Account
ИСЛАМ БУЛАГЫ

ИСЛАМ БУЛАГЫ

Адамзаттын эң биринчи биле турган нерсеси - бул таухид. Таухид- бул Исламдын булагы. ✒Автор: Нематулла Кадайев (Медина, ислам эл аралык университети)

Username
@islambulagy
Subscribers3,838
Avg views per post, 7d498−55.7% vs prev 7d
ERR12.97%last 7 days

Average views per post by day

By publication day

Show as table
DateAvg views per post
Nov 19, 20261,112
Nov 20, 20261,130
Nov 21, 20261,140
Nov 25, 2026760
Nov 26, 2026664
Nov 28, 2026460
Nov 29, 2026108

Most viewed this month

  1. 01

    АЛЛАХТАН АЛЫСТАГАН ЖҮРӨКТҮ ДҮЙНӨ ЭЭЛЕЙТ: ТАУХИДДЕН, СҮННӨТТӨН ЖАНА АЛЛАХТЫ СҮЙҮҮДӨН ЖҮЗ БУРГАН ЖҮРӨКТҮН КЕСЕПЕТИ! Имам Ибн аль-Каййим (Аллах аны ырайымына алсын) мындай деген: «Таухидден (Ибадатта Аллахты жалгыздоодон) жүз бурган адам — кааласа да, каалабаса да мушрик (шерик кошуучу) болот. • Сүннөттөн (Пайгамбардын жолунан) жүз бурган адам — кааласа да, каалабаса да адашкан бидаатчы болот. • Аллахты сүйүүдөн жана Аны зикир кылуудан жүз бурган адам — кааласа да, каалабаса да сүрөттөрдүн (сырткы келбеттин, дүйнөнүн) кулу болот». Булагы: «Игасатуль-Лахфан» (1-том, 214-бет) Ислам тарыхындагы улуу аалым, жүрөк ооруларынын дарыгери аталган Имам Ибн аль-Каййимдин бул сөзү адам баласынын руханий табиятын таамай сүрөттөйт. Адамдын жүрөгү эч качан бош турбайт: эгер ал акыйкат менен толбосо, сөзсүз түрдө жалган жана утурумдук нерселер менен толот. Имам Ибн аль-Каййим муну үч негизги багытта түшүндүрөт: 1. Таухидден жүз буруу — ширкке алып барат Таухид — бул пенде ибадатында Аллахты жалгыздоо, ибадатына ширк аралаштырбоо, жалгыз Аллахка гана сыйынуу, Андан гана жардам суроо жана жүрөктү жалгыз Ага байлоо. Адам баласы табиятынан кимдир бирөөгө таянууга муктаж болуп жаратылган. Эгер адам Жаратканга гана баш ийүүдөн баш тартса, ал өзү каалабаса да башка нерселерге (байлыкка, бийликке, адамдарга же ырым-жырымдарга) көз каранды болуп калат. 2. Сүннөттөн жүз буруу — бидаат жана адашууга алып барат Сүннөт — Пайгамбарыбыз Мухаммаддын (ага Аллахтын салам-салаваты болсун) көргөзгөн туура жана так жолу. Ибадатта да, жашоодо да акыйкаттын чеги бар. Кимде-ким Пайгамбардын ﷺ даяр, нурдуу жолунан баш тартса, ал сөзсүз түрдө өз оюнан чыгарылган жаңылыштыктарга (бидааттарга) жана адашууларга туш болот. Анткени сүннөттөн башка нерсенин баары — адашуу. 3. Аллахты сүйүү жана зикирден жүз буруу — дүйнө кулу болууга алып барат Адамдын жүрөгү сүйүү үчүн жаратылган. Эгер жүрөк Жараткан Аллахты сүйүү, Аны эстөө (зикир) жана Ага жакындоо менен алек болбосо, анда ал жүрөк утурумдук нерселерге байланат. Имам муну «сүрөттөрдүн кулу» (عبد الصور) деп атаган. Бул — сырткы сулуулукка, адамдарга, напсинин каалоолоруна, байлыкка жана көзгө кооз көрүнгөн дүйнөлүк нерселерге жүрөктүн кул болуп калышы. Адам Аллахтан алыстаган сайын, ушул утурумдук нерселердин артынан сая түшүп, алардын туткунуна айланат. Жыйынтык Бул накыл кеп ар бирибизге маанилүү эскертүү берет: адам эркинмин деп ойлогону менен, чындыгында ал же Аллахтын, же өз напсисинин кулу болот. Чыныгы эркиндикке жана жүрөк тынчтыгына жетүүнүн жалгыз жолу — жүрөктү Таухид, Сүннөт жана Аллахты сүйүү менен толтуруу. ➖➖➖➖➖➖➖➖ ✍ Нематулла Кадайев https://youtu.be/6t-1eRjuoIc?si=BhCAVBiYp5KOYYCS

