлкөдө жүрүү мөөнөтү кыскартылышы мүмкүн. Бул кесепеттер патент же иштөөгө уруксат талап кылынбаган чет өлкөлүк кызматкерлерге карата 2027-жылдын 1-мартынан тарта колдонула баштайт. @kgosho Билип жаша!

Open in Telegram
Views14,100+12%vs avg
Forwards—
Reactions—
Comments—
#5188Link preview

🌳 Ош шаарында бир тургунга туура келген жашыл аймактын көлөмү 1,4 чарчы метрге кыскарды Ош шаарында 2011–2024-жылдар аралыгында бир тургунга туура келген жашыл бак-дарактардын аянты 5,4 чарчы метрден 4 чарчы метрге чейин азайган. Бул маалымат Ош технологиялык университетинде өткөн «Туруктуу шаар — коопсуз чөйрө: экологиялык демилгелер жана инновациялык чечимдер» аттуу илимий-практикалык форумда айтылды. Форумда көп жылдык дарактардын абалы, урбанизациянын шаар экосистемасына тийгизген таасири жана жашыл аймактарды сактоо жолдору талкууланды. Ош технологиялык университетинин профессору Бакытбек Шамшиевдин айтымында, жашыл аянттардын кыскарышына шаардагы курулуш иштеринин күчөшү, жолдордун кеңейиши жана автоунаалардын санынын көбөйүшү себеп болууда. 2003 жана 2023-жылдардагы спутниктен тартылган сүрөттөрдү салыштыруу Насирдин Исанов атындагы скверде, студенттик шаарчада, «Туран» жана «Манас-Ата» кичи райондорунда, ошондой эле шаардын борбордук бөлүгүндө жашыл катмардын кыйла азайганын көрсөткөн. Изилдөөчүлөр дарактарды багуудагы бир катар көйгөйлөрдү да аныкташкан. Алардын катарына арыктардын бүтөлүшүнөн улам сугаруунун үзгүлтүккө учурашы, курулуш учурунда тамырлардын жабыркашы, бутактарды ашыкча кыркуу жана топурактын асфальт-бетон менен капталып, тыгыздалышы кирет. Мындай жагдайлар көп жылдык дарактарды алсыратып, аларды илдеттерге жана зыянкечтерге көбүрөөк чалдыктырууда. @kgosho Билип жаша!

Open in Telegram
Views13,900+10%vs avg
Forwards—
Reactions—
Comments—
#5187Link preview

💧 Өзбекстан Сибирь дарыяларынын суусун Борбор Азияга буруу долбоорун 100 миллиард долларга баалады Өзбекстанда Сибирь дарыяларынын суусун Борбор Азияга жеткирүү долбоорунун баасы болжол менен 100 миллиард долларга бааланды. Бирок өлкө азырынча мындай ири долбоорго караганда өзүнүн сугат системасын жаңылоо аркылуу сууну үнөмдөөнү пайдалуураак деп эсептейт. Бул тууралуу Gazeta.uz басылмасы Өзбекстандын суу чарба министри Шавкат Хамраевге шилтеме берүү менен жазды. Министрдин айтымында, Россиянын окумуштуулары Сибирден Борбор Азияга жыл сайын 5 миллиард куб метрге жакын суу жеткирүү мүмкүнчүлүгүн кайрадан талкуулап жатышат. Долбоордун болжолдуу баасы 100 миллиард долларды түзөт. Хамраев Өзбекстан суу үнөмдөөчү технологияларды киргизүү, сугат инфраструктурасын жаңылоо жана башка чаралар аркылуу буга чейин 11 миллиард куб метрге жакын сууну үнөмдөөгө жетишкенин билдирди. Бул иштерге кеткен жалпы чыгым болжол менен 5 миллиард долларды түзгөн. «Биз 11 миллиард куб метр сууну өзүбүз үнөмдөп жатабыз. Муну менен катар 100 миллиард доллар короткон жокпуз», — деген министр. Анын белгилешинче, Өзбекстан суу чарбасын модернизациялоого дагы 5–10 миллиард доллар инвестиция салса, башка аймактардан суу жеткирүүгө муктаж болбой туруп, суунун сарпталышын кошумча кыскарта алат. Ошол эле учурда министр узак мөөнөттүү келечекте өлкөгө кошумча суу булактарын издөө зарылдыгы жаралышы мүмкүн экенин четке каккан жок. Анын баамында, климаттын өзгөрүшү уланып, жаан-чачын азайып, трансчек аралык дарыялардын бассейндериндеги суу көлөмү кыскарса, мындай муктаждык 2050-жылга карата пайда болушу мүмкүн. Сибирь дарыяларынын суусун буруу долбоорунун азыркы варианты жабык түтүк системасы аркылуу суу ташууну карайт. Анын бир вариантында ар биринин узундугу болжол менен 2 100 чакырым болгон жети түтүк линиясын куруу сунушталган. Алгачкы этапта жылына 5,5 миллиард куб метрге жакын суу жеткирүү, кийинчерээк көлөмдү үч-төрт эсеге көбөйтүү пландалууда. Долбоорго баштапкы инвестиция катары кеминде 100 миллиард доллар талап кылынат. Жылдык эксплуатациялык чыгымдар 700 миллион доллардан 1,5 миллиард долларга чейин жетиши мүмкүн. Негизги объектилерди курууга кеминде 10 жыл керектелет. @kgosho Билип жаша!

