AI ChatbetaAccount

Posts of Reporter.kg

newest first

#19279Photo

🏥 Минздрав объявил выговоры 14 руководителям за качество медобразования На коллегии Минздрава 24 ноября объявили выговоры 14 руководителям медицинских образовательных организаций, получивших госаккредитацию лишь на один год. Среди них — руководители медколледжей, института переподготовки имени Даниярова и двух медицинских центров. Ректорам четырех вузов рекомендовали рассмотреть вопрос о взысканиях для деканов медфакультетов. В 2025 году из 298 выпускников бюджетной ординатуры в регионы по распределению отправились 167 человек (56%). Среди выпускников медколледжей трудоустроились 745 из 1 203 (62%). Для решения кадрового дефицита Минздрав планирует ввести конкурсный экзамен в ординатуру и распределять места с учетом потребностей больниц. ➖➖➖ Саламаттык сактоо министрлиги медициналык билим берүүнүн сапаты үчүн 14 жетекчиге сөгүш жарыялады 24-ноябрда Саламаттык сактоо министрлигинин коллегиясында мамлекеттик аккредитацияны бир жылга гана алган медициналык билим берүү мекемелеринин 14 жетекчисине сөгүш жарыяланды. Алардын арасында медициналык колледждердин, Данияров атындагы кайра даярдоо институтунун жана эки медициналык борбордун жетекчилери бар. Төрт университеттин ректоруна медицина факультеттеринин декандарына карата тартиптик чара көрүү маселесин кароо сунушталды. 2025-жылы бюджеттик негизде ординатураны аяктаган 298 бүтүрүүчүнүн 167си (56%) гана жолдомо менен аймактарга иштөөгө барган. Медициналык колледждердин 1 203 бүтүрүүчүсүнүн 745и (62%) жумушка орношкон. Дарыгерлердин жетишсиздигин азайтуу үчүн министрлик ординатурага конкурстук сынак киргизип, орундарды ооруканалардын муктаждыгына жараша бөлүштүрүүнү пландоодо. 1️⃣  Наши платформы ⚡️  Подписаться

Open in Telegram
Views3,940−49%vs avg
Forwards—
Reactions—
Comments—
Views growthHide views growth

Views growth

Hours after publication

Show as table
Hours after publicationViews
0 h206
2 h2,090
3 h3,940
  1. After 1 hour2,090
  2. Total to date3,940
#19278Photo

⬇️ Кыргызстан и Болгария рассматривают возможность открытия прямых авиарейсов Кыргызстан и Болгария обсудили возможность запуска прямого авиасообщения. Этот вопрос подняли 24 ноября на встрече заместителя министра экономики Медербека Туманова с послом Болгарии Георги Воденски. Стороны также рассмотрели расширение торговли и инвестиций, сотрудничество в промышленности, энергетике, сельском хозяйстве и туризме. Особое внимание уделили развитию туристической инфраструктуры. Болгарская сторона предложила провести онлайн-конференции для поиска новых направлений сотрудничества. ➖➖➖ Кыргызстан менен Болгария түз авиакаттамдарды ачуу мүмкүнчүлүгүн караштырууда Кыргызстан менен Болгариянын ортосунда түз авиакаттамдарды ачуу мүмкүнчүлүгү талкууланды. Бул маселе 24-ноябрда экономика министринин орун басары Медербек Туманов менен Болгариянын элчиси Георги Воденскинин жолугушуусунда көтөрүлдү. Тараптар соода жана инвестициялык байланыштарды кеңейтүү, өнөр жай, энергетика, айыл чарба жана туризм тармактарындагы кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин да карашты. Туристтик инфраструктурага өзгөчө көңүл бурулду. Болгария тарап кызматташуунун жаңы багыттарын аныктоо үчүн онлайн-конференцияларды өткөрүүнү сунуштады. 1️⃣  Наши платформы ⚡️  Подписаться

Open in Telegram
Views4,540−41%vs avg
Forwards—
Reactions—
Comments—
Views growthHide views growth

Views growth

Hours after publication

Show as table
Hours after publicationViews
0 h0
1 h802
1 h1,720
4 h4,540
  1. After 1 hour802
  2. Total to date4,540
#19277Photo

🤝 В МИД обсудили план кыргызско-армянского сотрудничества на ближайшие два года 24 ноября заместитель министра иностранных дел Кыргызстана Медер Абакиров встретился с послом Армении Арменом Гевондяном. Стороны обсудили выполнение договоренностей, достигнутых во время официального визита президента Садыра Жапарова в Армению в октябре. Особое внимание уделили реализации Дорожной карты сотрудничества на 2027–2029 годы. Также речь шла о предстоящих двусторонних встречах, развитии договорно-правовой базы, транспорта, логистики и торгово-экономических связей. ➖➖➖ ТИМде кыргыз-армян кызматташтыгынын алдыдагы эки жылдык планы талкууланды 24-ноябрда Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакиров Армениянын элчиси Армен Гевондян менен жолугушту. Тараптар президент Садыр Жапаровдун октябрда Арменияга жасаган расмий сапарында жетишилген макулдашуулардын аткарылышын талкуулашты. 2027–2029-жылдарга карата кызматташтыктын Жол картасын ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурулду. Ошондой эле алдыдагы эки тараптуу жолугушуулар, келишимдик-укуктук базаны өнүктүрүү, транспорт, логистика жана соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүү маселелери каралды. 1️⃣  Наши платформы ⚡️  Подписаться

Open in Telegram
Views7,260−5%vs avg
Forwards—
Reactions—
Comments—
Views growthHide views growth

Views growth

Hours after publication

Show as table
Hours after publicationViews
0 h318
1 h1,270
3 h4,010
6 h7,260
  1. After 1 hour1,270
  2. After 6 hours7,260
  3. Total to date7,260
#19276Photo

*️⃣ Кыргызстан и Узбекистан будут учитывать трудовой стаж граждан обеих стран Кыргызстан планирует ратифицировать соглашение с Узбекистаном о пенсионном обеспечении и социальном страховании. Документ позволит гражданам обеих стран учитывать трудовой стаж, полученный в соседнем государстве, если собственного страхового стажа недостаточно для назначения пенсии. Соглашение также предусматривает сохранение пенсионных выплат при переезде из одной страны в другую, равные пенсионные права и исключение двойной уплаты страховых взносов для командированных работников. Законопроект уже одобрил профильный комитет Жогорку Кенеша. ➖➖➖ Кыргызстан менен Өзбекстан эки өлкөнүн жарандарынын эмгек стажын эске алат Кыргызстан Өзбекстан менен пенсиялык камсыздоо жана социалдык камсыздандыруу боюнча келишимди ратификациялоону пландап жатат. Документке ылайык, жарандардын пенсияга чыгуу үчүн камсыздандыруу стажы жетишсиз болсо, коңшу өлкөдө иштеген жылдары да эсепке алынат. Келишим бир өлкөдөн экинчисине көчкөндө пенсия алууну улантууга, жарандардын пенсиялык укуктарын тең камсыздоого жана иш сапарга жөнөтүлгөн кызматкерлер үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүн эки жолу төлөбөөгө мүмкүндүк берет. Мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин тармактык комитети жактырды. 1️⃣  Наши платформы ⚡️  Подписаться

