Account

Posts of ИСЛАМ ТААНУУ

newest first

#2068Text
Views1,080+39%vs avg
Forwards—
Reactions23
Comments—
#2067Text
Views965+24%vs avg
Forwards—
Reactions12
Comments—
#2059Audio
Views1,430+84%vs avg
Forwards—
Reactions5
Comments—
#2048Text

Залкар аалым шейх Усеймин, Аллах аны Өз ырайымына алсын, айтат: Азыркы учурда адамдардын эң негизги максаты дүйнөдө жыргал жана комфорттуу жашоого умтулуу болуп калды. Бирок бул комфорт адамды бузуп коюшу мүмкүн экенин билбеши мүмкүн. Эгерде адам денесинин ыңгайлуулугуна, тамак-ашына, кийим-кечесине жана жашоосунун жыргалына көп көңүл бурса, жүрөгүн оңдоого жана аны ыйман, такыбалык менен көрктөндүрүүгө көңүл бурбай калат. Ошентип, анын эң чоң максаты — бир күнү топуракка айланып, курт-кумурскалар жей турган денесин гана жыргатуу болуп калат. Мына ушул — чоң балээ. Бүгүнкү күндө адамдардын көбүнө зыян берип жаткан нерсе да ушул. Көп адамдардын эң көп ойлогону: «Үйүбүз кандай? Унаабыз кандай? Эмеректерибиз кандай? Эмне жейбиз?» деген сыяктуу дүйнөлүк нерселер болуп калды. Адам өзүнүн эмне үчүн жаратылганын жана алдыда турган улуу максатын унутуп калгандай. Чындыгында, бул дүйнө жана андагы жыргалчылыктар — өзүбүздүн акыркы максатыбыз эмес. Алар акыретке даярданууга жардам бере турган гана каражат, себеп болушу керек. Аллахтан бул дүйнөнү бизге да, силерге да акыретке жетүү үчүн туура пайдаланылган каражат кылуусун сурайбыз. t.me/islamtaanuu Башкалар менен бөлүшүп, соопко ортоктош болуңуз.

Open in Telegram
Views1,720+121%vs avg
Forwards—
Reactions27
Comments—
#2047Text

Арыз-муңду адамдарга эмес, Аллахка гана айтуу Чындыгында, макулуктарга арыздануу сабырдын толуктугуна каршы келет. Анткени анда макулуктан болгон үмүт кылуу бар. Ошондой эле анда Аллахтын тагдырына болгон нааразылыктын белгиси бар. Ошондуктан пенде арыз-муңун жалгыз Аллахка гана айтышы керек. Якуб (алейхиссалам): “Мен кайгым менен муңумду Аллахка гана арызданам”, — деген. Демек, Аллахка арыздануу көркөм сабырдуулукка каршы келбейт. Тескерисинче бул ишенимдин тууралыгы жана ыймандын толуктугуна далалат кылат. Муса (алейхиссалам): “Ал: «Оо, Аллахым! Сага гана мактоо болсун. Арыз-муңумду Сага гана айтам. Сенден гана жардам сурайм, Сенден гана жардам күтөм жана Сага гана таянам», — деп айтчу”, Ибн аль-Жаузий айтты: «Алгачкы муундагы солих адамдар адамдарга арызданууну жактырышчу эмес. Арызданууда адам үчүн кандайдыр бир жеңилдик болгону менен, ал алсыздыкка жана төмөндүккө далил болот. Ал эми ага сабыр кылып, башкаларга арызданбоо — күчтүүлүккө жана кадыр-баркка далил», — дешкен. 👉 t.me/islamtaanuu Башкалар менен бөлүшүп, соопко ортоктош болуңуз.