    Text
    Views1.24K
    Forwards—
    Reactions—
    Comments—
  2. 02

    https://youtu.be/eufyASKrgOI?si=YUuaOKLMdBn3ltGE «ТӨРТ ЭРЕЖЕ» ТУУРАЛУУ 10 - САБАК Бул ширкти таанып, таухидди туура түшүнүүгө жана аны жүрөктө бекемдөөгө жардам берген маанилүү сабак. Ар бир мусулман үчүн эң маанилүү илим – Аллахты туура таануу жана Ага эч нерсени шерик кылбай ибадат кылуу. Ушул себептен пайгамбарлардын баары өз коомун эң биринчи таухидге чакырып, ширктен сактанууну эскертишкен. Бул тууралуу Аллах Таала: «Биз ар бир үммөткө: “Аллахка гана ибадат кылгыла жана тагуттан алыс болгула”, – деген элчи жибердик.»- деп айткан. (Нахл: 36-аят). «Төрт эреже» китеби ушул улуу чакырыкты жөнөкөй, так жана далилдер менен түшүндүрөт. Ошондой эле ширктин айла-амалдарын таанытып, таухидди бекем кармоого жана пайгамбарлардын жолун туура түшүнүүгө жардам берет. 📚 Бул сабакты көңүл коюп угуп, үйрөнүп жана жакындарыңыз менен бөлүшүүгө аракет кылыңыз. Балким, Аллах ушул илим аркылуу жүрөктөрдү туура жолго салат. ➖➖➖➖➖➖➖➖ ✍ Нематулла Кадайев ▶️ YouTube: 👉 https://youtu.be/eufyASKrgOI?si=YUuaOKLMdBn3ltGE

    Photo
    Views1.19K
    Forwards—
    Reactions—
    Comments—
  3. 03
    Views1.14K
    Forwards—
    Reactions—
    Comments—
  4. 04
    Views1.07K
    Forwards—
    Reactions—
    Comments—

Latest posts

#2726Text

ШИРК — ЭҢ ЧОҢ ЗУЛУМ! Ширк — Аллахка гана тиешелүү болгон ибадаттын кандайдыр бир түрүн Аллахтан башкага арноо. Бул — пенденин Раббисине кылган эң чоң зулуму. Бул тууралуу Аллах Таала мындай деген: ﴿إِنَّ الشِّرْكَ لَظُلْمٌ عَظِيمٌ﴾ «Чындыгында, ширк — өтө чоң зулум». (Лукман сүрөсү, 13-аят). Ширк бир гана буттарга, идолдорго же эстеликтерге сыйынуу менен чектелбейт! Аллахтан башкага дуба кылуу, өлгөндөрдөн жардам суроо, алар үчүн курмандык чалуу, тоо-таштарга, мазарларга барып алардан жакшылык үмүт кылуу жана арбактардан жардам суроо да чоң ширктин түрлөрүнө кирет. Мисалы: «Манастын арбагы колдосун», «Ата-бабаларыбыздын арбактары колдосун», «Жолдошуң Кыдыр болсун» деген сыяктуу сөздөрдү айтуу да ширктин түрлөрүнөн. Аллах Таала мындай деди: ﴿فَلَا تَدْعُوا مَعَ اللَّهِ أَحَدًا﴾ «Аллах менен бирге эч кимге дуба кылбагыла!» (Жин сүрөсү, 18-аят). Ойлонуп көр! Эгер пенде үмүтүн, тилегин-дубасын жана ибадатын Аллахтан башкага арнаса, анда ал эң чоң күнөөгө — ширкке түшкөн болот. Пайгамбарыбыз ﷺ мындай деген: «Ким Аллахка эч нерсени шерик кылбаган абалда Ага жолукса, Бейишке кирет. Ал эми ким Ага шерик кылган абалда жолукса, Тозокко кирет». (Сахих Муслим). Демек, таухидди үйрөн! Ширктин бардык түрүнөн сактан! Анткени пенденин эң чоң милдети — Раббисин жалгыз деп билип, Ага гана ибадат кылуу. Аллах бизди ширктин чоңунан да, кичинесинен да сактап, таухид үстүндө бекем кылсын! ——————— Бул коркунучтуу жана кечирилгис күнөө болгон ширк тууралуу толук сабакты төмөндөгү шилтеме аркылуу угуп, кеңири маалымат ала аласыз. Аллах Таала баарыбызды ширктин бардык түрүнөн сактап, таухидде бекем кылс! ➖➖➖➖➖➖➖➖ ✍ Нематулла Кадайев ▶️ YouTube: 👉 https://youtu.be/eufyASKrgOI?si=YUuaOKLMdBn3ltGE