Open in Telegram
Views8,270+8%vs avg
Forwards—
Reactions—
Comments—
Views growthHide views growth

Views growth

Hours after publication

Show as table
Hours after publicationViews
0 h415
1 h1,340
3 h4,100
7 h8,270
  1. After 1 hour1,340
  2. After 6 hours8,270
  3. Total to date8,270
#19275Photo

🚨 В Чуйской области соседа подозревают в насилии над подростком Милиция Сокулукского района проверяет информацию о сексуальном насилии в отношении 14-летнего мальчика. С заявлением обратился отец подростка, указав, что в течение лета сосед применял к его сыну силу и угрозы, совершая насильственные действия. В областном управлении внутренних дел подтвердили регистрацию заявления. Правоохранители выясняют все детали случившегося для дачи юридической оценки и принятия процессуального решения. ➖➖➖ Чүй облусунда кошунасы өспүрүмгө зомбулук көрсөткөн деп шектелүүдө Сокулук райондук милициясы 14 жаштагы өспүрүмгө карата жасалган жыныстык зомбулук тууралуу маалыматты териштирип жатат. Милицияга кайрылган атасы жай айларында С. аттуу кошунасы уулуна күч колдонуп, коркутуу менен мыйзамсыз аракеттерди жасаганын айткан. Облустук милиция арыз каттоодон өткөнүн жана окуянын бардык жагдайларын тактап, юридикалык баа берүү үчүн текшерүү жүрүп жатканын кабарлады. 1️⃣  Наши платформы ⚡️  Подписаться

Open in Telegram
Views7,950+4%vs avg
Forwards—
Reactions—
Comments—
Views growthHide views growth

Views growth

Hours after publication

Show as table
Hours after publicationViews
0 h0
1 h618
1 h1,510
4 h4,310
7 h7,950
  1. After 1 hour1,510
  2. After 6 hours7,950
  3. Total to date7,950
#19274Photo

📢 Мэрия и антимонопольщики штрафуют торговцев мясом за завышенные цены в Бишкеке В Бишкеке идут тотальные проверки базаров ради сдерживания цен на говядину и баранину. Ревизоры уже заключили более ста соглашений с продавцами о фиксации стоимости мяса на рынках «Орто-Сай», «Сары-Озон» и «Ош базары». Нарушителей наказывают штрафами: в Октябрьском районе выписали взысканий на 56 тысяч сомов за необоснованную наценку. Инспекции с участием налоговиков и ветеринаров продолжаются во всех районах города. ➖➖➖ Бишкекте этти кымбат саткан базар соодагерлерине айып пул салынууда Бишкектин «Ош базары», «Орто-Сай» жана «Сары-Өзөн» базарларында эттин баасын негизсиз көтөрбөө боюнча текшерүүлөр кызуу жүрүүдө. Өткөн аптада уй жана кой этин жеткиликтүү баада сатуу боюнча соодагерлер менен 106 келишимге кол коюлду. Бааны ашырган сатуучулар жазасыз калган жок: Октябрь районунда эреже бузгандарга 56 миң сомдук айып салынды. Салык жана ветеринария кызматкерлери катышкан рейддер калаа боюнча күн сайын уланат. 1️⃣  Наши платформы ⚡️  Подписаться

Open in Telegram
Views8,020+5%vs avg
Forwards—
Reactions—
Comments—
Views growthHide views growth

Views growth

Hours after publication

Show as table
Hours after publicationViews
0 h0
1 h716
1 h1,580
4 h4,360
7 h8,020
  1. After 1 hour1,580
  2. After 6 hours8,020
  3. Total to date8,020
#19273Photo

⚠️ Хакеры пытаются взломать и перенести консольную GTA 6 на компьютеры После утечки файлов ноябрьской версии GTA 6 для Xbox весом более 200 ГБ энтузиасты бросились портировать игру на Windows. Разработчикам уже удалось запустить стартовое меню и воспроизвести звук на ПК, однако отрисовка игрового мира и полноценный геймплей пока не работают из-за колоссальной разницы в библиотеках и шейдерах. Сама Rockstar Games пока не давала анонсов ПК-версии, а эксперты по безопасности уже бьют тревогу. Под видом якобы рабочих сборок GTA 6 в сети активно распространяются вредоносные программы, крадущие логины от Steam, Discord и данные криптокошельков. ➖➖➖ Хакерлер консолдорго чыккан GTA 6 оюнун компьютерлерге көчүрүүгө аракет кылышууда Интернетке Xbox үчүн чыгарылган GTA 6 оюнунун 200 ГБ көлөмүндөгү файлдары чыгып кеткенден кийин программисттер аны компьютерге ылайыкташтыруу аракетин көрүүдө. Учурда адистер компьютерде оюндун башкы менюсун жана үнүн гана ачууга жетишишти, бирок толук кандуу оюн процесси азырынча ишке аша элек. Rockstar Games компаниясы компьютерге чыгаруу күнүн айта элек, ал эми желеде даяр оюн деген шылтоо менен Steam, Discord аккаунттарын жана криптокапчыктарды уурдаган вирустар каптап жатканы эскертилди. 1️⃣  Наши платформы ⚡️  Подписаться

Open in Telegram
Views7,430−3%vs avg
Forwards—
Reactions—
Comments—
Views growthHide views growth

Views growth

Hours after publication

Show as table
Hours after publicationViews
0 h183
2 h1,980
3 h3,770
6 h7,430
  1. After 1 hour1,980
  2. After 6 hours7,430
  3. Total to date7,430
#19272Photo

🎤 Налоговый форум в Бишкеке: ГНС обсудит с бизнесом итоги реформ 2026 года 14 декабря в Бишкеке пройдет Налоговый форум под председательством главы ГНС Алмамбета Шыкмаматова. В конгресс-холле «Ырыс Ордо» соберутся представители бизнеса, госорганов и международных организаций, чтобы обсудить итоги налоговых реформ 2026 года. Особое внимание уделят цифровизации налоговой службы, работе системы KEZET, упрощению отчетности и сокращению повторного предоставления данных. Также рассмотрят результаты внутренней реформы ГНС и предложения бизнеса по улучшению налогового администрирования. ➖➖➖ Бишкектеги Салык форуму: МСК бизнес менен 2026-жылдагы реформалардын жыйынтыгын талкуулайт 14-декабрда Бишкектеги «Ырыс Ордо» конгресс-холлунда Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматовдун жетекчилиги алдында Салык форуму өтөт. Ага бизнес өкүлдөрү, мамлекеттик органдар жана эл аралык уюмдар катышып, 2026-жылдагы салык реформаларынын жыйынтыгын талкуулашат. Негизги көңүл салык кызматын санариптештирүүгө, KEZET системасынын ишине, отчеттуулукту жөнөкөйлөтүүгө жана бир эле маалыматты кайра-кайра тапшырууну жоюуга бурулат. Ошондой эле МСКнын ички реформасынын жыйынтыктары жана салыктык башкарууну жакшыртуу боюнча ишкерлердин сунуштары каралат. 1️⃣  Наши платформы ⚡️  Подписаться