Open in Telegram
Views14,500+15%vs avg
Forwards—
Reactions—
Comments—
#5186Link preview

🇷🇺🤝🇰🇬 Россиянын сенаторлору Бишкектеги Россия үйүнүн ишмердүүлүгү менен таанышты Россиянын Федерация Кеңешинин илим, билим берүү жана маданият боюнча комитетинин делегациясы Кыргызстанга иш сапары менен келди. Делегацияны комитеттин төрайымы Лилия Гумерова жетектеп жүрөт. Сенаторлор Бишкектеги Россия үйүнүн ишмердүүлүгү, билим берүү жана маданий долбоорлору менен таанышып, «Чет өлкөдөгү орус мугалими» долбоорунун катышуучулары менен жолугушту. Лилия Гумерованын айтымында, сапардын негизги максаты — эки өлкөнүн гуманитардык кызматташтыгын кеңейтүү, учурдагы долбоорлорду өнүктүрүү жана билим берүү тармагындагы мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча биргелешип иш алып баруу. Ал Кыргызстанда Россиянын окутуу тили орусча болгон тогуз мектеби курулуп жатканын белгилеп, алар 1-сентябрга чейин пайдаланууга берилет деген үмүтүн билдирди. Жолугушууга Бишкек, Нарын, Ош жана Каракол шаарларында иштеген 12 мугалим катышты. Алар орус тилин окутууну өнүктүрүү, педагогдорго усулдук колдоо көрсөтүү жана инженердик класстарды түзүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты. Иш-чаранын жүрүшүндө сенаторлор билим берүү мекемелерине китептерди тапшыруу акциясынын катышуучулары менен да жолугушту. Бишкектеги алты окуу жайдын педагогдоруна 1 миң нуска окуу жана көркөм адабият берилди. Делегациянын курамында комитеттин төрайымы Лилия Гумеровадан тышкары төрайымдын орун басары Елена Писарева жана комитеттин мүчөлөрү Александр Ходаев менен Игорь Мурог бар. @kgosho Билип жаша!

Open in Telegram
Views16,500+31%vs avg
Forwards—
Reactions—
Comments—
#5185Link preview
Views15,500+23%vs avg
Forwards—
Reactions—
Comments—
#5184Link preview

🌍 COP31 климаттык саммити жыйынтыктоочу макулдашуусуз аяктады Түркияда өткөн БУУнун климат боюнча COP31 конференциясынын катышуучулары климаттык макулдашууга келе алышкан жок. Негизги пикир келишпестик казылып алынуучу отунду пайдалануу маселесине байланыштуу болду. БУУнун жаңылыктар кызматынын маалыматына ылайык, бир катар өлкөлөр жыйынтыктоочу документтин долбооруна каршы чыгышты. Алар документ мурда кабыл алынган милдеттенмелерди алсыратарын жана климаттык кризистин масштабын эске албай турганын билдиришкен. БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш саммиттин жыйынтыгын артка кадам катары баалап, климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөштү тездетүүгө чакырды. Анын айтымында, дүйнөлүк температура рекорддук көрсөткүчтөрдү жаңылоону улантууда, климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттери күчөп, парник газдарынын бөлүнүп чыгышы кооптуу деңгээлде калууда. Ошол эле учурда дүйнө температуранын жогорулашын 1,5°C чегинде кармоо боюнча эл аралык максаттан ашып кетүү коркунучуна жакындап жатат. Гутерриш глобалдык жылуулуктун негизги себептеринин бири казылып алынуучу отун экенин белгилеп, таза энергияга өтүүнү жайлатпоого чакырды. Ошондой эле бул он жылдыкта зыяндуу газдардын бөлүнүп чыгышын кыйла кыскартуу, аялуу мамлекеттерге колдоону күчөтүү жана климатка ыңгайлашуу программаларын каржылоону көбөйтүү зарылдыгын айтты. COP31 БУУнун тарыхындагы эң узакка созулган климаттык саммит болду. Расмий аяктоо күнүнөн — 20-ноябрдан кийин сүйлөшүүлөр дагы эки күн уланды. БУУнун кийинки климаттык конференциясы Эфиопиянын Аддис-Абеба шаарында өтөт. Анда Антальяда чечилбей калган бир катар маселелер кайра каралат. @kgosho Билип жаша!