Open in Telegram
Views106−86%vs avg
Forwards—
Reactions—
Comments—
#2725Video
Views110−85%vs avg
Forwards—
Reactions—
Comments—
#2724Text

ДААВАТТА САБЫР КЫЛ! Кээ бир адамдар элдердин баары бир күндө эле туура жолго түшүп, өзгөрүп кетишин каалашат. Бул — чоң жаңылыштык! Мындай нерсе мүмкүн эмес. Анткени бул — Аллах Таала белгилеген мыйзам ченемине каршы келет. Анткени Пайгамбарыбыз ﷺ Меккеде он үч жыл жашап, адамдарды Аллахтын динине, эң оболу таухидге чакырды. Кийинчерээк акыркы учурунда намазга да чакырды. Ошого карабастан, алардын көпчүлүгү анын чакырыгын кабыл алышкан жок. Атүгүл коомдогу кадыр-барктуу адамдары жана башчылары да ыйман келтиришкен жок. Акыры алар Пайгамбарыбызды ﷺ өз мекенин таштап, хижрат кылууга аргасыз кылышты. Эми сен кандайча коомдук чөйрө, аскердик түзүлүш жана адеп-ахлактын бузулушу сыяктуу жагдайлар бузуп койгон адамдардын арасында жашап туруп, алардын баары бир күндө эле оңолуп, туура жолго түшүп кетишин күтөсүң?! Сен кимсиң, Аллах Таала белгилеген мыйзам ченемине каршы келген нерсени талап кылып жатасың?! САБЫР КЫЛ! АДАМДАРДЫ ТАРБИЯЛОО ЖАНА АКЫЙКАТКА ЧАКЫРУУ БАСКЫЧ-БАСКЫЧ МЕНЕН ЖҮЗӨГӨ АШАТ. 📚 Шейх Ибн Усаймин (Аллах аны ырайымына алсын). ———————- Жаштар үчүн маанилүү түшүндүрмө Бул сөздөрдөн алынуучу чоң сабак — акыйкат жолуна чакырууда шашылбоо жана адамдардын дароо өзгөрүп кетишин талап кылбоо. Кээ бир жаштар динди үйрөнүп, акыйкатты таанып калгандан кийин эле айланасындагы адамдардын баары өздөрүндөй болушун каалашат. Алар жакындарынын, досторунун жана үй-бүлөсүнүн дароо өзгөрбөгөнүнө нааразы болушат. Кээде ачууланып, катуу сүйлөп, адамдарды өздөрүнөн алыстатып алышат. Бирок муну унутпагыла: Сенин милдетиң — адамдарга акыйкатты түшүндүрүү, ал эми жүрөктөргө хидаят берүү Аллахтын колунда. Дааватта сабырдуулук, даанышмандык жана туура ыкма керек. Адамдардын өзгөрүшү үчүн убакыт жана туура тарбия зарыл. Өзүң туура жолду тааныганың үчүн башкалардан дароо эле сендей болууну талап кылба. Акыйкатты жеткирүүдө оройлукка, шашмалыкка жана үмүтсүздүккө жол бербе. Эсиңерде болсун! Пайгамбарыбыз ﷺ адамдарды он үч жыл бою таухидге чакырды. Андыктан сен бирөөгө бир нече жолу насыйкат айтып, ал дароо өзгөрбөсө, үмүтүңдү үзбө. Аллахтын динине чакырууда бекем бол, бирок шашпа. Акыйкаттан тайба, бирок адамдарга жумшак жана даанышмандык менен мамиле кыл. Аллах Таала баарыбызга акыйкатты туура түшүнүүнү, ага амал кылууну жана адамдарды ага сабырдуулук менен чакырууну насип кылсын! ➖➖➖➖➖➖➖➖ ✍ Нематулла Кадайев https://youtu.be/eufyASKrgOI?si=YUuaOKLMdBn3ltGE