Open in Telegram
Views7,990+4%vs avg
Forwards—
Reactions—
Comments—
Views growthHide views growth

Views growth

Hours after publication

Show as table
Hours after publicationViews
0 h0
1 h722
1 h1,630
4 h4,330
7 h7,990
  1. After 1 hour722
  2. After 6 hours7,990
  3. Total to date7,990
#19271Photo

❌ В Кыргызстане предлагают штрафовать за ложную маркировку «эко» и «био» В Кыргызстане предлагают штрафовать продавцов за использование обозначений «эко», «био» и «органик», если органический статус продукции не подтвержден. Законопроект разработала депутат Жогорку Кенеша Махабат Мавлянова. За такое нарушение предусмотрены штрафы в размере 3 тысяч сомов для физлиц и 15 тысяч для юрлиц. При повторном нарушении в течение года суммы увеличатся до 6 и 30 тысяч сомов соответственно. Сертифицированные органические продукты предлагают размещать отдельно от обычных товаров с маркировкой «Органикалык продукция». Это требование также коснется интернет-магазинов и маркетплейсов. За нарушение правил размещения сначала будут выносить предупреждение, а при повторном нарушении — штрафовать на 1 тысячу сомов физлиц и 5 тысяч юрлиц. В случае принятия закон вступит в силу через шесть месяцев после опубликования. ➖➖➖ Кыргызстанда «эко» жана «био» деген жалган белгилер үчүн айып пул салуу сунушталууда Кыргызстанда органикалык экени тастыкталбаган товарларга «эко», «био» жана «органик» деген белгилерди колдонгондорго айып пул салуу сунушталууда. Мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин депутаты Махабат Мавлянова иштеп чыкты. Мындай мыйзам бузуу үчүн жеке жактарга 3 миң, юридикалык жактарга 15 миң сом айып пул каралган. Бир жыл ичинде мыйзам бузуу кайталанса, айып пул 6 миң жана 30 миң сомго чейин көбөйөт. Сертификаты бар органикалык азыктарды кадимки товарлардан өзүнчө жайгаштырып, «Органикалык продукция» деген белги коюу сунушталууда. Бул талап интернет-дүкөндөргө жана маркетплейстерге да тиешелүү болот. Жайгаштыруу эрежеси биринчи жолу бузулса, эскертүү берилет. Кайталанса, жеке жактарга 1 миң, юридикалык жактарга 5 миң сом айып пул салынат. Мыйзам кабыл алынса, расмий жарыялангандан алты ай өткөн соң күчүнө кирет. 1️⃣  Наши платформы ⚡️  Подписаться

Open in Telegram
Views7,810+2%vs avg
Forwards—
Reactions—
Comments—
Views growthHide views growth

Views growth

Hours after publication

Show as table
Hours after publicationViews
0 h0
1 h608
1 h1,470
3 h4,120
6 h7,810
  1. After 1 hour1,470
  2. After 6 hours7,810
  3. Total to date7,810
#19270Photo

🔂 Шыкмаматов раскритиковал сотрудников ГНС за работу «бабушкиным методом» Глава Государственной налоговой службы Алмамбет Шыкмаматов раскритиковал сотрудников, которые продолжают работать по старым методам и не используют цифровые технологии. По его словам, некоторые работники даже не заходят в электронную базу данных. Пока сокращения в центральном аппарате ГНС не планируются. Однако Шыкмаматов предупредил, что сотрудники, которые не освоят цифровые инструменты и искусственный интеллект, в будущем могут лишиться работы. Напомним, в мае 2026 года в рамках оптимизации уже сократили 500 налоговиков. ➖➖➖ Шыкмаматов Салык кызматынын «эски ыкма» менен иштеген кызматкерлерин сынга алды Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов санариптик технологияларды колдонбой, эски ыкма менен иштеп жаткан кызматкерлерди сынга алды. Анын айтымында, айрым кызматкерлер электрондук маалымат базасына да киришпейт. Азырынча Салык кызматынын борбордук аппаратында кызматкерлерди кыскартуу пландалган эмес. Бирок Шыкмаматов санариптик куралдарды жана жасалма интеллектти өздөштүрбөгөндөр келечекте жумушсуз калышы мүмкүн экенин эскертти. Эске салсак, 2026-жылдын май айында оптималдаштыруунун алкагында 500 кызматкер кыскартылган. 1️⃣  Наши платформы ⚡️  Подписаться

Open in Telegram
Views7,330−4%vs avg
Forwards—
Reactions—
Comments—
Views growthHide views growth

Views growth

Hours after publication

Show as table
Hours after publicationViews
0 h142
2 h1,950
3 h3,670
6 h7,330
  1. After 1 hour1,950
  2. After 6 hours7,330
  3. Total to date7,330
#19269Photo

💰 В этом году число получателей микрокредитов в Кыргызстане выросло втрое За январь–сентябрь 2026 года микрокредитные организации Кыргызстана выдали более 76 млрд сомов. Число заемщиков превысило 2 млн человек, увеличившись втрое по сравнению с прошлым годом. По данным Нацстаткома, такой рост связан с развитием краткосрочного онлайн-кредитования. Объем выданных средств вырос на 20,7%. Из них 61% направлен на потребительские нужды, 15% — на сельское хозяйство и 13% — на торговлю и общепит. Почти половина всех заемщиков приходится на Бишкек. ➖➖➖ Быйыл Кыргызстанда микрокредит алгандардын саны үч эсеге өстү 2026-жылдын январь–сентябрь айларында Кыргызстандагы микрокредиттик уюмдар 76 млрд сомдон ашык насыя берген. Насыя алгандардын саны 2 млн адамдан ашып, былтыркыга салыштырмалуу үч эсеге көбөйгөн. Улуттук статистика комитети муну кыска мөөнөттүү онлайн насыялоонун өнүгүшү менен байланыштырууда. Берилген насыялардын көлөмү 20,7% өскөн. Каражаттын 61% керектөө муктаждыктарына, 15% айыл чарбасына, 13% соода жана коомдук тамактануу тармагына жумшалган. Насыя алгандардын дээрлик жарымы Бишкекке туура келет. 1️⃣  Наши платформы ⚡️  Подписаться

Open in Telegram
Views7,770+1%vs avg
Forwards—
Reactions—
Comments—
Views growthHide views growth

Views growth

Hours after publication

Show as table
Hours after publicationViews
0 h0
1 h636
1 h1,530
3 h4,110
6 h7,770
  1. After 1 hour1,530
  2. After 6 hours7,770
  3. Total to date7,770
#19268Photo