Open in Telegram
Views15,400+22%vs avg
Forwards—
Reactions—
Comments—
#5183Link preview

⛏️ «Кыргызалтын» ААКнын компаниялар тобунун тогуз айдагы таза кирешеси 33,2 миллиард сомго жетти 2026-жылдын тогуз айынын жыйынтыгы боюнча «Кыргызалтын» ААКнын компаниялар тобунун жалпы кирешеси 131 миллиард сомдон ашты. Ал эми таза пайдасы 82,3 миллиард сомдон көп болду. Бул тууралуу ишкана маалымдады. Акыркы беш жылда компаниянын таза кирешеси 90 миллиард сомдон, ал эми жалпы түшүмү 99 миллиард сомдон ашкан. Мамлекеттик бюджетке 6,8 миллиард сом салык төлөнүп, Социалдык фондго 662 миллион сом которулган. Компания акыркы беш жылдагы негизги өзгөрүүлөрдүн бири катары стратегиялык кен байлыктарды мамлекеттин кызыкчылыгына пайдаланууга багыттаганын белгиледи. Буга чейин жеке инвесторлордун карамагында болгон бир катар келечектүү кендер жана участоктор азыр мамлекеттин көзөмөлүндө өздөштүрүлүүдө. «Кумтөр Голд Компани» жана «Макмал Голд Компани» сыяктуу туунду ишканалар өндүрүштү өз күчү менен өнүктүрүп, өлкөнүн экономикасына салым кошууда. Тоголок, Үңкүр-Таш, Талды-Булак, Андаш жана башка кендер өнөр жайды өнүктүрүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр катары белгиленген. Компания геологиялык чалгындоо иштерин да өз күчү менен жүргүзө баштаган. Ошондой эле кыргыз алтынынын эл аралык рыноктогу позициясы бекемделип, ICBC Standard Bank, StoneX жана Citibank London сыяктуу ири финансылык өнөктөштөр менен кызматташтык кеңейүүдө. Акыркы беш жылда компания 12ден ашык автоматташтырылган маалыматтык системаны иштеп чыгып, өндүрүштүк жана башкаруу процесстерине киргизген. Кендерде жана өндүрүш объектилеринде күнү-түнү иштеген видеокөзөмөл системалары орнотулган. 2021-жылы «Кыргызалтындын» курамында жети филиал жана төрт биргелешкен ишкана болгон. Экономикалык жактан натыйжасыз беш филиал жоюлуп, башкаруу түзүмү оптималдаштырылган. Бүгүнкү күндө компания холдингдик башкаруу моделине өтүп, эки филиалды, 13 туунду жана беш биргелешкен ишкананы бириктирген. Мындан тышкары, компаниянын ишмердүүлүгү алтын казуу менен гана чектелбестен, логистика, курулуш, туризм жана жаңы инвестициялык долбоорлор багыттарын да камтый баштаган. @kgosho Билип жаша!

Open in Telegram
Views16,000+27%vs avg
Forwards—
Reactions—
Comments—
#5182Link preview

🛍️ Экономика министрлиги: Татьяна Кимге киргизилген санкциялар Кыргызстандагы Wildberries ишине таасир этпейт Европа Биримдиги 16-ноябрда Wildberries маркетплейсинин негиздөөчүсү Татьяна Кимди санкциялык тизмеге киргизген. Буга байланыштуу Кыргызстандын Экономика жана коммерция министрлиги чектөөлөр өлкөдөгү компаниянын ишине таасир этпей турганын билдирди. Министрликтин маалыматына караганда, санкциялар конкреттүү жеке адамга — Татьяна Кимге карата киргизилген. Ал эми Wildberries компаниясынын өзү Евробиримдиктин санкциялык тизмесине кирген эмес. Ошондуктан бул чектөөлөр кыргызстандык компаниялардын Wildberries менен иштешүүсүнө тоскоолдук жаратпайт. Евробиримдик санкцияларды киргизүү чечимин Wildberries Россиянын армиясын аскердик жана кош багыттагы товарлар менен камсыздоого көмөктөшөт деген жүйө менен түшүндүргөн. Ошондой эле маркетплейстин «ВТБ» банкы менен кызматташтыгы жана Россиянын бюджетине төлөгөн салыктары белгиленген. Министрлик Улуттук банк менен биргеликте санкциялык чектөөлөрдү кыйгап өтүүгө жол бербөө боюнча көзөмөлдү күчөткөнүн кошумчалады. Банктар кирген жана чыккан төлөмдөрдү, анын ичинде Wildberries менен жүргүзүлгөн эсептешүүлөрдү Евробиримдиктин санкциялык талаптарына шайкештиги боюнча текшерип турушат. Белгилей кетсек, Татьяна Ким Wildberries компаниясынын башкы директору кызматынан кеткен. Анын ордуна Алексей Куликов дайындалган. Ошол эле учурда Ким Wildberries жана Russ бириккен тобунун стратегиялык өнүгүүсү менен алектенүүнү улантат. @kgosho Билип жаша!

Open in Telegram
Views15,600+23%vs avg
Forwards—
Reactions—
Comments—