ШИРК — ЭҢ ЧОҢ ЗУЛУМ! Ширк — Аллахка гана тиешелүү болгон ибадаттын кандайдыр бир түрүн Аллахтан башкага арноо. Бул — пенденин Раббисине кылган эң чоң зулуму. Бул тууралуу Аллах Таала мындай деген: ﴿إِنَّ الشِّرْكَ لَظُلْمٌ عَظِيمٌ﴾ «Чындыгында, ширк — өтө чоң зулум». (Лукман сүрөсү, 13-аят). Ширк бир гана буттарга, идолдорго же эстеликтерге сыйынуу менен чектелбейт! Аллахтан башкага дуба кылуу, өлгөндөрдөн жардам суроо, алар үчүн курмандык чалуу, тоо-таштарга, мазарларга барып алардан жакшылык үмүт кылуу жана арбактардан жардам суроо да чоң ширктин түрлөрүнө кирет. Мисалы: «Манастын арбагы колдосун», «Ата-бабаларыбыздын арбактары колдосун», «Жолдошуң Кыдыр болсун» деген сыяктуу сөздөрдү айтуу да ширктин түрлөрүнөн. Аллах Таала мындай деди: ﴿فَلَا تَدْعُوا مَعَ اللَّهِ أَحَدًا﴾ «Аллах менен бирге эч кимге дуба кылбагыла!» (Жин сүрөсү, 18-аят). Ойлонуп көр! Эгер пенде үмүтүн, тилегин-дубасын жана ибадатын Аллахтан башкага арнаса, анда ал эң чоң күнөөгө — ширкке түшкөн болот. Пайгамбарыбыз ﷺ мындай деген: «Ким Аллахка эч нерсени шерик кылбаган абалда Ага жолукса, Бейишке кирет. Ал эми ким Ага шерик кылган абалда жолукса, Тозокко кирет». (Сахих Муслим). Демек, таухидди үйрөн! Ширктин бардык түрүнөн сактан! Анткени пенденин эң чоң милдети — Раббисин жалгыз деп билип, Ага гана ибадат кылуу. Аллах бизди ширктин чоңунан да, кичинесинен да сактап, таухид үстүндө бекем кылсын! ——————— Бул коркунучтуу жана кечирилгис күнөө болгон ширк тууралуу толук сабакты төмөндөгү шилтеме аркылуу угуп, кеңири маалымат ала аласыз. Аллах Таала баарыбызды ширктин бардык түрүнөн сактап, таухидде бекем кылс! ➖➖➖➖➖➖➖➖ ✍ Нематулла Кадайев ▶️ YouTube: 👉 https://youtu.be/eufyASKrgOI?si=YUuaOKLMdBn3ltGE
Open in TelegramPosts of ИСЛАМ БУЛАГЫ
Бул коркунучтуу жана кечирилгис күнөө болгон ширк тууралуу толук сабакты төмөндөгү шилтеме аркылуу угуп, кеңири маалымат ала аласыз. Аллах Таала баарыбызды ширктин бардык түрүнөн сактап, таухидде бекем кылс! ▶️ YouTube: 👉 https://youtu.be/eufyASKrgOI?si=YUuaOKLMdBn3ltGE
Open in TelegramДААВАТТА САБЫР КЫЛ! Кээ бир адамдар элдердин баары бир күндө эле туура жолго түшүп, өзгөрүп кетишин каалашат. Бул — чоң жаңылыштык! Мындай нерсе мүмкүн эмес. Анткени бул — Аллах Таала белгилеген мыйзам ченемине каршы келет. Анткени Пайгамбарыбыз ﷺ Меккеде он үч жыл жашап, адамдарды Аллахтын динине, эң оболу таухидге чакырды. Кийинчерээк акыркы учурунда намазга да чакырды. Ошого карабастан, алардын көпчүлүгү анын чакырыгын кабыл алышкан жок. Атүгүл коомдогу кадыр-барктуу адамдары жана башчылары да ыйман келтиришкен жок. Акыры алар Пайгамбарыбызды ﷺ өз мекенин таштап, хижрат кылууга аргасыз кылышты. Эми сен кандайча коомдук чөйрө, аскердик түзүлүш жана адеп-ахлактын бузулушу сыяктуу жагдайлар бузуп койгон адамдардын арасында жашап туруп, алардын баары бир күндө эле оңолуп, туура жолго түшүп кетишин күтөсүң?! Сен кимсиң, Аллах Таала белгилеген мыйзам ченемине каршы келген нерсени талап кылып жатасың?! САБЫР КЫЛ! АДАМДАРДЫ ТАРБИЯЛОО ЖАНА АКЫЙКАТКА ЧАКЫРУУ БАСКЫЧ-БАСКЫЧ МЕНЕН ЖҮЗӨГӨ АШАТ. 📚 Шейх Ибн Усаймин (Аллах аны ырайымына алсын). ———————- Жаштар үчүн маанилүү түшүндүрмө Бул сөздөрдөн алынуучу чоң сабак — акыйкат жолуна чакырууда шашылбоо жана адамдардын дароо өзгөрүп кетишин талап кылбоо. Кээ бир жаштар динди үйрөнүп, акыйкатты таанып калгандан кийин эле айланасындагы адамдардын баары өздөрүндөй болушун каалашат. Алар жакындарынын, досторунун жана үй-бүлөсүнүн дароо өзгөрбөгөнүнө нааразы болушат. Кээде ачууланып, катуу сүйлөп, адамдарды өздөрүнөн алыстатып алышат. Бирок муну унутпагыла: Сенин милдетиң — адамдарга акыйкатты түшүндүрүү, ал эми жүрөктөргө хидаят берүү Аллахтын колунда. Дааватта