📋 Сертификаты «Кыргызтест» предлагают выдавать через «Түндүк» В Кыргызстане предлагают официально закрепить выдачу сертификатов о владении государственным языком через приложение «Түндүк». С 1 сентября 2026 года бумажные сертификаты уже перестали выдавать в обычном порядке, однако законодательство пока предусматривает только бумажный формат. Нацкомиссия по госязыку разработала проект постановления, чтобы устранить это несоответствие. Электронные сертификаты станут основным форматом, но бумажные документы сохранят для граждан Кыргызстана и иностранцев по личному заявлению. Выдавать их будет учреждение «Кыргызтест». Проект вынесен на общественное обсуждение. ➖➖➖ «Кыргызтест» сертификаттарын «Түндүк» аркылуу берүү сунушталууда Кыргызстанда мамлекеттик тилди билүү деңгээлин тастыктаган сертификаттарды «Түндүк» тиркемеси аркылуу берүүнү мыйзамдуу түрдө бекитүү сунушталууда. 2026-жылдын 1-сентябрынан тарта кагаз сертификаттарды берүү кадимки тартипте токтотулуп, электрондук форматка өтүлгөн. Бирок колдонуудагы мыйзамдарда азырынча кагаз түрүндөгү документтерди берүү гана каралган. Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия бул айырмачылыкты жоюу үчүн токтом долбоорун даярдады. Электрондук сертификаттар негизги формат болуп калат. Бирок Кыргызстандын жарандары жана чет өлкөлүктөр жеке арызынын негизинде кагаз сертификат ала алышат. Аларды «Кыргызтест» мекемеси берет. Долбоор коомдук талкууга чыгарылды. 1️⃣  Наши платформы ⚡️  Подписаться

Open in Telegram
Views8,130+6%vs avg
Forwards—
Reactions—
Comments—
Views growthHide views growth

Views growth

Hours after publication

Show as table
Hours after publicationViews
0 h66
2 h1,890
4 h4,470
7 h8,130
  1. After 1 hour1,890
  2. After 6 hours8,130
  3. Total to date8,130
#19265Photo

*️⃣ В Стамбуле открылась этнокультурная выставка «Дом культуры Кыргызстана» В культурном квартале Тюркского мира в Стамбуле 23 ноября открылась выставка «Дом культуры Кыргызстана». Посетители могут увидеть кыргызскую юрту, национальную одежду, музыкальные инструменты, старинные предметы быта и макеты архитектурных памятников. В церемонии открытия приняли участие представители Министерства культуры КР, дипломаты и соотечественники. Артисты Кыргызской национальной филармонии имени Т. Сатылганова выступили с концертной программой. Выставка призвана познакомить жителей и гостей Стамбула с кыргызской культурой и укрепить связи между двумя странами. ➖➖➖ Стамбулда «Кыргызстан маданият үйүнүн» этномаданий көргөзмөсү ачылды 23-ноябрда Стамбулдагы Түрк дүйнөсүнүн маданий кварталында «Кыргызстан маданият үйү» көргөзмөсү ачылды. Анда кыргыз боз үйү, улуттук кийимдер, музыкалык аспаптар, байыркы тиричилик буюмдары жана архитектуралык эстеликтердин макеттери коюлган. Ачылыш аземине Кыргызстандын Маданият министрлигинин өкүлдөрү, дипломаттар жана мекендештер катышты. Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын артисттери концерттик программа тартуулашты. Көргөзмө кыргыз маданиятын таанытууга жана эки өлкөнүн маданий байланыштарын чыңдоого багытталган. 1️⃣  Наши платформы ⚡️  Подписаться

Open in Telegram
Views7,720+1%vs avg
Forwards—
Reactions—
Comments—
Views growthHide views growth

Views growth

Hours after publication

Show as table
Hours after publicationViews
0 h547
1 h1,460
3 h4,110
6 h7,720
  1. After 1 hour1,460
  2. After 6 hours7,720
  3. Total to date7,720
#19264Photo

🤝 Дания назначила нового посла в Кыргызстане Королевство Дания назначило Ларса Туэсена новым чрезвычайным и полномочным послом в Кыргызстане. 23 ноября заместитель министра иностранных дел КР Медер Абакиров принял копии его верительных грамот. Туэсен также является специальным представителем МИД Дании по Центральной Азии. На встрече стороны обсудили взаимные визиты, расширение торгово-экономического сотрудничества и развитие отношений между странами. Отдельное внимание уделили взаимодействию в рамках ООН, Евросоюза и других международных организаций. ➖➖➖ Дания Кыргызстанга жаңы элчи дайындады Дания Королдугу Ларс Туэсенди Кыргызстандагы жаңы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси кылып дайындады. 23-ноябрда тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакиров анын ишеним грамоталарынын көчүрмөлөрүн кабыл алды. Туэсен ошондой эле Даниянын ТИМинин Борбор Азия боюнча атайын өкүлү болуп саналат. Жолугушууда тараптар өз ара сапарларды уюштуруу, соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүү жана эки өлкөнүн мамилелерин өнүктүрүү маселелерин талкуулашты. Ошондой эле БУУ, Европа биримдиги жана башка эл аралык уюмдардын алкагында кызматташууну бекемдөөгө кызыкдар экенин билдиришти. 1️⃣  Наши платформы ⚡️  Подписаться

Open in Telegram
Views8,030+5%vs avg
Forwards—
Reactions—
Comments—
Views growthHide views growth

Views growth

Hours after publication

Show as table
Hours after publicationViews
0 h14
2 h1,860
4 h4,490
7 h8,030
  1. After 1 hour1,860
  2. After 6 hours8,030
  3. Total to date8,030
#19263Photo

✅ Дома в прибрежной зоне Иссык-Куля предлагают узаконить В Кыргызстане предлагают распространить земельную амнистию на участки с частными домами в рекреационной зоне Иссык-Куля. Законопроект депутата Нурбека Сыдыгалиева вынесен на общественное обсуждение. Сейчас в пределах 100 метров от озера запрещено капитальное строительство, а в пределах 500 метров действуют ограничения на строительство и эксплуатацию объектов, кроме рекреационных. Изменения позволят рассматривать вопрос узаконивания уже построенных домов, но не гарантируют оформление каждого участка. Экологические ограничения сохранятся, а земли водного фонда и особо охраняемых природных территорий по-прежнему не будут подпадать под амнистию. ➖➖➖ Ысык-Көлдүн жээк аймагындагы үйлөрдү мыйзамдаштыруу сунушталууда Кыргызстанда Ысык-Көлдүн рекреациялык аймагындагы жеке турак үйлөр жайгашкан жер тилкелерине жер мунапысын колдонуу сунушталууда. Депутат Нурбек Сыдыгалиев иштеп чыккан мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Учурда көлдөн 100 метрге чейинки аралыкта капиталдык курулушка тыюу салынган, ал эми 500 метрге чейинки аймакта эс алуу жайларынан башка объектилерди курууга жана пайдаланууга чектөөлөр бар. Өзгөртүүлөр буга чейин курулган үйлөрдүн жер тилкелерин мыйзамдаштыруу маселесин кароого мүмкүнчүлүк берет. Бирок ар бир үй автоматтык түрдө мыйзамдаштырылбайт. Экологиялык талаптар сакталат, ал эми суу фондунун жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлери мунапыска кирбейт. 1️⃣  Наши платформы ⚡️  Подписаться

Open in Telegram
Views7,480−2%vs avg
Forwards—
Reactions—
Comments—
Views growthHide views growth

Views growth

Hours after publication

Show as table
Hours after publicationViews
0 h366
1 h1,310
3 h3,920
6 h7,480
  1. After 1 hour1,310
  2. After 6 hours7,480
  3. Total to date7,480
#19262Photo

