Динамика просмотровСкрыть динамику
Рост просмотров
Часов после публикации
Показать таблицей
| Часов после публикации | Просмотры |
|---|---|
| 0 ч | 0 |
| 4 ч | 121 |
| 6 ч | 142 |
- Через 6 часов142
- Всего сейчас142
Часов после публикации
| Часов после публикации | Просмотры |
|---|---|
| 0 ч | 0 |
| 4 ч | 121 |
| 6 ч | 142 |
КФБ ЖАНА АГА ТИЕШЕЛҮҮ ФУТБОЛ ТҮЗҮМДӨРҮНҮН ЖАМААТЫ «МАНАС ТААНУУ» ПРОГРАММАСЫНА КАТЫШТЫ 25-ноябрь күнү КФБнын спорт комплексинде Кыргыз футбол биримдигинин жана ага тиешелүү футбол түзүмдөрүнүн кызматкерлери үчүн «Манас» эпосун таанытуу программасы өткөрүлдү. Аталган иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 22-апрелиндеги №126 «Кыргыз элинин баа жеткис руханий мурасы – «Манас» эпосунун үчилтигин ар тараптан изилдөө жана популярдаштыруу боюнча кошумча чаралар жөнүндө» жана 2024-жылдагы №369 «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» улуттук уңгужолун ишке ашыруу боюнча жарлыктарынын алкагында уюштурулду. «Манас» улуттук академиясы тарабынан демилгеленген долбоордун негизги максаты - мамлекеттик органдардын жана мамлекет менен тыгыз кызматташтыкта иштеген уюмдардын жетекчилерине жана кызматкерлерине «Манас» эпосунун маданий-руханий жана агартуучулук маанисин кеңири таанытуу, улуттук мураска болгон кызыгууну арттыруу. Программанын алкагында катышуучулар үчүн «Манас» эпосу боюнча тренинг-лекция өткөрүлүп, Академия тарабынан тартылган даректүү тасмалар көрсөтүлдү. Ошондой эле иммерсивдүү музейлердин ишмердүүлүгү менен тааныштыруу, Академия тарабынан басылып чыккан китептерди таанытуу жана тапшыруу иш-чаралары уюштурулду. Иш-чара алкагында Кыргыз футбол биримдигине уюштууручулар тарабынан «Манас» эпосуна тиешелүу бир нече китептер өткөрүлуп берилди. Иш-чаранын жүрүшүндө КФБнын жана ага тиешелүү футбол түзүмдөрүнүн кызматкерлери кыргыз элинин руханий мурасы, улуттук баалуулуктар жана «Манас» эпосунун коомдогу орду тууралуу маалымат алышты. #kfu_kg
Открыть в TelegramЧасов после публикации
| Часов после публикации | Просмотры |
|---|---|
| 0 ч | 0 |
| 4 ч | 135 |
| 6 ч | 159 |
Часов после публикации
| Часов после публикации | Просмотры |
|---|---|
| 0 ч | 0 |
| 4 ч | 95 |
| 6 ч | 115 |
2026-ЖЫЛЫ КФБ УЛУТТУК ТУРНИРЛЕРДИН БАЙГЕ ФОНДУН КЫЙЛА КӨБӨЙТТҮ Кыргыз футбол биримдигинин Аткаруучу комитети 2026-жылкы футбол сезонунун башында, өлкөдөгү негизги футболдук клубдук мелдештердин байге фондун жогорулатуу чечимин кабыл алды. Бул максатта 2026-жылы КФБ тарабынан 495 000 АКШ доллары бөлүндү. КФБ эгидасы алдында өткөн негизги футбол турнирлерине сыйлыктарды бөлүштүрүү тартиби төмөндөгүдөй болду: ✔️ Кыргыз Республикасынын Жогорку лига клубдары арасындагы чемпионатынын жалпы байге фонду 220 000 долларды түздү. Чемпион болгон командага 100 000 доллар, экинчи орунду алган командага 70 000 доллар, ал эми үчүнчү орунга татыган командага 50 000 доллар ыйгарылды. ✔️ Кыргыз Республикасынын Кубогу — 70 000 доллар (кубок ээси үчүн). ✔️ Кыргыз Республикасынын Суперкубогу — 50 000 доллар (Суперкубок ээси үчүн). ✔️ Жогорку лиганын клубдарынын экинчи курамдары арасындагы чемпионаты — жалпы байге фонду 100 000 доллар. Биринчи орун — 50 000 доллар, экинчи орун — 30 000 доллар, үчүнчү орун — 20 000 доллар. ✔️ Кыргыз Республикасынын Жаштар лигасынын чемпионаты — жалпы байге фонду 55 000 доллар. Биринчи орун — 25 000 доллар, экинчи орун — 15 000 доллар, үчүнчү орун — 10 000 доллар, төртүнчү орун — 5 000 доллар. Өткөнкү жылдар менен салыштырсак, КФБ тарабынан байге фонду биринчи жолу 2024-жылы уюшулуп, ал 100 000 АКШ долларын түзгөн, 2025-жылы ал 230 000 АКШ долларына чейин көбөйгөн. Белгилесек, бул жылы алгачкы ирээт байге фонду Жогорку лиганын клубдарынын экинчи курамдары арасындагы чемпионатынын жана Кыргыз Республикасынын Жаштар лигасынын чемпионаты үчүн каралды. Бул демилге улуттук кесипкөй командалар арасындагы турнирлердин аброюн көтөрүүгө, атаандаштыкты күчөтүүгө жана футбол клубдарын кошумча шыктандырууга багытталган. #kfu_kg
Открыть в TelegramЧасов после публикации
| Часов после публикации | Просмотры |
|---|---|
| 0 ч | 0 |
| 22 ч | 224 |
| 25 ч | 228 |
Часов после публикации
| Часов после публикации | Просмотры |
|---|---|
| 0 ч | 0 |
| 22 ч | 205 |
| 25 ч | 208 |
Кыргыз футбол биримдигинин калыстары жана калыс жардамчыларынын катышуусунда өтүп жаткан FIFA MA VAR семинарынын көз ирмемдери 🎥 #kfu_kg
Открыть в TelegramЧасов после публикации
| Часов после публикации | Просмотры |
|---|---|
| 0 ч | 0 |
| 22 ч | 206 |
| 25 ч | 209 |
КЫРГЫЗ ПРОФЕССИОНАЛДЫК ФУТБОЛ ЛИГАСЫ ЖЫЛДЫН МЫКТЫЛАРЫН АНЫКТАДЫ 24-ноябрь күнү Кыргыз профессионалдык футбол лигасынын жыл жыйынтыгы боюнча мыктыларды сыйлоо аземи орун алды. Салтанаттын жүрүшүндө Жогорку Лиганын, Жаштар лигасынын, Жогорку Лиганын экинчи курамдарынын чемпионатынын жана Биринчи лиганын мыкты оюнчулары, машыктыруучулары, футболдук клубдардын өкүлдөрү, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү жана футбол тармагына салым кошкон инсандар сыйланышты. Сезондун жыйынтыгы боюнча жеңүүчүлөр төмөнкү номинациялар боюнча аныкталды. ✔️Жаштар лигасынын мыктылары: Жаштар лигасынын 2026-жылдагы мыкты дарбазачысы — Исхак Жангазиев («Илбирс» футбол клубу). Жаштар лигасынын 2026-жылдагы мыкты машыктыруучусу — Замир Жумагулов («Дордой» футбол клубу). Жаштар лигасынын 2026-жылдагы мыкты оюнчусу жана бомбардири — Актан Ишенбеков («Дордой» футбол клубу). ✔️Жогорку Лиганын экинчи курамдарынын чемпионатынын мыктылары: Жогорку Лиганын экинчи курамдарынын чемпионатынын 2026-жылдагы мыкты дарбазачысы — Роман Жаныбек уулу («Талант» футбол клубу). Жогорку Лиганын экинчи курамдарынын чемпионатынын 2026-жылдагы мыкты бомбардири — Амантур Исаков («Дордой» футбол клубу). Жогорку Лиганын экинчи курамдарынын чемпионатынын 