Open in Telegram
Views1,330+71%vs avg
Forwards—
Reactions14
Comments—
#2046Text

Уктаар алдында айтылуучу дуба Аль-Бара ибн Азиб айтат: Аллахтын Элчиси ﷺ О баланча «Эгер төшөгүңө жатканыңда, намаз үчүн алгандай даарат ал. Андан соң оң капталың мене жат да, мындай деп айт! اللَّهُمَّ أَسْلَمْتُ نَفْسِي إِلَيْكَ، وَوَجَّهْتُ وَجْهِي إِلَيْكَ، وَفَوَّضْتُ أَمْرِي إِلَيْكَ ؛ وَأَلْجَأْتُ ظَهْرِي إِلَيْكَ، رَغْبَةً، وَرَهْبَةً إِلَيْكَ، لَا مَلْجَأَ وَلَا مَنْجَى مِنْكَ إِلَّا إِلَيْكَ آمَنْتُ بِكِتَابِكَ الَّذِي أَنْزَلْتَ وَبِنَبِيِّكَ الَّذِي أَرْسَلْتَ ". Аллахумма асламту нафсии илайка, уа уажжахту уажхи илайка, уа фаууадту амри илайка, уа алжаъту зохри илайка, рогбатан уа рохбатан илайка, лаа малжа-а уа лаа манжаа минка илла илайка. Ааманту би-китабикаллазии анзалта уа би-набиййикаллазии арсалта. “Оо, Аллахым! Өзүмдү Сага тапшырдым. Жүзүмдү Сага бурдум. Ишимди Сага тапшырдым. Өзүңө таяндым. Бул — Сенден үмүт кылып жана Сенден коркконум үчүн. Сенден башка баш калкалай турган жай да, кутула турган жер да жок. Сенин Өзүңө гана баш калкалайм. Сен түшүргөн Китебиңе жана Сен жиберген Пайгамбарыңа ыйман келтирдим”, — деп айт. Эгер ошол түнү каза болсоң, фитратта (таухиддтин үстүндө) өткөн болосуң. Ал эми таң аттырсаң, жакшылыктын үстүндө таң аттырасың. Бухари 6311 Муслим 2710 👉 t.me/islamtaanuu Башкалар менен бөлүшүп, соопко ортоктош болуңуз.

Open in Telegram
Views1,170+50%vs avg
Forwards—
Reactions14
Comments—
#2043Text

Үйдөн чыкканда айтылуучу экинчи дуба Умму Салама энебизден (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылынат: Пайгамбар ﷺ үйүнөн чыкканда мындай деп айтчу: اللَّهُمَّ أَعُوذُ بِكَ أَنْ أَضِلَّ أَوْ أُضَلَّ، أَوْ أَزِلَّ أَوْ أُزَلَّ، أَوْ أَظْلِمَ أَوْ أُظْلَمَ، أَوْ أَجْهَلَ أَوْ يُجْهَلَ عَلَيَّ. Аллоохумма а‘уузу бика ан адилла, ау удолла, ау азилла, ау узолла, ау азлима, ау узлома, ау ажхала, ау южхала ‘алаййа. «Оо, Аллахым! Туура жолдон адашып кетүүдөн же башка бирөөнүн мени адаштырышынан, чалынып, жаңылып, күнөөгө түшүп калуудан же башка бирөөнүн мени жаңылыштыкка түшүрүшүнөн, өзүмө же башка бирөөгө зулумдук кылуудан же башка бирөөнүн мага зулумдук кылышынан, билбестик менен башкага зыян келтирүүдөн же башка бирөөнүн мага билбестик менен зыян келтиришинен Сенден коргоо сураймын». Абу Дауд, 5094; Тирмизий, 3427. Ибн ал-Каййим жана шейх Албани сахих деген. Шейх Ибн Баз رحمه الله: Үйдөн чыкканда «Бисмиллаахи, тауа‌ккалту ‘алаллаахи, уа лаа хаула уа лаа кууата иллаа биллаахи» деп айтылат. Андан кийин Умму Салама энебиз риваят кылган ушул дуба айтылат" деген.

