2026-жылдын 25-ноябрында Улуттук банктын Баткен областындагы өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери Кадамжай районунун, А.Масалиев айылындагы №15 С.Айни атындагы жалпы билим берүү мектебинин окуучуларына «Финансылык сабаттуулук» темасы боюнча лекция өткөрдү.
Лекциянын жүрүшүндө Улуттук банктын өкүлдөрү катышуучуларга акча каражаттарын туура колдонуу жана сарптоо, финансыны пландаштыруу, финансылык максат коюу, үй-бүлөлүк жана жеке бюджетти түзүү, финансыларды мүмкүн болуучу тобокелдиктерден коргоо тууралуу маалымат беришип, ар кандай финансылык маселелер боюнча түзүлгөн кырдаалдарды талдап чыгышты.
Мындан тышкары, Кыргыз Республикасында QR-кодду колдонууну өнүктүрүү боюнча иш-чаралар, QR-коддордун улуттук стандарттары жана эки өлчөмдүү штрих-код белгилерин (QR-код) колдонуу менен төлөө эрежелери тууралуу маалымат берилди.
Лекторлор финансыларды мүмкүн болуучу тобокелдиктерден коргоо маселелерине өзгөчө көңүл бурушту: алар кредит алууга өзүнө-өзү тыюу салуу, дропперлик, финансылык пирамидалар жана киберкылмыштуулуктун башка түрлөрү сыяктуу темаларды кеңири талдап чыгышты.
*** *** ***
25 ноября 2026 года сотрудники Представительства Национального банка Кыргызской Республики в Баткенской области провели лекцию «Финансовая грамотность» для школьников общеобразовательной средней школы №15 имени С.Айни в с. А.Масалиева, Кадамжайского района.
В ходе лекции представители Национального банка рассказали о разумном использовании и трате денег, финансовом планировании, постановке финансовых целей, составлении семейного и личного бюджетов, а также провели разбор ситуаций по различным финансовым вопросам.
Помимо этого, была представлена информация о мероприятиях по развитию
QR-кодов в Кыргызской Республике, национальных стандартах QR и правилах проведения платежей с использованием двухмерных символов штрихкода (QR-кода).
Особое внимание лекторы уделили защите финансов от возможных рисков: они подробно разобрали такие темы, как самозапрет на получение кредитов, дропперство, финансовые пирамиды и другие виды киберпреступности.