сабырдуулук, даанышмандык жана туура ыкма керек. Адамдардын өзгөрүшү үчүн убакыт жана туура тарбия зарыл. Өзүң туура жолду тааныганың үчүн башкалардан дароо эле сендей болууну талап кылба. Акыйкатты жеткирүүдө оройлукка, шашмалыкка жана үмүтсүздүккө жол бербе. Эсиңерде болсун! Пайгамбарыбыз ﷺ адамдарды он үч жыл бою таухидге чакырды. Андыктан сен бирөөгө бир нече жолу насыйкат айтып, ал дароо өзгөрбөсө, үмүтүңдү үзбө. Аллахтын динине чакырууда бекем бол, бирок шашпа. Акыйкаттан тайба, бирок адамдарга жумшак жана даанышмандык менен мамиле кыл. Аллах Таала баарыбызга акыйкатты туура түшүнүүнү, ага амал кылууну жана адамдарды ага сабырдуулук менен чакырууну насип кылсын! ➖➖➖➖➖➖➖➖ ✍ Нематулла Кадайев https://youtu.be/eufyASKrgOI?si=YUuaOKLMdBn3ltGE
Open in TelegramАЯЛЫҢА ЖАЛЫНЫП-ЖАЛДЫРАБА! ЭРКЕКТИК КАДЫР-БАРКЫҢДЫ САКТА! Эч качан аялыңдын артынан чуркап, ага жалынып-жалбарып, өзүңдү анын алдында басынтпа! Эркектик кадыр-баркыңды түшүрүп, өзүңдү аялыңа толугу менен баш ийдирип койбо! Аялыңа жакшы мамиле кыл, ага камкордук көрсөт, сүйүүңдү билдир, мээримиңди төк. Бирок аны чектен ашык эркелетип, өз эркиңди жоготуп, анын ар бир айтканын аткарууга милдеттүү болуп калган абалга жеткирбе. Пайгамбарыбыз ﷺ мындай деген: «Эгерде эркек аялын төшөгүнө чакырса, ал аял келүүдөн баш тартса, таң атканга чейин периштелер ага каргыш айтышат». «Сахих аль-Бухари», №3237; «Сахих Муслим», №1436. Бул хадис аялдын күйөөсүнүн алдындагы жубайлык укуктарын сактоосу канчалык маанилүү экенин көрсөтөт. Ошондуктан, эй, эркек! Аялыңа жакшы мамиле кыл, аны сүй, урматта жана камкордук көр. Бирок анын көңүлүн табам деп өзүңдүн кадыр-баркыңды түшүрүп, ар бир нерседе жалдырап-жалынып, өзүңдү басынтпа! Мээримдүү бол, бирок өзүңдү басынтпа! Сүй, бирок сүйүүң үчүн жалынып-жалбарба! Үй-бүлөңдө жоопкерчиликтүү болуп, өз милдетиңди жана ордуңду сакта! Маанилүү эскертүү: Хадисти аялдын жүйөлүү шарияттык себепсиз баш тартуусу жөнүндө түшүнүү керек. Оору, зыян же башка шариятта эске алынуучу тоскоолдуктар бул өкүмдөн өзүнчө каралат. Ошондой эле хадис эркекке аялын басынтууга же анын акысын тебелөөгө уруксат бербейт. Күйөөгө баш ийүү шарият уруксат берген иштерде гана болот. ➖➖➖➖➖➖➖➖ ✍ Нематулла Кадайев https://youtu.be/eufyASKrgOI?si=YUuaOKLMdBn3ltGE
Open in TelegramАКЫЛДУУ АДАМ — ЖАКШЫЛЫКТЫ БИЛИП, АГА АМАЛ КЫЛГАН АДАМ! Канчалаган адамдар жакшылыкты билишет, бирок ага умтулушпайт. Жамандыктын зыян экенин билишет, бирок андан баш тартышпайт. Өлүмдүн сөзсүз келерин билишет, бирок ага даярданышпайт. Урматтуу бир туугандар! Адамдын акылдуулугу анын канча нерсени билгени менен гана өлчөнбөйт. Чыныгы акылдуулук — билген акыйкатына амал кылуусунда! Суфьян ибн Уяйна (Аллах аны ырайымына алсын) мындай деген: «Акылдуу адам — жакшылык менен жамандыкты тааныган адам эмес. Чыныгы акылдуу адам — жакшылыкты көргөндө аны ээрчиген, ал эми жамандыкты көргөндө андан алыс болгон адам». 📚 «Хильят аль-Аулия», 8/339. Бир тууганым! Жакшылыкты таанып туруп ага амал кылбасаң, ал билимиң сага качан пайда алып келет? Күнөөнүн күнөө экенин билип туруп аны таштабасаң, ал билимиң сени эмнеден сактайт? Аллах Таала мындай деген: ﴿وَالَّذِينَ اهْتَدَوْا زَادَهُمْ هُدًى وَآتَاهُمْ تَقْوَاهُمْ﴾ «Туура жолго түшкөндөргө Аллах туура жолду дагы көбөйтөт жана аларга такыбалыгын берет». (Мухаммад сүрөсү, 17-аят). Демек, акыйкатты билген адамдын милдети — ошол акыйкатка ээрчүү жана амал кылуу. Пайгамбарыбыз ﷺ мындай деген: احْرِصْ عَلَى مَا يَنْفَعُكَ، وَاسْتَعِنْ بِاللَّهِ، وَلَا تَعْجَزْ. «Өзүңө пайдалуу болгон нерсеге умтул, Аллахтан жардам сура жана алсыздык кылба!» (Сахих Муслим, 2664). Эми өзүбүздү текшерип көрөлү: Намаздын парз экенин билебиз — намазыбыз кандай? Гыйбаттын арам экенин билебиз — тилибиз кандай? Ата-энеге жакшылык кылууну билебиз — аларга болгон мамилебиз кандай? Күнөөнүн жүрөктү карартарын билебиз — эмне үчүн дагы деле күнөөгө кайтып жатабыз? Бир тууганым! Башкаларга айткан насаатыңды биринчи өзүңө айт. Башкалардан талап кылган жакшылыкты биринчи өзүң аткар. Өзүңө тыюу салган күнөөдөн биринчи өзүң тыйыл! Бүгүн сенде мүмкүнчүлүк бар. Тообо кылууга, намазыңды оңдоого, күнөөлөрүңдү таштоого мүмкүнчүлүк бар. Ошол мүмкүнчүлүктү колдон! Анткени эртең сенин колуңда бүгүнкүдөй мүмкүнчүлүк болоруна эч ким кепилдик бере албайт. Аллахым! Бизге пайдалуу илим, ага ылайык амал жана күнөөлөрдөн алыстаган такыба жүрөк насип кыл! ➖➖➖➖➖➖➖➖ ✍ Нематулла Кадайев https://youtu.be/eufyASKrgOI?si=YUuaOKLMdBn3ltGE
Open in TelegramБул коркунучтуу жана кечирилгис күнөө болгон ширк тууралуу толук сабакты төмөндөгү шилтеме аркылуу угуп, кеңири маалымат ала аласыз. Аллах Таала баарыбызды ширктин бардык түрүнөн сактап, таухидде бекем кылс! ▶️ YouTube: 👉 https://youtu.be/eufyASKrgOI?si=YUuaOKLMdBn3ltGE
Open in Telegramhttps://youtu.be/eufyASKrgOI?si=YUuaOKLMdBn3ltGE «ТӨРТ ЭРЕЖЕ» ТУУРАЛУУ 10 - САБАК Бул ширкти таанып, таухидди туура түшүнүүгө жана аны жүрөктө бекемдөөгө жардам берген маанилүү сабак. Ар бир мусулман үчүн эң маанилүү илим – Аллахты туура таануу жана Ага эч нерсени шерик кылбай ибадат кылуу. Ушул себептен пайгамбарлардын баары өз коомун эң биринчи таухидге чакырып, ширктен сактанууну эскертишкен. Бул тууралуу Аллах Таала: «Биз ар бир үммөткө: “Аллахка гана ибадат кылгыла жана тагуттан алыс болгула”, – деген элчи жибердик.»- деп айткан. (Нахл: 36-аят). «Төрт эреже» китеби ушул улуу чакырыкты жөнөкөй, так жана далилдер менен түшүндүрөт. Ошондой эле ширктин айла-амалдарын таанытып, таухидди бекем кармоого жана пайгамбарлардын жолун туура түшүнүүгө жардам берет. 📚 Бул сабакты көңүл коюп угуп, үйрөнүп жана жакындарыңыз менен бөлүшүүгө аракет кылыңыз. Балким, Аллах ушул илим аркылуу жүрөктөрдү туура жолго салат. ➖➖➖➖➖➖➖➖ ✍ Нематулла Кадайев ▶️ YouTube: 👉 https://youtu.be/eufyASKrgOI?si=YUuaOKLMdBn3ltGE
Open in TelegramАЛЛАХТАН АЛЫСТАГАН ЖҮРӨКТҮ ДҮЙНӨ ЭЭЛЕЙТ: ТАУХИДДЕН, СҮННӨТТӨН ЖАНА АЛЛАХТЫ СҮЙҮҮДӨН ЖҮЗ БУРГАН ЖҮРӨКТҮН КЕСЕПЕТИ! Имам Ибн аль-Каййим (Аллах аны ырайымына алсын) мындай деген: «Таухидден (Ибадатта Аллахты жалгыздоодон) жүз бурган адам — кааласа да, каалабаса да мушрик (шерик кошуучу) болот. • Сүннөттөн (Пайгамбардын жолунан) жүз бурган адам — кааласа да, каалабаса да адашкан бидаатчы болот. • Аллахты сүйүүдөн жана Аны зикир кылуудан жүз бурган адам — кааласа да, каалабаса да сүрөттөрдүн (сырткы келбеттин, дүйнөнүн) кулу болот». Булагы: «Игасатуль-Лахфан» (1-том, 214-бет) Ислам тарыхындагы улуу аалым, жүрөк ооруларынын дарыгери аталган Имам Ибн аль-Каййимдин бул сөзү адам баласынын руханий табиятын таамай сүрөттөйт. Адамдын жүрөгү эч качан бош турбайт: эгер ал акыйкат менен толбосо, сөзсүз түрдө жалган жана утурумдук нерселер менен толот. Имам Ибн аль-Каййим муну үч негизги багытта түшүндүрөт: 1. Таухидден жүз буруу — ширкке алып барат Таухид — бул пенде ибадатында Аллахты жалгыздоо, ибадатына ширк аралаштырбоо, жалгыз Аллахка гана сыйынуу, Андан гана жардам суроо жана жүрөктү жалгыз Ага байлоо. Адам баласы табиятынан кимдир бирөөгө таянууга муктаж болуп жаратылган. Эгер адам Жаратканга гана баш ийүүдөн баш тартса, ал өзү каалабаса да башка нерселерге (байлыкка, бийликке, адамдарга же ырым-жырымдарга) көз каранды болуп калат. 