Posts of БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ
Намазга чакырып, намазды эстетип, сени Раббиңе жакындатууга себепчи болгон жакындарыңдын бар экени кандай чоң бакыт! Намаздарың жайындабы, бир тууганым? Бири-бирибизди бейишке жетелеген жакындардан бололу! Жума маарек болсун! 🌹
Open in Telegram🤔Намаз окуп эмне таптың десеңиз: ⠀ Акылым менен Алланы таанып, жүрөгүм менен сезип, өзүмдүн ким экенимди билип, жашоомдогу максатымды таптым. Дайыма кыжаалат болгон жүрөгүм тынчып, маанайым ачылып, башыма кандай сыноо келсе да стресс - депрессия дегенди жеңил чыккан жолду таптым. Жаман ойлор кетип, жашоого кызыгып, караңгылап калган дүйнөмө жарык кирди, анткени Аллахты таптым. Сиз менен мен күтүп, чакырып, издеп жүргөн бакыттын сырын таптым. Мен бактылуумун. "Ким Жаратканды тапса, ал бүт нерсени тапканы. Ким Аны жоготсо, ал бүт нерсени жоготкону." ⠀ Дегеним, жашоомдогу эң маанилүү, зарыл ишим деп намазды эсепте. Намазды өз убактысында берилүү, кунт коюу менен оку. Тамак ичүүнү унутуп калбаган сыяктуу намазды да унутпа. Намаз – сенин максатың, үмүтүң, жашооң, өмүрүң болсун! ⠀ Эгер ушундай болсо, анда сүйүнө бер: сен Алланын коргоодосуң, периштелер дубасындасың, дайыма ырыскың ашып- ташып турат, өмүрүң берекелүү болот. ⠀ “Аллахым мени да, менин урук-урпагымды да намаз окуучулардан кыл” (“Ибрахим” сүрөсү, 40-аят). ⠀ 🧕Автор: Насиба Абдуллаева. ⠀ 📕"Үмүттүн шооласы өчпөсүн" китебинен.. ⠀ https://chat.whatsapp.com/Lc4vFSzrsYB4bEfCcFzXp1?s=cl&p=a&mlu=4&ilr=4&iam=2
Open in Telegram🌹"Күн шооласын чачкан күндөрдүн эң жакшысы Жума күнү ".. (Имам Муслим 1410) «О, Рабби! Бизди Туура Жолго салганыңдан кийин жүрөктөрүбүздү адаштырба! Жана бизге Өзүңдүн ырайым-рахматыңды белек кыл! Албетте, Сен белектерди көп берүүчү – Ваххабсың!» (Аалы-Имран 3:8). 🤲🏻Жума маарек болсун. Бүгүнкү жумаңыздар берекелүү болсун! https://chat.whatsapp.com/C4F0BAFOql5HXAygWN3Uuz?s=cl&p=a&mlu=4&ilr=4&iam=2
Open in Telegram🤲Ассаламу алайкум! Урматтуу мекендештер, кадырлуу мусулман бир туугандар! Учурда медреседе илим алып жаткан балдарыбыздын арасында окуу контрагына жана күнүмдүк муктаждыктарына колдоого муктаж болгондор бар. Алардын ар бирине билим жолун улантууга мүмкүнчүлүк түзүү — баарыбыздын адамдык жана мусулмандык милдетибиз. Пайгамбарыбыз ﷺ айткан: «Ким бир мусулмандын бул дүйнөдөгү кыйынчылыгын жеңилдетсе, Алла Таала анын Кыяматтагы кыйынчылыктарынын бирин жеңилдетет». Ар кимибиз мүмкүнчүлүгүбүзгө жараша салым кошолу. Бир баланын окуусуна, дары-дармегине же башка муктаждыгына жардам берүү — анын келечегине кошкон салымыбыз. Балким, бүгүнкү кичинекей жардамыбыз эртең чоң жакшылыктардын башаты болор. Эмбанк 996555401133, Мелисбек деп чыгат.. Келгиле, илим жолундагы балдарыбызга жөлөк бололу! Алла Таала кылган кайрымдуулуктарыбызды кабыл кылып, мал-мүлкүбүзгө береке, балдарыбызга ден соолук жана пайдалуу илим насип кылсын. Аамиин!