🔎 Сколько получают глава ГНС Алмамбет Шыкмаматов и рядовой сотрудник Председатель Государственной налоговой службы Алмамбет Шыкмаматов рассказал Reporter.kg, что его зарплата составляет более 100 тысяч сомов. По его словам, рядовой сотрудник ГНС может получать 80 тысяч сомов, но сумма зависит от выполнения плана. Шыкмаматов также отметил, что за время его руководства зарплаты работников налоговой службы выросли на 30%. ➖➖➖ Мамлекеттик салык кызматынын башчысы Алмамбет Шыкмаматов жана катардагы кызматкер канча айлык алат Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов Reporter.kg сайтына айлыгы 100 миң сомдон ашарын билдирди. Анын айтымында, катардагы салык кызматкери 80 миң сомго чейин айлык ала алат. Бирок эмгек акынын өлчөмү пландын аткарылышына жараша болот. Шыкмаматов өзү жетекчилик кылган мезгилде кызматкерлердин айлыгы 30%га көтөрүлгөнүн да белгиледи. 1️⃣  Наши платформы ⚡️  Подписаться

Open in Telegram
Views8,040+5%vs avg
Forwards—
Reactions—
Comments—
Views growthHide views growth

Views growth

Hours after publication

Show as table
Hours after publicationViews
0 h0
1 h947
2 h1,880
4 h4,480
7 h8,040
  1. After 1 hour947
  2. After 6 hours8,040
  3. Total to date8,040
#19261Photo

⬇️ Около 300 пассажиров не могли вылететь из аэропорта «Манас» — в чем причина Утром 24 ноября в международном аэропорту «Манас» задержали несколько рейсов. Около 300 пассажиров не могли вылететь из-за технического сбоя в информационной системе Пограничной службы. В ОАО «Аэропорты Кыргызстана» сообщили Reporter.kg, что неполадки устранили в течение 30 минут. Пограничная служба подтвердила, что к 8:30 работа Единой системы учета внешней миграции была полностью восстановлена. Сейчас пассажиры проходят регистрацию и пограничный контроль. Некоторые рейсы также задержались по вине авиакомпаний. ➖➖➖ «Манас» аэропортунан 300гө жакын жүргүнчү уча албай калды — себеби эмнеде 24-ноябрда эртең менен «Манас» эл аралык аэропортунда бир нече каттам кармалды. Чек ара кызматынын маалыматтык системасындагы техникалык мүчүлүштүктөн улам 300гө жакын жүргүнчү өз убагында уча албай калган. «Кыргызстан аэропорттору» ААКсы Reporter.kg сайтына билдиргендей, мүчүлүштүк 30 мүнөттүн ичинде жоюлган. Чек ара кызматы тышкы миграцияны эсепке алуунун бирдиктүү системасы саат 8:30га карата толук калыбына келтирилгенин ырастады. Учурда жүргүнчүлөр каттоодон жана чек ара көзөмөлүнөн өтүп жатышат. Айрым каттамдар авиакомпаниялардын күнөөсүнөн улам да кечиккен. 1️⃣  Наши платформы ⚡️  Подписаться

Open in Telegram
Views8,000+4%vs avg
Forwards—
Reactions—
Comments—
Views growthHide views growth

Views growth

Hours after publication

Show as table
Hours after publicationViews
0 h0
1 h858
2 h1,860
3 h3,660
7 h8,000
  1. After 1 hour858
  2. After 6 hours8,000
  3. Total to date8,000
#19260Photo

*️⃣ В городе Каракол строят конгресс-холл на тысячу мест В Караколе Иссык-Кульской области строят конгресс-холл на 1000 мест. По данным Минстроя, работы выполняет государственное предприятие «Кыргызкурулуш», а финансирование идет из Стабилизационного фонда. Строительство началось в мае 2026 года на участке площадью 1,6 гектара. Фундамент здания уже готов, завершено бетонирование плиты первого этажа. Сейчас рабочие устанавливают опорные стойки для опалубки второго этажа. Проектирование продолжается параллельно со строительством. ➖➖➖ Каракол шаарында миң орундуу конгресс-холл курулууда Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында 1000 орундуу конгресс-холл курулуп жатат. Курулуш министрлигинин маалыматына караганда, иштерди «Кыргызкурулуш» мамлекеттик ишканасы жүргүзүүдө. Долбоор Турукташтыруу фондунун эсебинен каржыланууда. Курулуш 2026-жылдын май айында 1,6 гектар жер тилкесинде башталган. Учурда имараттын пайдубалы тургузулуп, биринчи кабаттын плитасын бетондоо иштери аяктады. Азыр экинчи кабаттын калыбын кармап туруучу тирөөчтөр орнотулууда. Долбоорлоо иштери курулуш менен катар жүргүзүлүүдө. 1️⃣  Наши платформы ⚡️  Подписаться

Open in Telegram
Views7,330−4%vs avg
Forwards—
Reactions—
Comments—
Views growthHide views growth

Views growth

Hours after publication

Show as table
Hours after publicationViews
0 h90
2 h2,060
3 h3,850
6 h7,330
  1. After 1 hour2,060
  2. After 6 hours7,330
  3. Total to date7,330
#19259Photo

🔂 Дженсен Хуанг вернулся на пост главы Nvidia Совет директоров Nvidia единогласно одобрил возвращение Дженсена Хуанга на посты президента, генерального директора и члена совета директоров. Компания объявила об этом 23 ноября. В руководстве заявили, что восстановление Хуанга не представляет угрозы национальной безопасности США. Независимый комитет продолжает расследовать сообщения о возможных связях бизнесмена с иностранной разведкой. После новости о его возвращении акции Nvidia подорожали более чем на 30% до открытия торгов на Nasdaq. Напомним, Хуанг покинул должность 12 ноября на фоне скандала, связанного с его личной жизнью. ➖➖➖ Дженсен Хуанг Nvidia компаниясынын башчысы кызматына кайтты Nvidia компаниясынын директорлор кеңеши Дженсен Хуангды президент, башкы директор жана директорлор кеңешинин мүчөсү кызматтарына кайтарууну бир добуштан колдоду. Компания бул тууралуу 23-ноябрда билдирди. Жетекчилик анын кайтып келиши АКШнын улуттук коопсуздугуна коркунуч жаратпай турганын белгиледи. Көз карандысыз комитет Хуангдын чет элдик чалгын кызматтары менен болжолдуу байланышы тууралуу маалыматтарды иликтөөнү улантууда. Анын кызматка кайтып келгени кабарлангандан кийин Nvidia акциялары Nasdaq биржасында соода башталганга чейин 30%дан ашык кымбаттады. Эске салсак, Хуанг жеке жашоосуна байланыштуу чуудан улам 12-ноябрда кызматтан кеткен. 1️⃣  Наши платформы ⚡️  Подписаться

Open in Telegram
Views8,000+4%vs avg
Forwards—
Reactions—
Comments—
Views growthHide views growth

Views growth

Hours after publication

Show as table
Hours after publicationViews
0 h0
1 h827
1 h1,790
4 h4,550
7 h8,000
  1. After 1 hour827
  2. After 6 hours8,000
  3. Total to date8,000
#19258Photo

