📜Сабактын темасы: Кырк хадис китебинин жыйырманчы хадиси: Эгер уялбасаң, каалаганыңды кыл. 👉 t.me/islamtaanuu Башкалар менен бөлүшүп, соопко ортоктош болуңуз.
Open in TelegramИСЛАМ ТААНУУ
📜Ислам динин Куран-Сүннөттүн негизинде таанып билүүнү кааласаңыз бул канал сиз үчүн.
Average views per post by day
By publication day
Show as table
| Date | Avg views per post |
|---|---|
| Nov 1, 2026 | 964 |
| Nov 4, 2026 | 965 |
| Nov 5, 2026 | 1,080 |
| Nov 26, 2026 | 106 |
Most viewed this month
- 01Views1.08KForwards—Reactions23Comments—
- 02Views965Forwards—Reactions12Comments—
- 03Views964Forwards—Reactions8Comments—
- 04Views106Forwards—Reactions4Comments—
Latest posts
Абу Бакр ас-Сыддык (Аллах андан ыраазы болсун) мындай деп дуба кылчу: اللَّهُمَّ اجْعَلْ خَيْرَ عُمُرِي آخِرَهُ، وَخَيْرَ عَمَلِي خَوَاتِيمَهُ، وَخَيْرَ أَيَّامِي يَوْمَ أَلْقَاكَ. Аллоохумма-жъал хайро 'умрии аахироху, уа хойро 'амалии хауаатимаху, уа хойро айяамии яума алкоока. «Оо, Аллахым! Өмүрүмдүн эң жакшы бөлүгүн акыркысы кыл, амалымдын эң жакшысы акыркы амалым болсун, күндөрүмдүн эң жакшысы Өзүңө жолуга турган күнүм болсун». Ибн Абу Шайба (30124) 👉 t.me/islamtaanuu Башкалар менен бөлүшүп, соопко ортоктош болуңуз.
Open in TelegramАбу Хурайрадан риваят кылынат: Аллахтын Элчиси ﷺ мындай деди: «Ким менден бул сөздөрдү үйрөнүп, аларга амал кылат же аларды амал кыла турган адамга үйрөтөт?» Абу Хурайра: «Мен, оо, Аллахтын Элчиси!» — дедим. Ошондо Аллахтын Элчиси ﷺ колумдан кармап, беш нерсени санап берди: Аллах Таала тыюу салган нерселерден сактан, ошондо адамдардын эң ибадаткөйү болосуң. Аллах Таала сага бөлүп берген ырыскыга ыраазы бол, ошондо адамдардын эң байы болосуң. Кошунаңа жакшылык кыл, ошондо момун болосуң. Өзүңө каалаган нерсени башка адамдарга да каала, ошондо мусулман болосуң. Көп күлбө! Анткени көп күлүү жүрөктү өлтүрөт. Тирмизи, 2305 Албани сахих деген. 👉 t.me/islamtaanuu Башкалар менен бөлүшүп, соопко ортоктош болуңуз.
Open in Telegram📜Сабактын темасы: Кырк хадис китебинин он тогузунчу хадиси: Сен Аллахтын динин сактасаң, Аллах сени сактайт жана Анын жардамын алдыңдан табасың. 👉 t.me/islamtaanuu Башкалар менен бөлүшүп, соопко ортоктош болуңуз.
Open in Telegram📜Сабактын темасы: Кырк хадис китебинин он сегизинчи хадиси: Кайсы жерде гана болбогун, Аллахтан корк! Эгер бир күнөө иш жасап алсаң, анын артынан жакшы амал жаса, ал ошол күнөөнү өчүрүп кетет. 👉 t.me/islamtaanuu Башкалар менен бөлүшүп, соопко ортоктош болуңуз.
Open in TelegramЗалкар аалым шейх Усеймин, Аллах аны Өз ырайымына алсын, айтат: Азыркы учурда адамдардын эң негизги максаты дүйнөдө жыргал жана комфорттуу жашоого умтулуу болуп калды. Бирок бул комфорт адамды бузуп коюшу мүмкүн экенин билбеши мүмкүн. Эгерде адам денесинин ыңгайлуулугуна, тамак-ашына, кийим-кечесине жана жашоосунун жыргалына көп көңүл бурса, жүрөгүн оңдоого жана аны ыйман, такыбалык менен көрктөндүрүүгө көңүл бурбай калат. Ошентип, анын эң чоң максаты — бир күнү топуракка айланып, курт-кумурскалар жей турган денесин гана жыргатуу болуп калат. Мына ушул — чоң балээ. Бүгүнкү күндө адамдардын көбүнө зыян берип жаткан нерсе да ушул. Көп адамдардын эң көп ойлогону: «Үйүбүз кандай? Унаабыз кандай? Эмеректерибиз кандай? Эмне жейбиз?» деген сыяктуу дүйнөлүк нерселер болуп калды. Адам өзүнүн эмне үчүн жаратылганын жана алдыда турган улуу максатын унутуп калгандай. Чындыгында, бул дүйнө жана андагы жыргалчылыктар — өзүбүздүн акыркы максатыбыз эмес. Алар акыретке даярданууга жардам бере турган гана каражат, себеп болушу керек. Аллахтан бул дүйнөнү бизге да, силерге да акыретке жетүү үчүн туура пайдаланылган каражат кылуусун сурайбыз. t.me/islamtaanuu Башкалар менен бөлүшүп, соопко ортоктош болуңуз.