2. Сүннөттөн жүз буруу — бидаат жана адашууга алып барат Сүннөт — Пайгамбарыбыз Мухаммаддын (ага Аллахтын салам-салаваты болсун) көргөзгөн туура жана так жолу. Ибадатта да, жашоодо да акыйкаттын чеги бар. Кимде-ким Пайгамбардын ﷺ даяр, нурдуу жолунан баш тартса, ал сөзсүз түрдө өз оюнан чыгарылган жаңылыштыктарга (бидааттарга) жана адашууларга туш болот. Анткени сүннөттөн башка нерсенин баары — адашуу. 3. Аллахты сүйүү жана зикирден жүз буруу — дүйнө кулу болууга алып барат Адамдын жүрөгү сүйүү үчүн жаратылган. Эгер жүрөк Жараткан Аллахты сүйүү, Аны эстөө (зикир) жана Ага жакындоо менен алек болбосо, анда ал жүрөк утурумдук нерселерге байланат. Имам муну «сүрөттөрдүн кулу» (عبد الصور) деп атаган. Бул — сырткы сулуулукка, адамдарга, напсинин каалоолоруна, байлыкка жана көзгө кооз көрүнгөн дүйнөлүк нерселерге жүрөктүн кул болуп калышы. Адам Аллахтан алыстаган сайын, ушул утурумдук нерселердин артынан сая түшүп, алардын туткунуна айланат. Жыйынтык Бул накыл кеп ар бирибизге маанилүү эскертүү берет: адам эркинмин деп ойлогону менен, чындыгында ал же Аллахтын, же өз напсисинин кулу болот. Чыныгы эркиндикке жана жүрөк тынчтыгына жетүүнүн жалгыз жолу — жүрөктү Таухид, Сүннөт жана Аллахты сүйүү менен толтуруу. ➖➖➖➖➖➖➖➖ ✍ Нематулла Кадайев https://youtu.be/6t-1eRjuoIc?si=BhCAVBiYp5KOYYCS
Open in TelegramУНЧУКПАЙ САБЫР КЫЛУУ — ЭҢ ЧОҢ ЖЕҢИШ! Биз кандай гана куракта болбойлу — каны кайнаган жаш болобузбу, жашоонун оор жүгүн көтөргөн орто муунбу же көптү көргөн кадырлуу карыбызбы — бул жашоодо баарыбыз сыноолорго туш болобуз. Кимдир бирөө көңүлүбүздү оорутканда, адилетсиздик кылып, артыбыздан жалаа жапканда, ичибиздеги ачууну сыртка чыгаруу, каргыш айтуу же жаман дуба кылуу эң оңой жолдой көрүнүшү мүмкүн. Бирок, мусулмандын Аллах алдындагы эң бийик адеби — ачууну жутуп, кечире билүүдө. Улуу хадис аалымы Имам Бухаринин өмүрүнөн өтө терең бир үлгү келтирилген. Ага: «Сага зулумдук кылып, жалаа жаап жаткандарга эмне үчүн каргыш дуба кылбайсың?» — деп сурашканда, ал өч алууга шашкан эмес. Тескерисинче, Пайгамбарыбыздын ﷺ: «Мага Кавсар көлүнүн боюнда жолукканга чейин сабыр кылгыла!» — деген улуу осуятын эстетип, жооп берген. Бул насаат — жаштын да, карынын да жашоосуна үлгү болушу керек. Келгиле, муну Ыйык Курандын аяттары жана сахих хадистердин негизинде ар бир муун үчүн талдап көрөлү. 1. Аллахтын убадасы: Сабырдуулук — эрктүүлүктүн белгиси Биз көп учурда сабыр кылууну алсыздык же коркоктук деп түшүнөбүз. Тескерисинче, ачуу келип, өч алууга мүмкүнчүлүк болуп турганда өзүн кармап калуу — чыныгы баатырдык. Аллах Таала Куранда мындай деп айткан: «Ким сабыр кылса жана кечирсе, албетте, бул иштердин эң маанилүүсүнөн (эрктүүлүктөн)» (Шура сүрөсү, 43-аят). Ошондой эле, Жараткан Аллах Өзүнүн сүйүктүү кулдарын сыпаттап мындай дейт: «...алар ачуусун жутушат жана адамдарды кечиришет. Аллах жакшылык кылуучуларды сүйөт» (Аали Имран сүрөсү, 134-аят). 1. Жаштар үчүн: Чыныгы күч — билекте эмес, жүрөктө. Жаштык — сезимдер ташкындап, кыялдар бийиктеп, дымактар күч алган курак. Жаш кезде адам тез капаланып, дароо жооп кайтаргысы келет. Бирок Пайгамбарыбыз ﷺ күчтүүлүктүн маанисин таптакыр башкача түшүндүргөн. Имам Бухаринин «Сахих» жыйнагында келген хадисте Пайгамбарыбыз ﷺ мындай деген: «Балбандыкка түшкөндө жеңген адам күчтүү эмес, чыныгы күчтүү адам — ачуусу келгенде өзүн кармай билген адам» (Сахих Бухари, № 6114). Жаш бир тууганым! Сага кимдир бирөө кыянаттык кылса, дароо деңгээлиңди түшүрүп жаман сөз айтпа, каргоого шашпа. Сенин сабырың — сенин куралың жана Аллахтын алдындагы эң чоң даражаң. 