Open in Telegram
Views473−36%vs avg
Forwards—
Reactions—
Comments—
#2721Text

АЯЛЫҢА ЖАЛЫНЫП-ЖАЛДЫРАБА! ЭРКЕКТИК КАДЫР-БАРКЫҢДЫ САКТА! Эч качан аялыңдын артынан чуркап, ага жалынып-жалбарып, өзүңдү анын алдында басынтпа! Эркектик кадыр-баркыңды түшүрүп, өзүңдү аялыңа толугу менен баш ийдирип койбо! Аялыңа жакшы мамиле кыл, ага камкордук көрсөт, сүйүүңдү билдир, мээримиңди төк. Бирок аны чектен ашык эркелетип, өз эркиңди жоготуп, анын ар бир айтканын аткарууга милдеттүү болуп калган абалга жеткирбе. Пайгамбарыбыз ﷺ мындай деген: «Эгерде эркек аялын төшөгүнө чакырса, ал аял келүүдөн баш тартса, таң атканга чейин периштелер ага каргыш айтышат». «Сахих аль-Бухари», №3237; «Сахих Муслим», №1436. Бул хадис аялдын күйөөсүнүн алдындагы жубайлык укуктарын сактоосу канчалык маанилүү экенин көрсөтөт. Ошондуктан, эй, эркек! Аялыңа жакшы мамиле кыл, аны сүй, урматта жана камкордук көр. Бирок анын көңүлүн табам деп өзүңдүн кадыр-баркыңды түшүрүп, ар бир нерседе жалдырап-жалынып, өзүңдү басынтпа! Мээримдүү бол, бирок өзүңдү басынтпа! Сүй, бирок сүйүүң үчүн жалынып-жалбарба! Үй-бүлөңдө жоопкерчиликтүү болуп, өз милдетиңди жана ордуңду сакта! Маанилүү эскертүү: Хадисти аялдын жүйөлүү шарияттык себепсиз баш тартуусу жөнүндө түшүнүү керек. Оору, зыян же башка шариятта эске алынуучу тоскоолдуктар бул өкүмдөн өзүнчө каралат. Ошондой эле хадис эркекке аялын басынтууга же анын акысын тебелөөгө уруксат бербейт. Күйөөгө баш ийүү шарият уруксат берген иштерде гана болот. ➖➖➖➖➖➖➖➖ ✍ Нематулла Кадайев https://youtu.be/eufyASKrgOI?si=YUuaOKLMdBn3ltGE