Open in TelegramАссаламу алайкум! Жакшы көргөн жакындарыңызга жөнөтүп, жүзүнө жылмаюу тартуулап жүрөгүн жылуулукка бөлөңүз. Башкалар менен да бөлүшүп коюңуз..🤗🌹🤲 https://www.instagram.com/reel/Dfv9tcetRzO/?srtk=MXVtYXB5MXg1Znd3Ng==
Open in TelegramТАҢКЫ УБАКЫТТЫН БЕРЕКЕСИ 🌿 Пайгамбарыбыз Мухаммад ﷺ мындай деп дуба кылган: «اللَّهُمَّ بَارِكْ لِأُمَّتِي فِي بُكُورِهَا» Мааниси: «Оо, Аллахым! Үммөтүмдүн таңкы убактысына береке бере көр!» Сахр аль-Гамиди (р.а.) риваят кылган хадистин уландысында: «Пайгамбарыбыз ﷺ аскер тобун же кошуунду жортуулга жөнөтө турган болсо, аларды күндүн башында, эртең менен эрте жөнөтчү. Сахр соодагер адам эле. Ал да соодасын эртең менен эрте баштачу. Натыйжада байып, мал-мүлкү көбөйдү». Булак: Абу Дауд, 🌸 Хадистен ала турган сабагыбыз: Таңкы убакытты текке кетирбейли. Күндү намаз менен баштап, Аллахты зикир кылып, пайдалуу иштерге эрте киришели. Таңкы убакыт — ибадатка, илим алууга, эмгек кылууга жана жакшылык жасоого берилген баалуу мүмкүнчүлүк. Аллахым, ар бир таңыбызды берекелүү, жүрөгүбүздү ыймандуу, иштерибизди кайырлуу кыла көр! Аамиин! 🤲
Open in Telegram✨Бүгүнкү ыйык жума күнү түшкөн берекелүү жамгыр тамчыларына катылган жүрөгүмдөгү дубаларымды кабыл кыл, оо Раббым. Жамгыр жерге ырыскы алып келгендей, бүгүнкү жума күндүн урматына кылган ар бир жүрөккө катылган дубаларды кабыл кылып, ар тараптан ырыскысын мол кылып жаадыр оо, Раббым!Омиин.. 🌹Жума маарек болсун жакшылар! 🧕🏻Насиба Абдуллаева
Open in Telegram🥹ЖЕТИМДИШ ЖАШТАГЫ ЭЖЕНИН КАТЫ... ЖҮРӨГҮМДҮ ТОЛКУНДАТТЫ... ⠀ Кат куржунума жашы жетимишке чамалап калган бир эже мындай деп жазыптыр: ⠀ «Кызым, сенин “Эртең дебе” китебиңди окуп, көзүмдөн жаш токтобой, ыйлап отурам. Жетимиш жылга жакын убакыт намазга кайдыгер карап, бирде окуп, бирде окубай жүрүптүрмүн. ⠀ Китебиңди окуган сайын ар бир темасынан, ар бир дубасынан өзүмө сабак алып, көп нерсени түшүнө баштадым. Жүрөгүм Аллахка болгон ишеним менен толуп, өзүмө: “Кантип Аллахтын алдына жооп берем? Өмүрүмдүн канчасы өтүп кетти? Эми дагы эмнени күтүп жүрөм?” деген суроолорду бере баштадым. ⠀ Сага чоң рахмат, кызым! Беш убак намазга бекем туруума себепчи болдуң. Китебиңди дайыма көзүмө көрүнгөн декчеме коюп койгом. Ар бир караганымда мага: «Эртең дебе!» деп эскертип турат...» ⠀ Бул катты окуп, көзүмө жаш келди... ⠀ Кээде бир китептин канча нускада сатылганы эмес, канча жүрөккө жеткени маанилүү экен. ⠀ Бир адамдын намазга кайтып келишине, бир жүрөктүн ойгонушуна, бир пенденин да жашоосу өзгөрүп, Аллахка жакындашына себепчи болуу — автор үчүн эң чоң бакыт эмеспи?! ⠀ Мен китеп жазганда ар бир окурманымдын жүрөгүнө кичинекей болсо да жакшылыктын үрөнүн сепсем деп тилегем. ⠀ Аллахым, ушул эжебиздин тообосун кабыл кылып, намазын бекем, өмүрүн берекелүү кылсын! Бизди да Өзүнө жакын пенделеринен кылсын! ⠀ «Эртең дебе!» Анткени эртең бизге убада кылынган эмес. Ал эми бүгүн — тообо кылууга, намазга турууга жана жакшылыкка кадам таштоого берилген мүмкүнчүлүк. ⠀ Китептин автору: Насиба Абдуллаева ⠀ https://chat.whatsapp.com/Lc4vFSzrsYB4bEfCcFzXp1?s=sw&p=a&mlu=4&ilr=4&iam=2