🌧️ 24 ноября: в Кыргызстане ожидаются дожди, в горах — снег Сегодня, 24 ноября, на большей части территории Чуйской, Таласской и Джалал-Абадской областей, а также местами в Иссык-Кульской и Нарынской областях пройдут дожди, в горных районах — снег. В Ошской и Баткенской областях осадков не ожидается. Об этом сообщает Кыргызгидромет. 4️⃣ Чуйская область: ночью +7…+12°C, днем +15…+20°C 4️⃣ Таласская область: ночью +3…+8°C, днем +12…+17°C 4️⃣ Ошская область: ночью +6…+11°C, днем +16…+21°C 4️⃣ Джалал-Абадская область: ночью +6…+11°C, днем +16…+21°C 4️⃣ Баткенская область: ночью +6…+11°C, днем +16…+21°C 4️⃣ Иссык-Кульская область: ночью 0…+5°C, днем +7…+12°C 4️⃣ Нарынская область: ночью −9…−4°C, днем +6…+11°C 4️⃣ Бишкек: ночью +9…+11°C, днем +16…+18°C ➖➖➖ 24-ноябрь: Кыргызстандын айрым аймактарында жаан жаап, тоолордо кар түшөт Бүгүн, 24-ноябрда, Чүй, Талас жана Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, тоолуу райондордо кар түшөт. Ош жана Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди. • Чүй облусу: түнкүсүн +7…+12°C, күндүз +15…+20°C • Талас облусу: түнкүсүн +3…+8°C, күндүз +12…+17°C • Ош облусу: түнкүсүн +6…+11°C, күндүз +16…+21°C • Жалал-Абад облусу: түнкүсүн +6…+11°C, күндүз +16…+21°C • Баткен облусу: түнкүсүн +6…+11°C, күндүз +16…+21°C • Ысык-Көл облусу: түнкүсүн 0…+5°C, күндүз +7…+12°C • Нарын облусу: түнкүсүн −9…−4°C, күндүз +6…+11°C • Бишкек: түнкүсүн +9…+11°C, күндүз +16…+18°C 1️⃣  Наши платформы ⚡️  Подписаться

Open in Telegram
Views8,150+6%vs avg
Forwards—
Reactions—
Comments—
Views growthHide views growth

Views growth

Hours after publication

Show as table
Hours after publicationViews
0 h0
1 h758
1 h1,750
4 h4,650
7 h8,150
  1. After 1 hour758
  2. After 6 hours8,150
  3. Total to date8,150
#19257Photo

💵 На лизинг сельхозтехники привлечен инвестиционный кредит в размере 45 млн долларов В Кыргызстане привлекли инвестиционный кредит на 45 млн долларов для предоставления сельхозтехники и оборудования перерабатывающим предприятиям в лизинг. Проект финансирует Исламский банк развития. Фермеры смогут приобрести технику на льготных условиях — под 6% годовых на срок до 7 лет. Лизинг будут предоставлять «АБанк» и «Элдик Банк». Средства направят на обновление техники, увеличение производства и снижение себестоимости продукции. Первый этап рассчитан на 2026–2030 годы, а весь проект — до 2050 года. ➖➖➖ Айыл чарба техникасын лизингге берүү үчүн 45 млн доллар инвестициялык насыя тартылды Кыргызстанда айыл чарба техникасын жана кайра иштетүүчү ишканалар үчүн жабдууларды лизингге берүү максатында 45 млн доллар инвестициялык насыя тартылды. Долбоор Ислам өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланат. Дыйкандар менен фермерлер техниканы 7 жылга чейин, жылдык 6% менен жеңилдетилген шартта ала алышат. Лизингди «АБанк» жана «Элдик Банк» берет. Каражат техникаларды жаңылоого, өндүрүштү көбөйтүүгө жана продукциянын өздүк наркын төмөндөтүүгө багытталат. Долбоордун биринчи этабы 2026–2030-жылдарды камтыйт, ал эми жалпы ишке ашыруу мөөнөтү 2050-жылга чейин белгиленген. 1️⃣  Наши платформы ⚡️  Подписаться

Open in Telegram
Views7,730+1%vs avg
Forwards—
Reactions—
Comments—
Views growthHide views growth

Views growth

Hours after publication

Show as table
Hours after publicationViews
0 h0
1 h834
1 h1,730
4 h4,940
6 h7,730
  1. After 1 hour834
  2. After 6 hours7,730
  3. Total to date7,730
#19256Photo

⚡️ Энергетики Кыргызстана впервые провели ремонт сетей без отключения света В жилмассиве Биримдик села Маевка Чуйской области энергетики впервые в Кыргызстане отремонтировали линию электропередачи без отключения электричества. Специалисты «НЭСК» заменили изолятор на линии 0,4 кВ под напряжением. Для внедрения технологии в Караколе создали учебный центр стоимостью более 55 млн сомов. Обучение уже прошли 20 энергетиков, еще четверых подготовят до конца года. Ранее 11 сотрудников «НЭСК» обучились в Татарстане. Расширять практику планируют до 2030 года. ➖➖➖ Кыргызстандын энергетиктери электр жарыгын өчүрбөстөн тармактарды биринчи жолу оңдошту Чүй облусунун Маевка айылындагы Биримдик конушунда энергетиктер Кыргызстанда биринчи жолу электр жарыгын өчүрбөстөн электр чубалгысын оңдошту. «УЭТ» ААКтын адистери чыңалуу алдында турган 0,4 кВ линиясынын изоляторун алмаштырышты. Бул технологияны киргизүү үчүн Караколдо 55 млн сомдон ашык каражатка окуу борбору түзүлгөн. Анда 20 энергетик билим алып, жыл аягына чейин дагы төртөө даярдалат. Буга чейин 11 кызматкер Татарстанда окуудан өткөн. Жаңы ыкманы 2030-жылга чейин кеңири жайылтуу пландалууда. 1️⃣  Наши платформы ⚡️  Подписаться

Open in Telegram
Views7,980+4%vs avg
Forwards—
Reactions—
Comments—
Views growthHide views growth

Views growth

Hours after publication

Show as table
Hours after publicationViews
0 h191
2 h2,020
7 h7,980
  1. After 1 hour2,020
  2. After 6 hours7,980
  3. Total to date7,980
#19255Photo

🏥 Госпитализация без направления врача: когда придется платить — ФОМС В Кыргызстане пациенты могут обратиться в больницу без направления семейного врача. Если человеку требуется экстренная помощь, лечение предоставляется бесплатно до устранения угрозы жизни и здоровью. При этом наличие полиса ОМС и направления не имеет значения. Если госпитализация не экстренная, ФОМС рекомендует сначала обратиться к семейному врачу. При самостоятельном поступлении в стационар без направления пациенту придется внести максимальную сооплату, даже при наличии полиса ОМС или льгот. Уточнить условия лечения можно по бесплатному круглосуточному номеру 113. ➖➖➖ Дарыгердин жолдомосу жок ооруканага жатуу: кайсы учурда акча төлөөгө туура келет — ММК фонду Кыргызстанда бейтаптар үй-бүлөлүк дарыгердин жолдомосу жок эле ооруканага кайрыла алышат. Эгер адамга шашылыш медициналык жардам керек болсо, анын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч жоюлганга чейин жардам акысыз көрсөтүлөт. Бул учурда медициналык камсыздандыруу полиси же жолдомо талап кылынбайт. Ал эми шашылыш жардам талап кылынбаса, ММК фонду алгач үй-бүлөлүк дарыгерге кайрылууну сунуштайт. Жолдомосу жок өз алдынча ооруканага жаткан бейтап камсыздандыруусу же жеңилдиги бар экенине карабастан, кошумча төлөмдүн эң жогорку өлчөмүн төлөйт. Толук маалыматты күнү-түнү иштеген акысыз 113 номеринен алууга болот. 1️⃣  Наши платформы ⚡️  Подписаться

