АЛЛАХ ТААЛАНЫН ЫСЫМ-СЫПАТТАРЫН ТААНЫП ҮЙРӨНҮҮ
Пайгамбарыбыз ﷺ айткан:
«إِنَّ لِلَّهِ تِسْعَةً وَتِسْعِينَ اسْمًا مِائَةً إِلَّا وَاحِدًا، مَنْ أَحْصَاهَا دَخَلَ الْجَنَّةَ»
«Аллахтын токсон тогуз ысымы бар. Ким аларды жаттаса (түшүнүп, амал кылса), Бейишке кирет».
(Бухари, Муслим)
Бүгүн Аллах Тааланын көркөм ысымдарынын бири —
«Ал-Хакк»
ысымына түшүндүрмө беребиз.
1️⃣ *Мааниси:*
«Ал-Хакк» – Аллахтын көркөм ысымдарынын бири. Ал Өзүнүн Затында, ысым-сыпаттарында, иш-аракеттеринде, сөздөрүндө жана өкүмдөрүндө жалгыз Акыйкат.
Аллах Таала айткан:
*"Ушул Аллах силердин чыныгы Раббиңер. Чындыктан кийин адашуучулуктан башка эч нерсе келбейт. Кайда бурулуп бара жатасыңар?!"*
(Юнус сүрөсү, 32-аят)
Ибн Усаймин (Аллах аны ырайымына алсын) бул ысымдын маанисин түшүндүрүп жатып мындай деген: "Аллах Таала Өзүнүн Затында, ысым-сыпаттарында, иш-аракеттеринде, сөздөрүндө, дининде жана Ага кылынган ибадатта жалгыз Акыйкат Зат".
2️⃣ Далилдери:
Алардын катарында Аллах Тааланын төмөнкү сөздөрү бар:
(فَتَعَالَى اللَّه الْمَلِكُ الْحَقُّ لَا إِلَٰهَ إِلَّا هُوَ رَبُّ الْعَرْشِ الْكَرِيمِ)
*"Чыныгы Падыша - Өзүнөн башка сыйынууга татыктуу кудай жок (жана) Улуу Арштын Ээси болгон Аллах (бир нерсени максатсыз жаратуудан) Бийик!"*
[Му`минун сүрөсү,116-аят].
Аллах Таала айткан:
ذَٰلِكَ بِأَنَّ اللَّهَ هُوَ الْحَقُّ وَأَنَّهُ يُحْيِي الْمَوْتَىٰ وَأَنَّهُ عَلَىٰ كُلِّ شَيْءٍ قَدِيرٌ
*"Бул (ушундай). Анткени Аллах – бул Акыйкат, Ал өлүктөрдү тирилтет жана Ал бардык нерсеге Кудуреттүү!"*
[Хаж сүрөсү, 6-аят].
Аллах Таала айткан:
ثُمَّ رُدُّوا إِلَى اللَّهِ مَوْلَاهُمُ الْحَقِّ
*"Андан соң алар чыныгы (Акыйкат) Кожоюну болгон Аллахка кайтарылышат."*
[Анъам сүрөсү,62-аят].
Ал эми Сүннөттө, Пайгамбарыбыз ﷺ түнкү намазда (тахажжуд) окуган дубасында мындай деген:
*"Оо, Аллах! Сен – Акыйкатсың, Сенин убадаң – акыйкат, Сенин сөзүң – акыйкат, Сага жолугуу – акыйкат, Бейиш – акыйкат, Тозок – акыйкат, Мухаммад – акыйкат жана Кыямат күн – акыйкат!"*
(Бухари жана Муслим).
Пайгамбарыбыз ﷺ Аллах Тааланын «Ал-Хакк» ысымын тастыктап, Анын убадасы, сөзү, Ага жолугуу, Бейиш, Тозок жана Кыямат күнү бүтүндөй акыйкат экендигин баса белгилеген.
3️⃣ *Ал-Хакк ысымы аркылуу Аллахка кантип ибадат кылабыз?*
1. *Аллахтын жалгыздыгын ишке ашыруу*
Эгерде пенде Аллахтын Акыйкат экендигине толук ишенсе, ибадат жалгыз Ага гана татыктуу экенин билет жана ибадаттын эч бир түрүн Андан башкага бурбайт.
2. *Аллахтын кабарларын тастыктоо*
«Ал-Хакк» ысымы улуктоонун белгиси, пенде Аллах кабар берген бардык нерселерди чын жүрөктөн тастыктоосу жана ал өзүнүн жеке оюн, шек-күмөнүн же күмөндүү нерселерди алдыга койбоосу.
3. *Аллахтын шариятын ээрчүү*
Аллах Акыйкат болгондуктан, Анын өкүмү акыйкат, дини акыйкат жана шарияты акыйкат.
(أَلَا لَهُ الْحُكْمُ)
*"Билип койгула, өкүм кылуу – Ага гана таандык."*
[Анъам сүрөсү, 62-аят].
4. *Акыйкатты бекем кармоо*
Аллахтын Акыйкат экендигин тааныган адам акыйкатты жакшы көрөт, ага умтулат жана адамдардын ыраазычылыгын Аллахтын ыраазычылыгынан жогору койбойт.
5. *Аллахка тобокел кылуу*
Пенде Аллахтын убадасы акыйкат экенин жана ал эч качан бузулбаштыгын билет. Ошентип, анын жүрөгү Аллах менен тынчтыкта болуп, Ага толук ишенет.
4️⃣ *«Ал-Хакк» ысымынан алына турган пайдалар:*
▫️*Жүрөктүн бейпилдиги:* Эгер пенде Раббисинин Акыйкат экендигин билсе, жалгандын жана аны ээрчигендердин айынан санаага батып, тынчсызданбайт.
▫️*Динде бекем болуу:* Аллахтын Акыйкат экендигине ыйман келтирүү мусулманды ибадатка бекем кылат.
▫️*Жалганга алданбоо:* Жалган сырттан канчалык жайылган жана күчтүү көрүнбөсүн, аны менен ал эч качан акыйкатка айланып калбайт.
> ﴿وَقُلْ جَاءَ الْحَقُّ وَزَهَقَ الْبَاطِلُ إِنَّ الْبَاطِلَ كَانَ زَهُوقًا﴾
*"Айткын: «Акыйкат келди, жалган жок болду. Чындыгында, жалган – жок болуучу!»"*
[Исра сүрөсү, 81-аят].
▫️*Аллахтын убадасынан жакшы үмүттө болуу:* Момун адам Аллахтын убадасы акыйкат экенин билет, ошондуктан анын натыйжасы көз карашында кечигип жатса да, ибадатта сабырдуулук кылып, күнөөлөрдөн оолак болот.