Account

Posts of «Азаттык» радиосу

newest first

#14554Link preview
Views205−55%vs avg
Forwards—
Reactions—
Comments—
#14553Link preview
Views245−47%vs avg
Forwards—
Reactions4
Comments—
#14552Video
Views253−45%vs avg
Forwards—
Reactions2
Comments—
#14551Link preview
Views348−24%vs avg
Forwards—
Reactions—
Comments—
#14550Link preview
Views359−22%vs avg
Forwards—
Reactions3
Comments—
#14549Text
Views373−19%vs avg
Forwards—
Reactions2
Comments—
#14548Link preview

Мигрант ата-энеге талапты күчөтүү сунушталды Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги эмгек миграциясында жүргөн жарандарды балдарын табыштап кеткен жакындары менен юридикалык жактан камкорчулук боюнча келишим түзүүгө милдеттендирүүнү карап жатат. Бул тууралуу министр Алмаз Имангазиев 24-ноябрда Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында билдирип, мындай чара мигрант ата-эненин жоопкерчилигин күчөтүү максатында экенин тактады. “Балдарын чоң ата-чоң энесине, туугандарына калтырганда көп балдарга туруктуу көзөмөл болбой, алар кылмышка барып же балдардын өзүнө карата камкорчулардан мыйзам бузуу болгон фактылар орун алып жатат”, - деди Имангазиев. Кыргызстанда мигранттардын жакындарынын колунда калган балдары 84 миңди түзгөнүн эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Мирлан Байгончоков 24-апрелде парламенттеги “Ишеним” депутаттык тобунун жыйынында билдирген. @azattyk_radiosu

Open in Telegram
Views397−13%vs avg
Forwards—
Reactions—
Comments—
#14547Link preview

Элдар Жакыпбеков коюлган айыпка макул эместигин адвокаты билдирди 23-ноябрда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Бишкек башкармалыгынын мурдагы башчысы Элдар Жакыпбеков менен УКМКнын мурдагы кызматкери Сыдык Дүйшөмбиевге (ред: каймана аты Пито) козголгон кылмыш иши боюнча алгачкы отурум өттү. Бул процессте алдын ала угуу болду, кийинки отурум 4-декабрга белгиленди. Процесстен кийин Жакыпбеков коюлган айыптарды мойнуна албай турганын адвокаты Эмил Макешов журналисттерге билдирди. “Азаттыктын” кабарчысынын: “Жакыпбеков кылмыш ишин Ташиевге байланыштырабы? Коомчулукта ал учурунда УКМКнын мурдагы төрагасынын жакын кадрларынын бири деп сыпатталып жатат”,-деген суроосуна: “Мындай байланыш тууралуу айыбы угузулган эмес. Андай маселе каралган жок”, - деди Макешов. Аскер прокуратурасы аларга Кылмыш-жаза кодексинин “Коррупция” беренеси менен кылмыш ишин козгогон. @azattyk_radiosu

Open in Telegram
Views416−9%vs avg
Forwards—
Reactions—
Comments—
#14546Link preview
Views441−4%vs avg
Forwards—
Reactions3
Comments—
#14545Link preview

"Агалардан чарчадык". Азербайжан менен Борбор Азиянын алакасы Баку соңку кезде Борбор Азия менен жигердүү кызматташууда. Азербайжан аймак лидерлеринин консультативдик жолугушууларынын толук укуктуу катышуучусу болуп, 2027-жылы бул форматты биринчи жолу жетектейт. Баку Кыргызстан менен өнөктөштүк келишимге жана Өзбекстан менен түбөлүк достук жөнүндөгү келишимге кол койду, биргелешкен инвестициялык фонддорду түздү. Азербайжандык бизнес бул чөлкөмдө ар кандай долбоорлорду өнүктүрүүдө, ал эми сентябрда Баку теги өзбекстандык орусиялык олигарх Алишер Усмановго салынган Евробиримдиктин санкцияларын алууга байланыштуу окуяга аралашып калды. Мунун баары башкы өнөктөшү - Түркия менен мамилеси сууп кеткен тушта болуп жатат. Бул мамилелерди жакындатуу артында эмне турат - жаңы рыноктор менен соода жолдорубу, саясий элиталардын кызыкчылыгыбы же "улуу агалардын" таасиринен арылуу умтулуубу? @azattyk_radiosu

Open in Telegram
Views480+5%vs avg
Forwards—
Reactions3
Comments—
#14544Link preview