Open in Telegram
Views7,420−3%vs avg
Forwards—
Reactions—
Comments—
Views growthHide views growth

Views growth

Hours after publication

Show as table
Hours after publicationViews
0 h524
1 h1,460
3 h4,220
6 h7,420
  1. After 1 hour1,460
  2. After 6 hours7,420
  3. Total to date7,420
#19254Photo

🔂 Мэр Канта Улан Майлибашев снят с должности Мэр города Кант Улан Майлибашев освобожден от должности. Об этом Reporter.kg сообщили собственные источники издания. Майлибашев руководил городом пять лет. За это время бюджет Канта вырос со 179,3 млн до 518,8 млн сомов. В городе асфальтировали улицы, обновили ЦОН, открыли Молодежный парк и ввели дизайн-код. Также были подготовлены проекты строительства школы, кризисного центра и муниципального рынка. ➖➖➖ Кант шаарынын мэри Улан Майлибашев кызматынан бошотулду Кант шаарынын мэри Улан Майлибашев кызматынан бошотулду. Бул тууралуу Reporter.kg басылмасына өздүк булактары билдиришти. Майлибашев шаарды беш жыл башкарган. Бул аралыкта Канттын бюджети 179,3 млн сомдон 518,8 млн сомго чейин өскөн. Шаарда жолдор асфальтталып, Калкты тейлөө борбору жаңыланып, Жаштар паркы ачылган жана дизайн-код киргизилген. Ошондой эле мектеп, кризистик борбор жана муниципалдык базар куруу долбоорлору даярдалган. 1️⃣  Наши платформы ⚡️  Подписаться

Open in Telegram
Views8,380+9%vs avg
Forwards—
Reactions—
Comments—
Views growthHide views growth

Views growth

Hours after publication

Show as table
Hours after publicationViews
0 h0
1 h583
1 h1,540
4 h4,290
7 h8,380
  1. After 1 hour1,540
  2. After 6 hours8,380
  3. Total to date8,380
#19253Photo

👨‍⚖️ Минюст расширит сеть бесплатных адвокатов в регионах и по земельным спорам Министерство юстиции Кыргызстана планирует расширить доступ к бесплатной юридической помощи. Координаторов службы разместят в зданиях областных и районных администраций, а число сотрудников увеличат, чтобы охватить все районы страны. Также подготовлены поправки, позволяющие гражданам получать бесплатную помощь адвокатов по земельным спорам и вопросам недвижимости. Для привлечения специалистов в регионы планируется повысить оплату их труда. ➖➖➖ Юстиция министрлиги аймактарда жана жер талаштары боюнча акысыз адвокаттардын санын көбөйтөт Кыргызстандын Юстиция министрлиги акысыз юридикалык жардамдын жеткиликтүүлүгүн кеңейтүүнү пландоодо. Юридикалык жардам кызматынын координаторлору облустук жана райондук администрациялардын имараттарына жайгаштырылып, өлкөнүн бардык райондорун камтуу үчүн кызматкерлердин саны көбөйтүлөт. Ошондой эле жер талаштары жана кыймылсыз мүлк маселелери боюнча мамлекеттин эсебинен акысыз адвокаттык жардам көрсөтүүгө мүмкүндүк берген мыйзамга өзгөртүүлөр даярдалды. Аймактарга адистерди тартуу үчүн алардын эмгек акысын жогорулатуу да каралууда. 1️⃣  Наши платформы ⚡️  Подписаться

Open in Telegram
Views3,840−50%vs avg
Forwards—
Reactions—
Comments—
Views growthHide views growth

Views growth

Hours after publication

Show as table
Hours after publicationViews
0 h205
2 h2,010
3 h3,840
  1. After 1 hour2,010
  2. Total to date3,840
#19252Photo

📢 Сигнал о помощи Амира Кунакунова остался у диспетчера — глава МЧС Глава МЧС Канатбек Чыныбаев заявил, что готов взять на себя полную ответственность за гибель 14-летнего Амира Кунакунова в Ала-Арче. По предварительным данным внутренней проверки, причиной трагедии стал человеческий фактор: обращение подростка за помощью осталось у диспетчера и не было передано для дальнейшего реагирования. Обстоятельства гибели расследует военная прокуратура. МЧС пересматривает порядок проведения спасательных операций. Напомним, 7 ноября Амир позвонил по номеру 112 и сообщил, что заблудился в горах. 9 ноября его тело нашли в районе пика Электро. ➖➖➖ Амир Кунакуновдун жардам чакырыгы диспетчерде калып кеткен — ӨКМ башчысы ӨКМ башчысы Канатбек Чыныбаев Ала-Арчада 14 жаштагы Амир Кунакуновдун каза болушу үчүн толук жоопкерчиликти алууга даяр экенин билдирди. Алдын ала ички текшерүүгө ылайык, трагедияга адам фактору себеп болгон. Өспүрүмдүн жардам сураган кайрылуусу диспетчердик кызматта калып, андан ары тиешелүү чаралар көрүлгөн эмес. Учурда окуяны Аскер прокуратурасы териштирип жатат. ӨКМ куткаруу иштерин жүргүзүү тартибин кайра карап чыгууда. Эске салсак, 7-ноябрда Амир 112 кызматына чалып, тоодо адашып калганын билдирген. 9-ноябрда анын сөөгү Электро чокусунун аймагынан табылган. 1️⃣  Наши платформы ⚡️  Подписаться

Open in Telegram
Views4,140−46%vs avg
Forwards—
Reactions—
Comments—
Views growthHide views growth

Views growth

Hours after publication

Show as table
Hours after publicationViews
0 h508
1 h1,410
3 h4,140
  1. After 1 hour1,410
  2. Total to date4,140
#19251Photo