2026-жылдагы мыкты машыктыруучусу — Рустам Ахунов («Талант» футбол клубу). Жогорку Лиганын экинчи курамдарынын чемпионатынын 2026-жылдагы мыкты оюнчусу — Тимур Амиров («Талант» футбол клубу). ✔️Атайын сыйлыктар: Мыкты күйөрман — Талантбек Халжигитов. Жылдын мыкты маркетологу — «Алай» футбол клубу. Жылдын мыкты медиасы - «Бишкек Сити» футбол клубу. Жалпыга маалымдоо каражаттарынын мыкты өкүлү — Адилет Керимбек уулу. Мыкты комиссар — Азамат Мажитов. Мыкты директор — Бекжан Мамырәлиев («Нефтчи» футбол клубу). Мыкты менеджер — Канимет Аралбаев («Барс» футбол клубу). ✔️Клубдук сыйлыктар: Жылдын ачылышы — «Азия» футбол клубу. Жылдын жылышы — «Алга» футбол клубу. Мыкты клуб — «Барс» футбол клубу. Мыкты уюштуруучу — «Илбирс» футбол клубу. ✔️Жогорку Лиганын мыктылары: Жогорку Лиганын 2026-жылдагы мыкты дарбазачысы — Артём Прядкин («Бишкек Сити» футбол клубу). Жогорку Лиганын 2026-жылдагы мыкты бомбардири — Николай Агапов («Азия» футбол клубу). Жогорку Лиганын 2026-жылдагы мыкты жаш оюнчусу — Сирожиддин Астанакулов («Өзгөн» футбол клубу). Жогорку Лиганын 2026-жылдагы мыкты машыктыруучусу — Надыр Мамадалиев («Өзгөн» футбол клубу). Жогорку Лиганын 2026-жылдагы мыкты оюнчусу — Эрбол Атабаев. Белгилесек, ар бир номинациянын жеңүүчүлөрүнө акчалай сыйлыктар тапшырылды. КПФЛ Awards — 2026 футбол сезонунун мыктыларын аныктап, кыргыз футболунун өнүгүшүнө салым кошкон инсандарды, клубдарды жана уюмдарды белгилеген маанилүү иш-чара болду.
Открыть в TelegramБИШКЕКТЕ VAR СИСТЕМАСЫ БОЮНЧА FIFA MA ОКУУ КУРСУ БАШТАЛДЫ 23-ноябрдан 27-ноябрга чейин Кыргыз футбол биримдигинин (КФБ) кеңсесинде футбол калыстары үчүн видеокөмөкчү калыстар системасы (VAR) боюнча окуу семинары орун алат. Семинарга республиканын бардык аймактарынан келген 35 адис катышууда. Алардын арасында 27 калыс жана калыстардын жардамчылары, 6 инструктор жана 2 VAR оператору бар. Окуу курсун өткөрүү үчүн Азия чөлкөмүндө белгилүү футбол боюнча экс-калыс жардамчысы, FIFAнын инструктору Али Ал-Траифи (Сауд Арабия) жана АФКнын инструктору Владислав Григорьевич Цейтлин (Өзбекстан) чакырылган. Бул VAR системасы боюнча Кыргызстанда биринчи жолу өткөрүлүп жаткан семинар болуп саналат. Окуу программасы теориялык жана практикалык бөлүктөрдөн турат. Теориялык сабактардын жүрүшүндө калыстар, инструкторлор жана операторлор VAR системасынын иштөө принциптери боюнча билимдерин жаңыртып, аны футбол беттештеринде колдонуунун өзгөчөлүктөрү менен таанышат. Ал эми практикалык бөлүктө футболчулардын катышуусунда ар кандай оюн кырдаалдары моделдештирилет. Бул катышуучуларга калыстар тобунун VAR системасы менен өз ара аракеттенүүсүн иш жүзүндө үйрөнүүгө жана алган теориялык билимдерин бекемдөөгө мүмкүнчүлүк берет. Аталган семинардын өткөрүлүшү калыстардын кесиптик деңгээлин жогорулатууга жана өлкө футболунда калыстыктын сапатын жакшыртууга чоң мааниге ээ.
Открыть в Telegram