1. Улуулар жана орто муун үчүн Тилдин уусунан сактануу Жашоонун бел ашып, коомдо өз ордун тапкан орто муун жана акылмандыктын туу чокусуна чыккан карыяларыбыз — коомубуздун куту, жаштардын күзгүсү. Мусулман адамдын тилинен эч качан каргыш же наалат чыкпоосу керек. Имам Муслимдин «Сахих» жыйнагында келген хадисте, сахабалар Пайгамбарыбызга ﷺ: «Оо, Аллахтын элчиси, мушриктерди каргап дуба кылыңызчы», — деп суранышканда, ал зат: «Мен каргоочу (наалат айтуучу) катары жиберилген жокмун, мен мээримдүүлүк катары гана жиберилдим» — деп жооп берген (Сахих Муслим, № 2599). Башка сахих хадисте Аллахтын элчиси ﷺ: «Бири-бириңерди Аллахтын наалаты, Анын каары же тозок оту менен каргабагыла» — деп катуу эскерткен (Сунан аби Дауд, Сахих хадис). Кадырлуу аталар, мээримдүү энелер! Сиздердин дубаңыздар түз кабыл болот. Андыктан, жаштар жаңылып, ката кетиргенде да, улуу муун каргыш эмес, тескерисинче, түзөлүүсүн сурап, ак батасын бериши керек. Жалпы адамзатка насаат: Кавсар көлүнүн боюндагы убада Имам Бухари таянган хадис («Мага Кавсар көлүнүн боюнда жолукканга чейин сабыр кылгыла!». Сахих Бухари, № 7054). Бизди эң чоң сыйлыкка чакырат. Бул дүйнө — акыйкаттык толук орной турган жер эмес, бул жер — сыноо майданы. Бизге жасалган ар бир зулумдуктун Акыретте суроо-жообу бар. Эгер биз бул дүйнөнүн майда ушактарына, адамдардын кылган кыянаттыктарына теңелип, жүрөгүбүздү карартсак, анда улуу убададан кур калабыз. Кыямат күнү Пайгамбарыбыздын ﷺ куттуу колунан Кавсар суусун ичүү бактысы үчүн, бул дүйнөдө бир аз сабыр кылып, тилибизди да, дилибизди да таза сактоого татыктуу бололу. Кайсы гана куракта болбойлу, колубузду жайып, бизди капа кылгандардын туура жолго түшүүсүн сурап дуба кылалы. Жаман дуба менен эч ким бийиктеген эмес, бирок сабыр менен Пайгамбарлар жана салих инсандар улуу даражага жеткен. ➖➖➖➖➖➖➖➖ ✍ Нематулла Кадайев
Open in TelegramБИЗ ЭМНЕГЕ КҮЛҮП, ЭМНЕГЕ ЫЙЛАБАЙБЫЗ? Биз кээде жашоонун ызы-чуусуна, күнүмдүк тиричиликтин чексиз чуркоосуна ушунчалык кирип кеткендиктен, эң башкы чындыкты — акыретти жана Жараткандын алдына бара турган күнүбүздү унутуп коёбуз. Дал ушул кайдыгерликтин пардасын шыпырып, адам баласынын аң-сезимин дүрбөлөңгө салган өзгөчө бир кайрылуу бар. Бул — Нажм сүрөсүнүн акыркы (59-62) аяттары. Жараткан Аллах Таала бул аяттарда адамзаттын эң алсыз жана коркунучтуу оорусун — кайдыгерликти ортого салат: «ЭМИ СИЛЕР УШУЛ СӨЗГӨ (ЫЙЫК КУРАНГА) ТАҢ КАЛЫП ЖАТАСЫҢАРБЫ? ЖАНА (АНДАН КОРКУП, ТААСИРЛЕНИП) ЫЙЛАБАЙ, ТЕСКЕРИСИНЧЕ КҮЛҮП ЖАТАСЫҢАРБЫ? СИЛЕР (КАЙДЫГЕРЛИКТИН) ИЧИНДЕ ОЮН-ЗООК МЕНЕН АЛЕКСИҢЕР! ЭМИ АЛЛАХКА ГАНА САЖДА КЫЛГЫЛА ЖАНА АГА ГАНА СЫЙЫНГЫЛА!» Бул аяттар жөн гана тарыхый сөздөр эмес. Бул — бүгүнкү биздин коомдун, ар бирибиздин ички абалыбыздын күзгүсү. Бул аяттардын канчалык таасирдүү жана терең экенин түшүнүү үчүн төмөнкү тарыхый далилдерге жана фактыларга назар салалы. 1. Душмандын жүрөгүн титиреткен Сажда (Тарыхый далил) Бул аяттар түшкөн убакта Меккедеги мушриктер Исламга, Куранга ачык каршы чыгып, аны шылдыңдап күлүшчү. Бирок Курандын сөз кудурети ушунчалык күчтүү эле, атүгүл аны кабыл албаган адамдын да жүрөгү туруштук бере алчу эмес. Имам Бухари калтырган ишенимдүү Сахих Бухари хадистер жыйнагында келет: Пайгамбарыбыз ﷺ Меккеде, Каабанын жанында Нажм сүрөсүн үнүн бийик чыгарып окуп баштайт. Курандын маанисине жана уйкаштыгына арбалган эл (ичинде мусулмандар да, каапырлар да бар) дем тартпай угуп турат. Сүрөнүн акырына жетип, Пайгамбарыбыз ﷺ: «ЭМИ АЛЛАХКА ГАНА САЖДА КЫЛГЫЛА ЖАНА АГА ГАНА СЫЙЫНГЫЛА!» — деп окуганда, Курандын улуулугунан жана аяттын сүрүнөн улам ошол жердегилер өздөрүн кармана албай, жапырт саждага жыгылышкан. Бул Курандын адамдын рухий дүйнөсүнө түздөн-түз таасир эте алган эң чоң далили. 2. Пайгамбарыбыздын ﷺ жана сахабалардын ыйы Аяттагы «...