Open in Telegram
Views1,330+71%vs avg
Forwards—
Reactions18
Comments—
#2017Photo

Абдуллах ибн Аббас (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Аллахтын Элчиси ﷺ Мадина шаарына келгенде яхудийлердин Мухаррам айынын онунчу күнү болгон Ашура күнү орозо кармап жатканын көрдү. Анан алардан: "Бул кандай күн?" — деп сурады. Алар: "Бул улуу күн. Бул күнү Аллах Муса пайгамбарды жана анын коомун Фиръаундан куткарып, Фиръаунду жана анын коомун сууга чөктүргөн. Ошондуктан Муса пайгамбар Аллахка шүгүр кылып орозо кармаган", — дешти. Ошондо Аллахтын Элчиси ﷺ: "Биз Мусага силерден да жакыныраакпыз", — деп айтты да, өзү орозо кармады жана мусулмандарга да ушул күнү орозо кармоону буйруду. Бухари (2004), Муслим (1130). Ашура орозосун кармоодо яхудийлерге окшошпоо үчүн төмөнкү тартип менен кармоо сунушталат: Биринчи даражасы: Эң толук жана эң жакшысы мухаррам айынын 9, 10 жана 11-күндөрүн орозо кармоо. Бул үч күндү орозо тутуу менен Ашура орозосунун сообу алынат, яхудийлерден айырмалануу ишке ашат жана ай сайын үч күн орозо кармоонун сообуна да жетет. Экинчи даражасы: 9-жана 10-күндөрдү орозо кармоо. Бул Аллахтын Элчиси ﷺдин сөзүнө жана ниетине ылайык келгендиктен эң жакшы жана эң этияттуу түрү болуп эсептелет. Үчүнчү даражасы: 10-жана 11-күндөрдү орозо кармоо. Бул дагы яхудийлерден айырмалануу сүннөтүн ишке ашырат. Айрыкча 9-күнү орозо кармай албай калган адам үчүн жакшы амал. Төртүнчү даражасы: 10-күндү гана орозо кармоо. Бул уруксат берилген. Бирок ага бир күн мурунку же бир күн кийинки күндү кошуп кармоо жакшы. Быйыл 25-июнь (бейшемби) — Мухаррамдын 10- күнү (Ашура) 🖋Талас Артыкбаев 👉 t.me/islamtaanuu Башкалар менен бөлүшүп, соопко ортоктош болуңуз

Open in Telegram
Views4,840+522%vs avg
Forwards—
Reactions13
Comments—
#2016Text

Мухаррам айынын артыкчылыгы жана анда орозо кармоонун сообу Аллах Таала айлардын же күндөрдүн арасынан кээ бирин башкасынан артык кылып койгон. Ошол улуу айлардын бири — Мухаррам айы. Аллахтын Элчиси ﷺ: «Рамазандан кийинки эле эң жакшы орозо — Аллахтын айы болгон Мухаррам айындагы орозо», — деп айткан. 📚 Муслим (1163). Ошондуктан бул айда орозо кармоону көбөйтүү — мустахаб амалдардан болуп эсептелет. Мүмкүн болушунча орозону көбөйтүү керек. Жада калса кээ бир аалымдар бул айда толук орозо кармоо уруксат деп да айтышкан. Өзгөчө ушул айдын эң маанилүү күнү болгон Ашура — онунчу күн. Бул күнгө өзгөчө көңүл буруп, орозо тутуу керек. Ушул күн менен кошо тогузунчу күндү же он биринчи күндү кошуп орозо тутууну унутуп жиберип албаңыздар. Себеби, Абу Катада Аллах андан ыраазы болсун риваят кылган хадисте: Аллахтын Элчиси ﷺ айтты: "Ашура күнүндөгү орозо үчүн Аллах өткөн бир жылдын күнөөлөрүн кечирет деп үмүт кыламын". деген. 📚 Муслим (1162). Эмне себептен орозо кармайбыз  жана ага далил барбы? Абдуллах ибн Аббас (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Аллахтын Элчиси ﷺ Мадина шаарына келгенде яхудийлердин Мухаррам айынын онунчу күнү болгон Ашура күнү орозо кармап жатканын көрдү. Анан алардан: "Бул кандай күн?" — деп сурады. Алар: "Бул улуу күн. Бул күнү Аллах Муса пайгамбарды жана анын коомун Фиръаундан куткарып, Фиръаунду жана анын коомун сууга чөктүргөн. Ошондуктан Муса пайгамбар Аллахка шүгүр кылып орозо кармаган", — дешти. Ошондо Аллахтын Элчиси ﷺ: "Биз Мусага силерден да жакыныраакпыз", — деп айтты да, өзү орозо кармады жана мусулмандарга да ушул күнү орозо кармоону буйруду. 📚 Бухари (2004), Муслим (1130). Абуу Катада (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылат: Аллахтын Элчиси ﷺ айтты: "Ашура күнүндөгү орозо үчүн Аллах өткөн бир жылдын күнөөлөрүн кечирет деп үмүт кыламын". 📚 Муслим (1162). Абу Хурайрадан риваят: Аллахтын Элчиси ﷺ айтты: "Рамазандан кийинки эң жакшы орозо — Аллахтын айы болгон Мухаррам айындагы орозо. Ал эми парз намаздардан кийинки эң жакшы намаз — түнкү намаз". Муслим (1163). Абдуллах ибн Аббастан (Аллах андан ыраазы болсун) риваят: Аллахтын Элчиси ﷺ айтты: "Яхудтарга каршы келгиле. Мухаррам айынын онунчу күнүн орозо тутуу менен бирге андан бир күн мурун же бир күн кийин да орозо кармагыла". 📚Ахмад (2154) Байхаки (8406) Яхудийлер Мухаррам айынын онунчу күнүн гана орозо кармашкан. Аллахтын Элчиси ﷺ аларга каршы келүү үчүн онунчу күнгө тогузунчу же он биринчи күндү кошуп орозо кармоону буйруган. Ашура орозосун кармоодо яхудийлерге окшошпоо үчүн төмөнкү даражалар сунушталат: Биринчи даражасы: Эң толук жана эң жакшысы мухаррам айынын 9, 10 жана 11-күндөрүн орозо кармоо. Бул үч күндү орозо тутуу менен Ашура орозосунун сообу алынат, яхудийлерден айырмалануу ишке ашат жана ай сайын үч күн орозо кармоонун сообуна да жетет. Экинчи даражасы: 9-жана 10-күндөрдү орозо кармоо. Бул Аллахтын Элчиси ﷺдин сөзүнө жана ниетине ылайык келгендиктен эң жакшы жана эң этияттуу түрү болуп эсептелет. Үчүнчү даражасы: 10-жана 11-күндөрдү орозо кармоо. Бул дагы яхудийлерден айырмалануу сүннөтүн ишке ашырат. Айрыкча 9-күнү орозо кармай албай калган адам үчүн жакшы амал. Төртүнчү даражасы: 10-күндү гана орозо кармоо. Бул уруксат берилген. Бирок ага бир күн мурунку же бир күн кийинки күндү кошуп кармоо жакшы. 🖋Талас Артыкбаев 👉 t.me/islamtaanuu Башкалар менен бөлүшүп, соопко ортоктош болуңуз.