🔂 «Эхо БДФ»: в Бишкеке пройдет детский фестиваль с участием актера Сергея Безрукова С 6 по 10 декабря в Бишкеке пройдет международная программа «Эхо БДФ» Большого детского фестиваля. В программе — спектакли российских и кыргызских театров, семейное кино, анимация, встречи с писателями и творческие мастер-классы для детей и подростков. Фестиваль откроется 6 декабря музыкальной сказкой «Маленький принц» Московского художественного академического театра имени М. Горького. Главную роль исполнит российский актер Сергей Безруков. Спектакль пройдет в сопровождении оркестра. Полную афишу опубликуют позднее. ➖➖➖ «Эхо БДФ»: Бишкекте актер Сергей Безруковдун катышуусунда балдар фестивалы өтөт 6–10-декабрь күндөрү Бишкекте Чоң балдар фестивалынын «Эхо БДФ» эл аралык программасы өтөт. Анда Россиянын жана Кыргызстандын театрларынын спектаклдери, үй-бүлөлүк тасмалар, анимациялар көрсөтүлөт. Ошондой эле жазуучулар менен жолугушуулар жана балдар менен өспүрүмдөр үчүн чыгармачылык мастер-класстар уюштурулат. Фестиваль 6-декабрда М. Горький атындагы Москва көркөм академиялык театрынын «Кичинекей ханзаада» музыкалык жомогу менен ачылат. Башкы ролду россиялык актер Сергей Безруков аткарат. Спектакль оркестрдин коштоосунда өтөт. Иш-чаралардын толук программасы кийинчерээк жарыяланат. 1️⃣  Наши платформы ⚡️  Подписаться

Open in Telegram
Views4,550−41%vs avg
Forwards—
Reactions—
Comments—
Views growthHide views growth

Views growth

Hours after publication

Show as table
Hours after publicationViews
0 h0
1 h928
1 h1,830
4 h4,550
  1. After 1 hour928
  2. Total to date4,550
#19250Photo

🪙 В Кыргызстане на льготные кредиты для племенного скота выделили еще 271 млн сомов В Кыргызстане дополнительно выделили 271 млн сомов на льготные кредиты для развития племенного животноводства. Фермеры смогут получить финансирование под 3% годовых до конца 2026 года. Об этом сообщили в Министерстве сельского хозяйства. Кредиты предоставляют «АБанк» и «Элдик Банк». Подать заявку можно онлайн через приложение IDYIKAN, авторизовавшись через «Тундук». Средства предназначены для приобретения племенных коров, яков, лошадей, овец и коз. Поддержка доступна племенным хозяйствам, импортерам скота, техникам-осеменаторам, фермерам и индивидуальным предпринимателям. ➖➖➖ Кыргызстанда асыл тукум мал чарбасы үчүн жеңилдетилген насыяларга кошумча 271 млн сом бөлүндү Кыргызстанда асыл тукум мал чарбасын өнүктүрүүгө жеңилдетилген насыялар үчүн кошумча 271 млн сом бөлүндү. Фермерлер 2026-жылдын аягына чейин жылдык 3% менен насыя ала алышат. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди. Насыялар «АБанк» жана «Элдик Банк» аркылуу берилет. Арызды IDYIKAN тиркемесинде «Түндүк» аркылуу кирип, онлайн тапшырууга болот. Каражат асыл тукум уй, топоз, жылкы, кой жана эчки сатып алууга багытталган. Колдоодон асыл тукум мал чарбалары, мал импорттоочулар, жасалма уруктандыруу техниктери, фермерлер жана жеке ишкерлер пайдалана алышат. 1️⃣  Наши платформы ⚡️  Подписаться

Open in Telegram
Views4,150−46%vs avg
Forwards—
Reactions—
Comments—
Views growthHide views growth

Views growth

Hours after publication

Show as table
Hours after publicationViews
0 h458
1 h1,440
3 h4,150
  1. After 1 hour1,440
  2. Total to date4,150
#19249Photo

📢 В Кыргызстане предлагают объединить госвыплаты в одну систему В Кыргызстане предлагают создать Единую систему взаиморасчетов государства с гражданами (ЕСВ). Она объединит оформление и перечисление пособий и других государственных выплат. Через приложение «Түндүк» граждане смогут подавать заявления, отслеживать их рассмотрение и получать уведомления. Документы, уже имеющиеся в госбазах, повторно предоставлять не потребуется. Получатели смогут самостоятельно выбирать банк для зачисления денег из числа подключенных к системе. Все услуги будут бесплатными, а размеры и условия назначения пособий останутся прежними. Нововведения планируют внедрять поэтапно. Пока проект постановления кабмина вынесен на общественное обсуждение. ➖➖➖ Кыргызстанда мамлекеттик төлөмдөрдү бирдиктүү системага бириктирүү сунушталууда Кыргызстанда мамлекет менен жарандардын ортосундагы өз ара эсептешүүлөрдүн бирдиктүү системасын (ЕСВ) түзүү сунушталууда. Ал жөлөк пулдарды жана башка мамлекеттик төлөмдөрдү тариздөө менен которуу иштерин бириктирет. Жарандар «Түндүк» тиркемеси аркылуу арыз берип, анын каралышын көзөмөлдөп, билдирмелерди ала алышат. Мамлекеттик базаларда бар документтерди кайра тапшыруунун зарылдыгы болбойт. Акча алуучулар системага кошулган банктардын арасынан өздөрүнө ыңгайлуусун тандай алышат. Бардык кызматтар акысыз көрсөтүлүп, жөлөк пулдардын өлчөмү жана дайындоо шарттары өзгөрбөйт. Жаңы тартипти этап-этабы менен киргизүү пландалууда. Учурда токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды. 1️⃣  Наши платформы ⚡️  Подписаться

Open in Telegram
Views7,390−4%vs avg
Forwards—
Reactions—
Comments—
Views growthHide views growth

Views growth

Hours after publication

Show as table
Hours after publicationViews
0 h0
1 h1,010
2 h2,010
3 h3,750
6 h7,390
  1. After 1 hour1,010
  2. After 6 hours7,390
  3. Total to date7,390
#19248Photo

*️⃣ В КР рассматривают возможность выдачи льготных кредитов производителям кымыза В Кыргызстане планируют предоставлять льготные кредиты производителям кымыза. Как сообщила замминистра сельского хозяйства Рысгуль Акимжанова, сейчас разрабатываются механизмы получения такой поддержки. На встрече в министерстве производители и ученые обсудили развитие бренда «Кыргызский кымыз», увеличение объемов производства и продвижение напитка на внутреннем и международном рынках. Для дальнейшей работы создана специальная группа. ➖➖➖ Кыргызстанда кымыз өндүрүүчүлөргө жеңилдетилген насыя берүү каралууда Кыргызстанда кымыз өндүрүүчүлөргө жеңилдетилген насыя берүү пландалууда. Айыл чарба министринин орун басары Рысгүл Акимжанованын айтымында, учурда мындай колдоону алуу механизмдери иштелип чыгууда. Министрликте өткөн жолугушууда өндүрүүчүлөр жана окумуштуулар «Кыргыз кымызы» брендин өнүктүрүү, өндүрүш көлөмүн көбөйтүү жана суусундукту ички жана тышкы рынокторго чыгаруу маселелерин талкуулашты. Бул багытта иш алып баруу үчүн атайын жумушчу топ түзүлдү. 1️⃣  Наши платформы ⚡️  Подписаться

Open in Telegram
Views8,110+6%vs avg
Forwards—
Reactions—
Comments—
Views growthHide views growth

Views growth

Hours after publication

Show as table
Hours after publicationViews
0 h579
1 h1,760
4 h4,520
7 h8,110
  1. After 1 hour1,760
  2. After 6 hours8,110
  3. Total to date8,110