ыйлабай, тескерисинче күлүп жатасыңарбы?» деген суроо жүрөгү тирүү инсандарды өксүтүп ыйлаткан. • Бул аяттар түшкөндөн кийин Пайгамбарыбыздын ﷺ каткырып күлгөнү такыр көрүнгөн эмес, ал болгону жылмайып гана койчу. Ал айткан: «Эгер силер мен билген нерсени (акыреттин сүрүн, бейиш менен тозокту) билгениңерде, аз күлүп, көп ыйламаксыңар». • Умар (радиаллаху анху) түнкү намаздарда Куран окуганда ушунчалык көп ыйлагандыктан, анын көз жашы аккан издери жүзүнө кара сызык болуп калыптанып калган. Сахабалар Куранды угуу менен жүрөктөрүн тазалашкан. Алар үчүн Куран — жөн гана маалымат эмес, жашоо программасы болчу. 3. «Самидун» оорусу: Бүгүнкү күндүн диагнозу Аяттагы «СИЛЕР БЕЙКАМДЫК (КАЙДЫГЕРЛИК) ИЧИНДЕ ОЮН-ЗООК МЕНЕН АЛЕКСИҢЕР!» (Ва антум самидун) деген сөз бүгүнкү XXI кылымдын адамдарына коюлган эң так диагноз. Араб тилинде "Самидун" — бул алдыда келе жаткан коркунучту көрүп туруп, ага көңүл бурбай, оюн-зоок менен алек болууну билдирет. Бүгүн биздин колубузда телефон, алдыбызда экран. Дүйнөнүн кооздугуна ушунчалык алдандык. Өлүм саат сайын жакындап жатканын билип туруп, эч качан өлбөй тургандай жашайбыз. Күнөөлөрүбүз үчүн өкүнүп, көз жаш төгүп ыйлагандын ордуна, убактылуу тамашаларга, маанисиз видеолорго сааттарды коротуп күлөбүз. Нажм сүрөсү бизди мына ушул рухий өлүмдөн ойготууга чакырат. Жыйынтык: Куткаруучу Сажда Аллах Таала адам баласын коркунучтуу бейгамдыктын (кайдыгерликтин) абалында калтырбайт. Сүрөнүн эң акыркы аятында бул оорудан айыгуунун рецептин берет: «ЭМИ АЛЛАХКА ГАНА САЖДА КЫЛГЫЛА ЖАНА АГА ГАНА СЫЙЫНГЫЛА!» Сажда — бул текебердикти сындыруу. Сажда — бул маанисиз күлкүлөрдөн, дүйнөнүн жасалма кооздугунан качып, чыныгы Тынчтыктын ээсине баш уруу. Адам саждага башын койгондо гана өзүнүн алсыздыгын жана Жараткандын улуулугун сезет. Жүрөктүн бейгамдыгы, көздүн кургактыгы бир гана чын жүрөктөн кылынган ибадат жана сажда менен дарыланат. Бул аяттар — биздин жүрөгүбүздү титиретип, жашообузду кайрадан карап чыгууга берилген эң чоң мүмкүнчүлүк. Кийинки жол Куранды укканда, биз шылдыңдагандардан эмес, Андан таасирленип, Жаратканга мактоо айтып, саждага жыгылгандардан бололу. ➖➖➖➖➖➖➖➖ ✍ Нематулла Кадайев 👉https://youtu.be/6ZepES2xVGc?si=HmZWwRrYjScMNTMF
Open in TelegramАЛЛАХКА КАЙТ — ЭЙ, МОМУН! Аллах Таала мындай дейт: ﴿وَتُوبُوا إِلَى اللَّهِ جَمِيعًا أَيُّهَا الْمُؤْمِنُونَ لَعَلَّكُمْ تُفْلِحُونَ﴾ «Эй, момундар! Баарыңар Аллахка тообо кылгыла! Балким, ийгиликке жетерсиңер». (Нур сүрөсү, 31-аят) Бул — жөн гана буйрук эмес. Бул — Раббибиздин бизге болгон чексиз мээриминин чакырыгы. Күнөөгө баткан пендеге: «Сен бүттүң, сага жол жок» деп айтылган жок. Тескерисинче: «АЛЛАХКА КАЙТ!» — деп айтылды. Канча күнөө кылба, канча жолу жаңылба — эгер чын жүрөктөн Аллахка кайтып, тообо кылсаң, Аллахтын кечириминен үмүт үзбө. Аллах Таала мындай дейт: ﴿قُلْ يَا عِبَادِيَ الَّذِينَ أَسْرَفُوا عَلَى أَنْفُسِهِمْ لَا تَقْنَطُوا مِنْ رَحْمَةِ اللَّهِ ۚ إِنَّ اللَّهَ يَغْفِرُ الذُّنُوبَ جَمِيعًا﴾ «Айткын: “Эй, өздөрүнө каршы чектен чыккан пенделерим! Аллахтын ырайымынан үмүт үзбөгүлө. Чындыгында, Аллах бардык күнөөлөрдү кечирет”.» (Зумар сүрөсү, 53-аят) Кандай гана күнөө болбосун, чын ыкластан кылынган тообо менен Аллахка кайтууга эшик ачык. Бирок адамдын эң чоң алдамчысы — «кийин тообо кылам» деген ой. «Дагы жашайм…» «Кийин намазымды оңдойм…» «Кийин күнөөнү таштайм…» «Карыганда тообо кылам…» Ал эми өлүмдүн качан келерин эч ким билбейт. Аллах Таала: ﴿وَلَيْسَتِ التَّوْبَةُ لِلَّذِينَ يَعْمَلُونَ السَّيِّئَاتِ حَتَّىٰ إِذَا حَضَرَ أَحَدَهُمُ الْمَوْتُ قَالَ إِنِّي تُبْتُ الْآنَ﴾ «Тообо — күнөөнү жасап жүрүп, өлүм келген кезде: “Эми тообо кылдым”, — дегендер үчүн эмес…» (Ниса сүрөсү, 18-аят) Ошондуктан тообону эртеңге калтырба. Бүгүн сенин жүрөгүң согуп турат. Бүгүн сенин тилиң «Астагфируллах» деп айта алат. Бүгүн сенин маңдайың саждага тийе алат. Бүгүн сен Аллахка кайта аласың. Эртеңчи? Аны