⛏️ «Кыргызалтын» ААКнын компаниялар тобунун тогуз айдагы таза кирешеси 33,2 миллиард сомго жетти
2026-жылдын тогуз айынын жыйынтыгы боюнча «Кыргызалтын» ААКнын компаниялар тобунун жалпы кирешеси 131 миллиард сомдон ашты. Ал эми таза пайдасы 82,3 миллиард сомдон көп болду. Бул тууралуу ишкана маалымдады.
Акыркы беш жылда компаниянын таза кирешеси 90 миллиард сомдон, ал эми жалпы түшүмү 99 миллиард сомдон ашкан.
Мамлекеттик бюджетке 6,8 миллиард сом салык төлөнүп, Социалдык фондго 662 миллион сом которулган.
Компания акыркы беш жылдагы негизги өзгөрүүлөрдүн бири катары стратегиялык кен байлыктарды мамлекеттин кызыкчылыгына пайдаланууга багыттаганын белгиледи. Буга чейин жеке инвесторлордун карамагында болгон бир катар келечектүү кендер жана участоктор азыр мамлекеттин көзөмөлүндө өздөштүрүлүүдө.
«Кумтөр Голд Компани» жана «Макмал Голд Компани» сыяктуу туунду ишканалар өндүрүштү өз күчү менен өнүктүрүп, өлкөнүн экономикасына салым кошууда.
Тоголок, Үңкүр-Таш, Талды-Булак, Андаш жана башка кендер өнөр жайды өнүктүрүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр катары белгиленген. Компания геологиялык чалгындоо иштерин да өз күчү менен жүргүзө баштаган.
Ошондой эле кыргыз алтынынын эл аралык рыноктогу позициясы бекемделип, ICBC Standard Bank, StoneX жана Citibank London сыяктуу ири финансылык өнөктөштөр менен кызматташтык кеңейүүдө.
Акыркы беш жылда компания 12ден ашык автоматташтырылган маалыматтык системаны иштеп чыгып, өндүрүштүк жана башкаруу процесстерине киргизген. Кендерде жана өндүрүш объектилеринде күнү-түнү иштеген видеокөзөмөл системалары орнотулган.
2021-жылы «Кыргызалтындын» курамында жети филиал жана төрт биргелешкен ишкана болгон. Экономикалык жактан натыйжасыз беш филиал жоюлуп, башкаруу түзүмү оптималдаштырылган.
Бүгүнкү күндө компания холдингдик башкаруу моделине өтүп, эки филиалды, 13 туунду жана беш биргелешкен ишкананы бириктирген.
Мындан тышкары, компаниянын ишмердүүлүгү алтын казуу менен гана чектелбестен, логистика, курулуш, туризм жана жаңы инвестициялык долбоорлор багыттарын да камтый баштаган.
@kgosho Билип жаша!