Open in TelegramАссаламу алайкум! ⠀ 📚 Насиба Абдуллаеванын «Эртең дебе» китеби кайрадан сатыкка чыкты! ⠀ Акыреттеги эң чоң өкүнүчтөрдүн бири — бүгүн намазга чакырып, жакшылыкка үндөп, ыйманга жетелебей койгон жакындарыбыз үчүн өкүнүү эмеспи... ⠀ «Эртең дебе!» Анткени эртең бизге насип болоруна эч ким кепилдик бере албайт. ⠀ Бул китептин ар бир барагында үмүт, сабак, ой толгоо, жүрөккө жеткен эскертүү жана жашоого болгон ишеним камтылган. ❤️ ⠀ Китепти «эртең», «анан», «убакыт болгондо» деп жүргөн жакындарыңызга белек кылыңыз! Өзүңүз да окуңуз, жакындарыңызга да окутуңуз. ⠀ Балким, бүгүн берилген бир китеп кимдир бирөөнүн жашоосунда чоң өзгөрүүгө себеп болор... ⠀ Келгиле, акыретте да жакындарыбыз менен бирге болууга себеп боло турган жакшылыктарды бүгүнтөн баштайлы! ⠀ 📖 Китепти сатып алуу үчүн WhatsApp группабызга кошулуңуздар! ⠀ https://chat.whatsapp.com/Lc4vFSzrsYB4bEfCcFzXp1?s=sw&p=a&mlu=4&ilr=4&iam=2
Open in TelegramЖашоомдо жолуккан инсандардын арасынан инсандык бийик сапаттарын сөзү менен эмес, иши менен далилдеп, жакшылыкты жашоосунун маңызына айландырган адамдар тууралуу жазбай коюуга болбойт экен... ⠀ «Насиба, мага китептериңден 30 даана салып жибер», — деп жазган билдирүүсүнөн башталган тааныштыгыбыз бүгүнкү күнгө чейин уланууда. Ошондон бери анын жасаган жакшылыктарына күбө болуп келем. ⠀ Китептеримдин ар бир жаңы басылышынан 50–100 даанадан сатып алып, бир туугандарына, жакындарына, досторуна белек кылып келет. Ал гана эмес, өзү иштеген «Бизмарт» соода-маркетинг борборуна да китептеримди жайгаштырып, кардарларга бекер таратып, китеп аркылуу адамдардын жүрөгүнө жакшылыктын үрөнүн себүүгө аракет кылат. ⠀ Өзү ишкер, бизнесмен. Ошол эле учурда социалдык тармактарда дин, соода жана башка пайдалуу багыттарда блог жүргүзүп, элге керектүү маалыматтарды бөлүшүп, пайдалуу иштерге үндөп келет. ⠀ Анын мага өзгөчө таасир калтырган сапаттарынын бири — соодасынын берекесин садака менен байланыштырып алганы. Тапкан кирешесинин 10–20 пайызын жакшылыкка арноону максат кылып, атайын тизмелерди түзүп, муктаж үй-бүлөлөргө, мага окшогон оорулуу инсандарга жардам берип келет. ⠀ «Сен кумурскадан да үлгү алып, андан бир нерсе үйрөнө алсаң, ал сенин устазың болот», — дегендей, ар бир адамдан үйрөнө турган жакшы сапат бар. Ошондуктан мен аны сыймыктануу менен «устазым, агам» деп атайм. ⠀ Үч уул, үч кыздын атасы. Учурда Ислам университетинде сырттан билим алып, илимге умтулуп келет. Ар бир күнүнүн өз планы, ар бир саатынын максаты бар. Убакытты текке кетирбөөгө, бүгүнкү күндү кечээгиден пайдалуураак өткөрүүгө аракет кылат. ⠀ Пайгамбарыбыз Мухаммеддин ﷺ сүннөттөрүн бекем карманып, ошол асыл жолду балдарына да үйрөтүп, тарбияны сөз менен эмес, жеке үлгүсү менен көрсөтүп келет. ⠀ Таң намазына балдарын ойготуп, ден соолукту чыңдоо максатында күн сайын чогуу чуркоону адатка айландырышкан. ⠀ «Мен кандай болсом, балдарым да ошондой болот», — деген түшүнүк менен жашайт. Анткени бала ата-энесинин айткан сөзүнөн да, жасаган ишинен көбүрөөк үлгү алат эмеспи. Ата-эненин эң чоң мурасы — балдарына калтырган байлыгы гана эмес, аларга көрсөткөн туура жол, берген тарбия жана калтырган жакшы үлгүсү. ⠀ Менимче, чыныгы байлык чөнтөгүңдө калган же үйүңдө сакталган акчада эмес, башкаларга берген акчаңда. Чөнтөгүңдөгү акча бир күнү түгөнөт, ал эми жакшылык үчүн берген акчаң сооп болуп көбөйөт. ⠀ Чыныгы ийгилик — канча бийиктикке көтөрүлгөнүңдө эмес, ошол бийиктиктен туруп канча адамга кол сунганыңда. ⠀ Инсан болуп төрөлүү — насип, ал эми инсан болуп жашоо — ар бирибиздин тандообуз! ⠀ Бул менин устазды сырттан гана билгеним. Аллахым, кылып жаткан жакшылыктарыңызды кабыл кылып, соодаңызга береке, үй-бүлөңүзгө тынчтык, илимиңизге пайда, өмүрүңүзгө жакшылык берсин! ⠀ Жакшылык кылган колдор эч качан куру калбасын! ⠀ 🧕🏻Насиба Абдуллаева ⠀ https://chat.whatsapp.com/BFFN6BL1seK3hWXTdRXqce?s=cl&p=a&mlu=4&ilr=4&iam=2
Open in Telegram