сен билбейсиң. ⸻ АЛЛАХ ТОБА КЫЛГАН ПЕНДЕСИН СҮЙӨТ Аллах Таала: ﴿إِنَّ اللَّهَ يُحِبُّ التَّوَّابِينَ وَيُحِبُّ الْمُتَطَهِّرِينَ﴾ «Чындыгында, Аллах көп тообо кылуучуларды жана тазалануучуларды жакшы көрөт». (Бакара сүрөсү, 222-аят) Ойлонуп көр… Сен күнөө кылдың. Андан кийин өкүнүп, Аллахка кайтып келдиң. Аллах сени жөн гана кечирбестен, сени жакшы көрөрүн айтты. Демек, шайтан сени: «Сен өтө көп күнөө кылдың. Аллах сени кечирбейт» деп үмүтсүздүккө түртүп жатканда, сен Раббиңдин сөзүн бекем карман: «Аллахтын ырайымынан үмүт үзбөгүлө». ⸻ ТОБОНУН ЭҢ КООЗ ЖЕРИ Пайгамбарыбыз ﷺ мындай деген: «Аллах пендесинин тообосуна, силердин араңардан бирөө чөлдө төөсүн жоготуп алып, кийин аны таап алгандагы кубанычынан да көбүрөөк кубанат». (Сахих Муслим) Бул хадис Аллахтын пенделерине болгон ырайымын кандай гана күчтүү көрсөтөт! Сен Аллахка бир кадам менен кайтып барсаң, Раббиңдин ырайымы сен үчүн ачык. Ошондуктан: КҮНӨӨ СЕНИ АЛЛАХТАН АЛЫСТАТПАСЫН — КҮНӨӨ СЕНИ АЛЛАХКА КАЙТУУГА СЕБЕП БОЛСУН. Күнөө кылып алсаң — токто. Өкүн. Истигфар айт. Аллахка кайрыл. Күнөөнү ташта. Жана кайра башта. Эгер кайра жыгылып калсаң — кайра тур. Эгер кайра жаңылсаң — кайра тообо кыл. Анткени жеңилүү — жыгылып калуу эмес. Жеңилүү — жыгылгандан кийин Аллахка кайтуудан баш тартуу. ⸻ БИЗГЕ ЭМНЕ КАЛДЫ? Көп нерсе эмес. Бир гана — Аллахка кайтуу. Намазыбызды оңдойлу. Күнөөлөрүбүздү таштайлы. Бирөөнүн акысын жеген болсок — кайтаралы. Бирөөгө зулумдук кылсак — кечирим сурайлы. Жашыруун кылган күнөөлөрүбүз үчүн жашыруун көз жаш төгөлү. Аллах менен болгон мамилебизди оңдойлу. Анткени адамдан жашырылган нерсе Аллахтан жашырын эмес. Жана бир күнү бизге: «Эмнеге тообо кылбадың?» деп өкүнүп калбаш үчүн, бүгүн: «Оо, Аллах! Мен Сага кайттым» деп айтышыбыз керек. Аллах Таала бизге: ﴿وَتُوبُوا إِلَى اللَّهِ جَمِيعًا أَيُّهَا الْمُؤْمِنُونَ لَعَلَّكُمْ تُفْلِحُونَ﴾ деп кайрылууда. «ЭЙ, МОМУНДАР! БААРЫҢАР АЛЛАХКА ТООБО КЫЛГЫЛА! БАЛКИМ, ИЙГИЛИККЕ ЖЕТЕРСИҢЕР». Демек, чыныгы ийгилик — байлыкта гана эмес. Чыныгы ийгилик — Аллахка кайтып, Анын ырайымына жетүүдө. БҮГҮН ТОБОО КЫЛ. ЭРТЕҢГЕ КАЛТЫРБА. АЛЛАХКА КАЙТ. ➖➖➖➖➖➖➖➖ ✍ Нематулла Кадайев 👉https://youtu.be/6ZepES2xVGc?si=HmZWwRrYjScMNTMF
Open in TelegramЖУБАЙЫҢДАН КЕМЧИЛИК ИЗДЕБЕ — ЖАКШЫЛЫГЫН КӨР Жубайыңдын кемчилигине эмес, сага кылган жакшылыгына кара. Балким, сен жактырбаган бир сыпатында Аллах сен билбеген чоң жакшылыкты жашыргандыр. Сабыр кыл, кечир жана жакшы мамиле кыл. Анткени бактылуу үй-бүлө — бири-биринин кемчилигин санаган жерде эмес, жакшылыгын көрүп, сабыр кылган жерде курулат. Бул тууралуу Аллах Таала айтат: «…Аялдар менен жакшы мамиледе болгула. Эгер аларды жактырбай калсаңар да, сабыр кылгыла. Анткени силер жактырбаган нерседе Аллах көп жакшылык кылып койгон болушу мүмкүн.» Куран, Ниса сүрөсү 29-аят. Кээде бир үйдө жашап жүрүп, бири-бирибиздин жакшылыгыбызга эмес, кемчилигибизге көбүрөөк карап калабыз. Кечээ сүйүп караган адамыбыздын бүгүн бир сөзү көңүлүбүздү оорутат. Анын бир кемчилиги көзгө чоң көрүнүп, биз үчүн кылган жүздөгөн жакшылыгы унутулуп калат. Ошол учурда шайтан жүрөккө: «Сен мындай адам менен кантип жашайсың?» — деген ойлорду салат. Бирок момун адам токтойт… Жана Аллахтын ушул сөзүн эстейт: «Силер жактырбаган нерседе Аллах көп жакшылык кылып койгон болушу мүмкүн.» Сен анын жүрөгүндө эмне бар экенин толук билбейсиң. Сен бүгүн жактырбаган мүнөзүң эртең сен үчүн кандай жакшылыкка себеп болорун билбейсиң. Сен анын бир кемчилигин көрдүң — бирок Аллах сен көрбөгөн көптөгөн жакшылыктарды билет. Ошондуктан жубайыңдын бир кемчилиги үчүн анын бардык жакшылыгын өчүрүп салба. СЕН ДА КЕМЧИЛИКСИЗ ЭМЕССИҢ. Сен да кээде катуу сүйлөйсүң. Сен да жаңыласың. Сен да түшүнбөй