Open in Telegram
Views687−7%vs avg
Forwards—
Reactions—
Comments—
#2719Text

АКЫЛДУУ АДАМ — ЖАКШЫЛЫКТЫ БИЛИП, АГА АМАЛ КЫЛГАН АДАМ! Канчалаган адамдар жакшылыкты билишет, бирок ага умтулушпайт. Жамандыктын зыян экенин билишет, бирок андан баш тартышпайт. Өлүмдүн сөзсүз келерин билишет, бирок ага даярданышпайт. Урматтуу бир туугандар! Адамдын акылдуулугу анын канча нерсени билгени менен гана өлчөнбөйт. Чыныгы акылдуулук — билген акыйкатына амал кылуусунда! Суфьян ибн Уяйна (Аллах аны ырайымына алсын) мындай деген: «Акылдуу адам — жакшылык менен жамандыкты тааныган адам эмес. Чыныгы акылдуу адам — жакшылыкты көргөндө аны ээрчиген, ал эми жамандыкты көргөндө андан алыс болгон адам». 📚 «Хильят аль-Аулия», 8/339. Бир тууганым! Жакшылыкты таанып туруп ага амал кылбасаң, ал билимиң сага качан пайда алып келет? Күнөөнүн күнөө экенин билип туруп аны таштабасаң, ал билимиң сени эмнеден сактайт? Аллах Таала мындай деген: ﴿وَالَّذِينَ اهْتَدَوْا زَادَهُمْ هُدًى وَآتَاهُمْ تَقْوَاهُمْ﴾ «Туура жолго түшкөндөргө Аллах туура жолду дагы көбөйтөт жана аларга такыбалыгын берет». (Мухаммад сүрөсү, 17-аят). Демек, акыйкатты билген адамдын милдети — ошол акыйкатка ээрчүү жана амал кылуу. Пайгамбарыбыз ﷺ мындай деген: احْرِصْ عَلَى مَا يَنْفَعُكَ، وَاسْتَعِنْ بِاللَّهِ، وَلَا تَعْجَزْ. «Өзүңө пайдалуу болгон нерсеге умтул, Аллахтан жардам сура жана алсыздык кылба!» (Сахих Муслим, 2664). Эми өзүбүздү текшерип көрөлү: Намаздын парз экенин билебиз — намазыбыз кандай? Гыйбаттын арам экенин билебиз — тилибиз кандай? Ата-энеге жакшылык кылууну билебиз — аларга болгон мамилебиз кандай? Күнөөнүн жүрөктү карартарын билебиз — эмне үчүн дагы деле күнөөгө кайтып жатабыз? Бир тууганым! Башкаларга айткан насаатыңды биринчи өзүңө айт. Башкалардан талап кылган жакшылыкты биринчи өзүң аткар. Өзүңө тыюу салган күнөөдөн биринчи өзүң тыйыл! Бүгүн сенде мүмкүнчүлүк бар. Тообо кылууга, намазыңды оңдоого, күнөөлөрүңдү таштоого мүмкүнчүлүк бар. Ошол мүмкүнчүлүктү колдон! Анткени эртең сенин колуңда бүгүнкүдөй мүмкүнчүлүк болоруна эч ким кепилдик бере албайт. Аллахым! Бизге пайдалуу илим, ага ылайык амал жана күнөөлөрдөн алыстаган такыба жүрөк насип кыл! ➖➖➖➖➖➖➖➖ ✍ Нематулла Кадайев https://youtu.be/eufyASKrgOI?si=YUuaOKLMdBn3ltGE

Open in Telegram
Views811+10%vs avg
Forwards—
Reactions—
Comments—
#2717Video
Views1,140+54%vs avg
Forwards—
Reactions—
Comments—
#2716Photo

https://youtu.be/eufyASKrgOI?si=YUuaOKLMdBn3ltGE «ТӨРТ ЭРЕЖЕ» ТУУРАЛУУ 10 - САБАК Бул ширкти таанып, таухидди туура түшүнүүгө жана аны жүрөктө бекемдөөгө жардам берген маанилүү сабак. Ар бир мусулман үчүн эң маанилүү илим – Аллахты туура таануу жана Ага эч нерсени шерик кылбай ибадат кылуу. Ушул себептен пайгамбарлардын баары өз коомун эң биринчи таухидге чакырып, ширктен сактанууну эскертишкен. Бул тууралуу Аллах Таала: «Биз ар бир үммөткө: “Аллахка гана ибадат кылгыла жана тагуттан алыс болгула”, – деген элчи жибердик.»- деп айткан. (Нахл: 36-аят). «Төрт эреже» китеби ушул улуу чакырыкты жөнөкөй, так жана далилдер менен түшүндүрөт. Ошондой эле ширктин айла-амалдарын таанытып, таухидди бекем кармоого жана пайгамбарлардын жолун туура түшүнүүгө жардам берет. 📚 Бул сабакты көңүл коюп угуп, үйрөнүп жана жакындарыңыз менен бөлүшүүгө аракет кылыңыз. Балким, Аллах ушул илим аркылуу жүрөктөрдү туура жолго салат. ➖➖➖➖➖➖➖➖ ✍ Нематулла Кадайев ▶️ YouTube: 👉 https://youtu.be/eufyASKrgOI?si=YUuaOKLMdBn3ltGE

Open in Telegram
Views1,190+61%vs avg
Forwards—
Reactions—
Comments—

All posts