Open in TelegramАрыз-муңду адамдарга эмес, Аллахка гана айтуу Чындыгында, макулуктарга арыздануу сабырдын толуктугуна каршы келет. Анткени анда макулуктан болгон үмүт кылуу бар. Ошондой эле анда Аллахтын тагдырына болгон нааразылыктын белгиси бар. Ошондуктан пенде арыз-муңун жалгыз Аллахка гана айтышы керек. Якуб (алейхиссалам): “Мен кайгым менен муңумду Аллахка гана арызданам”, — деген. Демек, Аллахка арыздануу көркөм сабырдуулукка каршы келбейт. Тескерисинче бул ишенимдин тууралыгы жана ыймандын толуктугуна далалат кылат. Муса (алейхиссалам): “Ал: «Оо, Аллахым! Сага гана мактоо болсун. Арыз-муңумду Сага гана айтам. Сенден гана жардам сурайм, Сенден гана жардам күтөм жана Сага гана таянам», — деп айтчу”, Ибн аль-Жаузий айтты: «Алгачкы муундагы солих адамдар адамдарга арызданууну жактырышчу эмес. Арызданууда адам үчүн кандайдыр бир жеңилдик болгону менен, ал алсыздыкка жана төмөндүккө далил болот. Ал эми ага сабыр кылып, башкаларга арызданбоо — күчтүүлүккө жана кадыр-баркка далил», — дешкен. 👉 t.me/islamtaanuu Башкалар менен бөлүшүп, соопко ортоктош болуңуз.
Open in TelegramУктаар алдында айтылуучу дуба Аль-Бара ибн Азиб айтат: Аллахтын Элчиси ﷺ О баланча «Эгер төшөгүңө жатканыңда, намаз үчүн алгандай даарат ал. Андан соң оң капталың мене жат да, мындай деп айт! اللَّهُمَّ أَسْلَمْتُ نَفْسِي إِلَيْكَ، وَوَجَّهْتُ وَجْهِي إِلَيْكَ، وَفَوَّضْتُ أَمْرِي إِلَيْكَ ؛ وَأَلْجَأْتُ ظَهْرِي إِلَيْكَ، رَغْبَةً، وَرَهْبَةً إِلَيْكَ، لَا مَلْجَأَ وَلَا مَنْجَى مِنْكَ إِلَّا إِلَيْكَ آمَنْتُ بِكِتَابِكَ الَّذِي أَنْزَلْتَ وَبِنَبِيِّكَ الَّذِي أَرْسَلْتَ ". Аллахумма асламту нафсии илайка, уа уажжахту уажхи илайка, уа фаууадту амри илайка, уа алжаъту зохри илайка, рогбатан уа рохбатан илайка, лаа малжа-а уа лаа манжаа минка илла илайка. Ааманту би-китабикаллазии анзалта уа би-набиййикаллазии арсалта. “Оо, Аллахым! Өзүмдү Сага тапшырдым. Жүзүмдү Сага бурдум. Ишимди Сага тапшырдым. Өзүңө таяндым. Бул — Сенден үмүт кылып жана Сенден коркконум үчүн. Сенден башка баш калкалай турган жай да, кутула турган жер да жок. Сенин Өзүңө гана баш калкалайм. Сен түшүргөн Китебиңе жана Сен жиберген Пайгамбарыңа ыйман келтирдим”, — деп айт. Эгер ошол түнү каза болсоң, фитратта (таухиддтин үстүндө) өткөн болосуң. Ал эми таң аттырсаң, жакшылыктын үстүндө таң аттырасың. Бухари 6311 Муслим 2710 👉 t.me/islamtaanuu Башкалар менен бөлүшүп, соопко ортоктош болуңуз.
Open in TelegramҮйдөн чыкканда айтылуучу экинчи дуба Умму Салама энебизден (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылынат: Пайгамбар ﷺ үйүнөн чыкканда мындай деп айтчу: اللَّهُمَّ أَعُوذُ بِكَ أَنْ أَضِلَّ أَوْ أُضَلَّ، أَوْ أَزِلَّ أَوْ أُزَلَّ، أَوْ أَظْلِمَ أَوْ أُظْلَمَ، أَوْ أَجْهَلَ أَوْ يُجْهَلَ عَلَيَّ. Аллоохумма а‘уузу бика ан адилла, ау удолла, ау азилла, ау узолла, ау азлима, ау узлома, ау ажхала, ау южхала ‘алаййа. «Оо, Аллахым! Туура жолдон адашып кетүүдөн же башка бирөөнүн мени адаштырышынан, чалынып, жаңылып, күнөөгө түшүп калуудан же башка бирөөнүн мени жаңылыштыкка түшүрүшүнөн, өзүмө же башка бирөөгө зулумдук кылуудан же башка бирөөнүн мага зулумдук кылышынан, билбестик менен башкага зыян келтирүүдөн же башка бирөөнүн мага билбестик менен зыян келтиришинен Сенден коргоо сураймын». Абу Дауд, 5094; Тирмизий, 3427. Ибн ал-Каййим жана шейх Албани сахих деген. Шейх Ибн Баз رحمه الله: Үйдөн чыкканда «Бисмиллаахи, тауаккалту ‘алаллаахи, уа лаа хаула уа лаа кууата иллаа биллаахи» деп айтылат. Андан кийин Умму Салама энебиз риваят кылган ушул дуба айтылат" деген.
Open in TelegramConnections
Similar channels
- НАСААТ ЖОЛУНДА { расмий канал }@nasaat_jolundaReligion1.26K
ТИЛМЕЧ@tilmechReligion10.8K
️️Quran KG@quran_kgReligion31.4K
﴿إِنَّ مَعَ العُسرِ يُسرًا﴾.@shweed8Religion2.61K
Строки,вдохновленные Тобой@poeziyadlyaReligion2.61K
القرآن ربيع القلوب@laqran_ribea_alqluppReligion2.61K- Tasjiilaat Daarul Atsar Magetan@tasjiilaatdaarulatsarReligion2.61K
عالم الأنوثة🌺@alamansaReligion2.61K