каласың. Сен да кечиримге муктажсың. Анда эмне үчүн өзүңө кечирим каалап туруп, жубайыңдан кечиримди аяйсың? Үй-бүлөдө кээде «мен туура болдум» деп жеңгенден көрө, «үй-бүлөм сакталсын» деп кечирген жакшы. Кээде жооп кайтарбай унчукпай коюу — алсыздык эмес. Кээде биринчи болуп кечирим суроо — намысты түшүрүү эмес. Кээде жубайыңдын кемчилигине көз жумуу — жеңилүү эмес. БУЛ — ҮЙ-БҮЛӨНҮ САКТОО ҮЧҮН САБЫР. Эсиңде болсун: СЕН ЖУБАЙЫҢДЫ ТАНДАГАНДА АНЫН КЕМЧИЛИКСИЗ БОЛУШУН ЭМЕС, АНЫ МЕНЕН ӨМҮР ЖОЛУН БИРГЕ УЛАНТУУНУ ТАНДАГАНСЫҢ. Ошондуктан ар бир кемчиликтен кийин ажырашууну ойлобо. Адегенде сабыр кыл. Жакшылыгын эстеп көр. Аллахтан жардам сура. Анткени сен бүгүн «эмнеге мындай?» деп ыйлап жаткан нерсеңдин артында, балким, эртең «Аллахым, ушул адамды мага бергендигиң үчүн Сага шүгүр» деп айта турган чоң жакшылык бардыр. СЕН БИЛБЕЙСИҢ. АЛЛАХ БИЛЕТ. ➖➖➖➖➖➖➖➖ ✍ Нематулла Кадайев 👉https://youtu.be/6ZepES2xVGc?si=HmZWwRrYjScMNTMF
Open in TelegramҮЙ-БҮЛӨ – КӨЗДҮН КУБАНЫЧЫ ЖАНА ТАКЫБАЛЫКТЫН МЕКТЕБИ Ыйык Курандын Фуркан сүрөсүнүн 74-аяты – ар бир мусулмандын жүрөгүнөн түнөк тапкан, үй-бүлө куруунун жана урпак тарбиялоонун эң бийик максатын көрсөткөн улуу дуба. Бул аятта Аллахтын сүйүктүү пенделеринин сыпаттары айтылып, алар Аллахтан эмнени тилээрин баяндап мындай дейт: «Алар: “Оо, Раббибиз! Бизге жубайларыбыздан жана урпактарыбыздан көзүбүзгө кубаныч тартуула жана бизди такыбалар үчүн үлгү кыл!” — дешет». 📖 Куран, Фуркан, 74. Аяттын өзөгүн эки улуу маани түзөт: 1️⃣ «Көзүбүзгө кубаныч тартуула»: Бул жөн гана сулуулук же дүйнөлүк ийгилик эмес. Чыныгы «көздүн кубанычы» – жубайыңдын жана балдарыңдын Аллахка моюн сунуп, түз жолдо жүргөнүн көрүү. Үйгө киргенде сени мээрим менен тосуп алган жубай, сага карап жылмайган, адептүү, намазкөй перзент – бул дүйнөдөгү эң чоң бакыт жана жүрөктүн бейпилдиги. 2️⃣ «Бизди такыбалар үчүн үлгү кыл»: Бул жерде мансап же атак-даңк суралган жок. Бул – жакшылыкта, такыбалыкта жана адилеттүүлүктө алдынкылардан болууну тилөө. Жубайына үлгү болгон күйөө, балдарына өрнөк болгон ата-эне гана коомду оңдой алат. Эгер биз үйдө такыбалыктын үлгүсү болсок, артыбыздан ээрчиген урпак да түз жолдон адашпайт. Бул аят бизди жөн гана дуба кылып отура бербей, ошол дубага татыктуу болууга чакырат. Себеби, көздүн кубанычы болгон үй-бүлө – бул чоң эмгектин, сабырдын жана мээримдин жемиши. Жубайыбызга сыймык, балдарыбызга үлгү бололу, ошондо үйүбүз бейиштин бир бурчуна айланат. Бул аят — жөн гана тилек эмес, бул кыяматка чейин жашай турган момундун жүрөк кагышы. Бул дубаны кылган пенде Жараткандан мындай деп сурап жатат: «Оо, Раббим! Бул дүйнөнүн ысык аптабындай болгон сыноолорунда, менин үй-бүлөм жаныма салкындык, жүрөгүмө тынчтык берсин. Аларды көргөндө көзүмдөн кубанычтын жашы аксын». Аяттын бизди титиреткен ачуу чындыгы ушунда: 1) Жан дүйнө бейпилдиги: Дүйнөнүн бүт байлыгын бутуңдун астына жыйып койсо да, үйүңдө мээрим менен ыйман болбосо, ал үй — алтын капас. Балаңдын сага кылган кызматы эмес, анын Аллахка кылган ибадаты гана сенин көзүңдү кубанта алат. 2) Түбөлүк өрнөк болуу: «Бизди такыбаларга лидер (үлгү) кыл» деген сөз, мансап талашуу эмес. Бул — «Менин артымда кала турган изим ушунчалык таза болсун, атүгүл мени көрбөй калган урпактарым да менин баскан жолум менен сыймыктанып, Сени тапсын» деген сөз. Биз балдарыбыздын чөнтөгүн дүйнө менен толтурууга шашылып, жүрөгүн ыйман менен толтурууну унутуп жатабыз. Бул аят — бизге эскертүү. Эгер сен артыңда такыба коом калтыргың келсе, анда алгач өзүң жубайыңдын көзүнүн кубанычы, балаңдын өмүрлүк үлгүсү бол. Дуба — бул аракеттин башталышы. ➖➖➖➖➖➖➖➖ ✍ Нематулла Кадайев 👉https://youtu.be/6ZepES2xVGc?si=HmZWwRrYjScMNTMF
Open in Telegram