Таласта сегиз киши 26 жаштагы жаранды сабоого шек саналып кармалды Талас шаарында 21-ноябрга караган түнү көчөдө бир адамды сабоого шектелип сегиз жаран кармалды. Бул тууралуу Талас облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. 20-ноябрда болжол менен түнкү 12лер чамасында топ балдар алдын ала даярданып А.Ш. аттуу жаранды көчөдөн кармап, темир, жыгач менен сабаганы аныкталган. Жергиликтүү милиция тергөөгө чейинки текшерүү иштерин жүргүзүп, Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (“Бейбаштык”) боюнча кылмыш ишин козгогон. Шектүү катары Талас шаарынын тургундары 1995-жылы туулган Д.Б., А. Д., Б.А., М.К., Ч.Ж., К.А., Ш.А. жана 1994-жылы туулган Н.Т. аттуу жарандар кармалып, милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда Талас шаардык милициясы тергөө иштерин жүргүзүп жатканы маалымдалды. Мунун алдында социалдык тармактарга Талас шаарында бир кишини топ жарандар кармап, сабап жатканы тартылган видео тараган. Анда белгисиз адамдар темир, жыгач менен катуу сабап жатканын, кийин аны автоунаага салууга аракет кылганын байкоого болот. https://www.azattyk.org/a/33903429.html

Open in Telegram
Views510+11%vs avg
Forwards—
Reactions3
Comments—
#14543Link preview
Views585+28%vs avg
Forwards—
Reactions4
Comments—
#14542Link preview
Views587+28%vs avg
Forwards—
Reactions—
Comments—
#14541Link preview

"Соцтармактагы ар бир адам үчүн кооптуу белги". Молдалиев иши, эл аралык уюмдар камтамасы Кыргызстанда социалдык түйүндүн колдонуучусу камалган окуяга байланыштуу соңку күндөрү эки ири эл аралык абройлуу укук коргоо уюму тынчсыздануусун билдиришти. Фейсбукта «Клооптун» макаласын бөлүшкөн деп сот Бактыбек Молдалиевди үч жылга соттогон. Бийлик өлкөдө сөз эркиндиги бар экенин айтууда. Молдалиев Кыргызстанда "экстремисттик деп таанылган медианын материалын бөлүшкөн" деп соттолгон алгачкы адам болуп калды. Коюлган айыптарды ал четке кагып, мыйзам бузбаганын айтып келет. Укук коргоочулар соттун бул чечими тынчсыздандырган көрүнүш экенин белгилеп жатышат. Алардын айтымында, мындай чечим сөз эркиндиги жана маалымат таратуу укугу боюнча кооптуу прецедент жаратышы мүмкүн. Кыргызстандын бийлиги 2025-жылы журналисттик эркин иликтөөлөрдү жүргүзүп келген «Клооп», «Темиров LIVE» жана «Айт Айт Десе» медиаларын экстремисттик деп тааныган. @azattyk_radiosu

Open in Telegram
Views584+28%vs avg
Forwards—
Reactions4
Comments—
#14540Link preview
Views588+28%vs avg
Forwards—
Reactions1
Comments—
#14539Link preview
Views560+22%vs avg
Forwards—
Reactions3
Comments—
#14538Link preview
Views606+32%vs avg
Forwards—
Reactions1
Comments—
#14537Link preview

‼️Бишкекте “Нур Умра” компаниясынын жетекчиси кармалды Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы борбордо кичи ажылык зыяратын уюштуруудагы алдамчылык иши боюнча “Нур Умра трэвел” туристтик компаниясынын жетекчиси кармалганын билдирди. Шаардык милициянын маалыматына ылайык, социалдык тармактарга жүргүзүлгөн мониторингдин учурунда Кыргызстандын 100дөн ашык жараны Ташкент шаарынан кичи умра зыяратына уча албай калганы аныкталган. Текшерүүдө кыргыз жарандары зыяратка баруу үчүн жолдомолорду “Нур Умра трэвелден” сатып алышканы такталган. “Алдын ала маалыматтарга караганда, туристтик компания зыяратчыларды умра тиркемесине тиешелүү каттоодон өткөрбөстөн, Өзбекстандын аймагы аркылуу сапарга чыгарган. Мындан тышкары, социалдык тармактарга тараган видео кайрылууда жарандар компаниянын жетекчиси сапарды улантуу үчүн ар бир адамдан кошумча 100 АКШ долларынан талап кылгандыгын билдиришкен. Ошондой эле буга чейин Кыргызстандын мусулмандарынын дин башкармалыгы тарабынан зыярат сапарларын уюштурууда аныкталган мыйзам бузуулар боюнча аталган компанияга карата эки акт түзүлгөндүгү белгилүү болгон”, - деп айтылат маалыматта. @azattyk_radiosu

Open in Telegram
Views555+21%vs avg
Forwards—
Reactions4
Comments—
#14536Text
Views491+7%vs avg
Forwards—
Reactions3
Comments—
#14535Link preview
Views576+26%vs avg
Forwards—
Reactions1
Comments—