Open in Telegram
Views3,710+376%vs avg
Forwards—
Reactions16
Comments—
#2011Text

ЧАЧТЫ КАРА БОЁК МЕНЕН БОЁОНУН ӨКҮМҮ. Абдуллах ибн Аббас Аллах андан ыраазы болсун риваят кылат: Аллахтын Элчиси ﷺ айтты: "Акыр заман жакындаганда ушундай бир коом чыгат. Алар чачтарын (же сакалдарын) көгүчкөндүн көкүрөгүндөй капкара түскө боёшот. Алар бейиштин жытын да сезишпейт". 📚 Абу Дауд (4212), Насаи (5075) Албани: Сахих сахих деген. Түшүндүрмө Бул хадисте Аллахтын Элчиси ﷺ акыр заманга жакын калганда айрым адамдар чачтарын жана сакалдарын өтө кара түскө боёп алышарын кабарлаган. Алардын чачтары көгүчкөндүн көкүрөгүндөй капкара болуп көрүнөт. "Алар бейиштин жытын да сезишпейт"- деген сөз капкара боёк менен боёонун өтө оор күнөө экенин билдирген катуу эскертүү болуп саналат. Аллахтын Элчиси ﷺ ак чачты өзгөртүүгө уруксат берген. Бирок аны хына жана башка кара эмес түстөр менен боёого үндөгөн. - Ал эми таза кара түскө боёодон кайтарган. Анткени анда жашты жашыруу, адамдарды жаңылтуу жана алдоо бар болгондуктан. 👉 t.me/islamtaanuu Башкалар менен бөлүшүп, соопко ортоктош болуңуз.

Open in Telegram
Views2,270+191%vs avg
Forwards—
Reactions10
Comments—
#2010Audio
Views2,040+162%vs avg
Forwards—
Reactions8
Comments—
#2007Photo
Views1,980+154%vs avg
Forwards—
Reactions18
Comments—